Кыргызстандын Маалыматтык саясат концепциясын иштеп чыга тургандар аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналисттер пресс-конфереция учурунда. Архив
Журналисттер пресс-конфереция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин долбоорду иштеп чыгып, президент аппаратынын кароосуна бериши керек.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Маалыматтык саясат концепциясын иштеп чыга тургандар аныкталды.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбека Атамбаев маалымат жыйыны учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйыны сүрөттөрдө
Шаршемби күнү президент аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов өлкөнүн маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыга турган эксперттик топ түзүү боюнча буйрукка кол койгон.

Эксперттер үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин долбоорду иштеп чыгып, президент аппаратынын кароосуна бериши керек.

Документ өзүнө маалыматты жайылтуу, сөз эркиндигинин принциптери жана маалымат коопсуздугунун бардык маселелерин камтышы керек.

Эксперттик топтун тизмеси:

  • Усенов Алмаз Туратбекович — Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнү башчысы, топтун жетекчиси;
  • Ахмедова Назира Махамаджановна — Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, топ жетекчисинин орун басары;
  • Темирбекова Айнура Кубанычбековна — Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, топ жетекчисинин орун басары;
  • Жумагулов Султан Жумагулович — Президенттик аппарат жетекчисинин кеңешчиси;
  • Дүйшенбиева Альбина Кабылбековна — Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн аналитикалык иш секторунун жетекчиси;
  • Кутнаева Нурия Асылбековна — Коргоо кеңешинин катчылыгынын инспектору;
  • Мамырканов Эрнис Турсункадырович — Транспорт жана коммуникация министринин орун басары;
  • Бекташев Чынгыз Акматович — Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору;
  • Сейткасымова Раушан Рыскулбековна — Улуттук банктын расмий өкүлү (макулдашуу боюнча);
  • Карыпбеков Илим Майрамбекович — Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
  • Суймалиева Динара Окиновна — "Мир" Эл аралык телерадиокомпаниясынын улуттук филиалынын директору (макулдашуу боюнча);
  • Таабалдиев Кубанычбек Абдыменович — "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
  • Мамбеталиева Таттуу Эмилбековна — "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук уюмунун директору (макулдашуу боюнча);
  • Усенова Бегайым Жолдошбековна — "Медиа полис институту" коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча);
  • Тынаев Азамат Жанузакович — көз карандысыз медиа эксперт (макулдашуу боюнча);
  • Любезнова Наталья Евгеньевна — "Интерфакс" маалымат агенттигинин кабарчысы, медиа эксперт (макулдашуу боюнча).

Жаңылыктар түрмөгү
0