Быйылкы маалымат жыйынга былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп журналист келди, алардын саны 130га чамалайт.
Үч саатка созулган маалымат жыйында мамлекет башчысы узап бараткан жылда эсте калган окуяларды эске салып, саясат, экономика, билим берүү, терроризм темалары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Президенттин маалымат жыйыны саат 10.30да башталды

Жыйын башталар алдындагы даярдык

Атамбаев жыйындар залына жаркылдап кирип келди

Өлкө башчысы эки жумадан бери сасык тумоо менен ооруп жатканын жашырган жок

Жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын эки саатка пландалганы менен үч сааттан ашык жүрдү

Мамлекет башчы узап бараткан жылда эсте калган окуялардын катарына парламенттик шайлоо, Кыргызстандын ЕАЭБге кириши, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясынын ишке киришин кошту

Өлкө башчынын маалымат жыйынына аймактардан жана чет жактардан келген ЖМКлардын 130дай журналисти катышты

Атамбаев Россия менен Түркиянын мамилесине жана ГЭСтерди курууну ишке ашыруунун жагдайлары боюнча кенен маалымат берди

Өлкө башчысы ошондой эле, калп менен чынды койгулаштырып жазган бир катар ЖМК өкүлдөрүн катуу зекиди

Ал ошондой эле президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин премьер-министр же төрага болуу оюнда жок экенин кошумчалады

Журналисттер учурда коомдун бүйүрүн кызытып, социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча суроолорун берди

Үч сааттан ашык созулган маалымат жыйында өлкө башчысы 43 суроого жооп берди.