БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин депутаттары келерки аптада төрт күнгө округдарга шайлоочулар менен жолугушууга кетет. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Эл өкүлдөрү 25-29-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарат. Бул боюнча кечээги жыйында парламентарийлер атайын токтом кабыл алышты.
Эс алуудан келгенден кийин депутаттар жумада — бир күн иштешет, регламент боюнча — ал күнү фракциялардын иштөө күнү. Ал эми ишемби, жекшемби эс алуу.