Австрия Сириядан эки миң качкынды кабыл алат

© REUTERS / Leonhard FoegerМигранттар Австрияга кетүүчү автобуска отуруп жатышат
Мигранттар Австрияга кетүүчү автобуска отуруп жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак Улуу Британия Сириядан качкындарды кабыл ала тургандыгын билдирген.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Австриянын полициясы өлкөнүн чек арасына Венгрия тараптан жакындап келген эки миңдей качкынды кабыл алышарын билдиргенин жана кечке чейин келгендердин саны эки эсе көбөйүшү мүмкүндүгүн Рейтер агенттиги кабарлайт. 

"Биз качкындарды алып чыгып кетишибиз үчүн Будапешт өз жерине бизди автобустарды киргизбей жатышы эң чоң кыйынчылык жаратып жатат. Аларга качкындарды түздөн-түз поездге же качкындарды жайгаштырчу жерге (Австралия тараптагы) алып жеткирип бергиле деп сунуштаганбыз, бирок алар автобустарды жөн эле Венгрия тарапка токтотуп коюшту, эми баары жаанда сыртка чыгышы керек", — дейт Австралиянын Бургенланд провинциясындагы полиция башчысы Ханс Питер Доскозил (Hans Peter Doskozil).

Анын айтымында, жакында Венгрия менен чектеш Никкельсдорф деген жерден Венага атайын эки поезд мигранттарды алып жөнөшү керек.

Сууга чөгүп кеткен сириялык баланын атасы: баары менин көз алдымда болду
Мурдараак Австриянын чек арасына венгр бийлиги өлкөдөн кетүүнү каалаган качкындарды жеткирүү үчүн берген автобустары келе баштаганы кабарланган. Австриянын Кызыл Крести качкындарды кабыл алуучу борборго 1,5 миң баш калка издегендер күтүлүп жатканын билдирген. Чек арага жакындагандардын так саны айтылган эмес. 

Автсриянын федералдык канцлери Вернер Файман жума күнү Австрия менен Германия өз жерине Жакынкы Чыгыштан миңдеген качкындарды кабыл алууга макул болгонун маалымдаган. Мындай билдирүүнү саясатчы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдин "макулдугу менен" жасаган.

2015-жылдын башынан бери Европа биримдигинин аймагына 350 миңге жакын мигрант келди. Эксперттердин пикиринде, мыйзамсыз мигранттарга байланышкан кырдаал ЕБ өлкөлөрүндө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки түзүлгөн эң жаман кырдаал болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0