БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Аскарбек Шадиев АКШ Конгресси тарабынан президент Барак Обаманын салттуу эртең мененки тамагына чакырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине парламенттин аппаратынан билдиришти.
Обама жыл сайын дүйнөнүн чар тарабындагы эл өкүлдөрү үчүн дасторкон жаят. Быйылкы иш-чара 3-февралга белгиленген.
Жогорку Кеңештен Акаев (КСДП фракциясы) АКШга парламенттеги көпчүлүк коалициясынын, ал эми Шадиев ("Бир Бол") оппозиция өкүлү катары жөнөтүлүүдө.
Акаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына бул маалыматты тастыктап, жакын арада Америкага уча турганын кошумчалады.