Төө буурчак чуусу & Омар – ар кимдин өз чындыгы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Өмүрбек Жанышев (Омар). Архив
Ырчы Өмүрбек Жанышев (Омар). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таластык ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, анын акчасын эмдигиче бере элек деп, Кылмыш жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча шектелген Омар жана төө буурчактын ээси Болот Бейшеналиев окуянын өнүгүшү боюнча өз пикирин билдирди.
Төө буурчак чуусу Омар – ар кимдин өз чындыгы бар

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Омар каймана аты менен таанымал ырчы Өмүрбек Жанышев алдамчылыкка шектелип кармалып, 22-июлда Талас райондук соту аны бир ай камакка алуу чечимин чыгарган. 3-августта Омардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды караган Талас облустук соту тергөө аяктаганга чейин сыртка чыкпоо жөнүндө өкүм чыгарып, ырчыны бошоткон.

ОТРК имаратынын алдында кол чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Омар таанышы менен дыйкандан ири көлөмдө төө буурчак алганы аныкталды
ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, Талас районунун тургуну Болот Бейшеналиев укук коргоо органдарына кайрылып, Бакай-Ата районунун тургуну Нуржан Токтогулов жана Өмүрбек Жанышев (Омар) андан 40 тонна төө буурчакты "акчасын кийин беребиз" деп алышканын айтып, бирок акчасын кайтарып бере электигин билдирген. Аталган факты боюнча 2015-жылдын апрель айында Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. 21-июлда шектелип жаткан Токтогулов кармалып, убактылуу кармоо жайына бир айга камакка алынган. 

Омар окуянын чоо-жайы боюнча Sputnik агенттигине айтып берди.

Ырчынын сөзүнө караганда, жогоруда аты аталган Нуржан Токтогулов менен Болот Бейшеналиев таеке-жээндерден болот. 2014-жылы 2-июнда Нуржан өзүнүн таекесинен күзүндө төлөп берем деп сөз берип 40 тонна төө буурчак алган. Бирок бул тууралуу ырчыга чалып айтышкан эмес. 

"Бул жерде туугандардын эле иши болуп жатат. Таекеси жээнинен акчасын ала албай калган. Мени ортого жөн эле аралаштырышты. Эгер мен чын эле алган болсом, өзүмдүн аброюмду түшүрбөйт элем. Аны мурда эле бүтүрүп, төлөп коймокмун. Себеби анча акча төлөгөнөг мүмкүнчүлүгүм бар", — дейт Омар.

Учурда ырчынын тааныштары жана достору 40 миң доллар чогултуп, жаманатты болбой кутулчу деп жатканын Омар белгиледи. Бирок ырчы албаган акчаны төлөбөй турганын айтууда.

Токтогулов үч айда үч машина алмаштырганга жетишкенин айылдаштары айтып жатканын ырчы белгиледи.

"Эми карабайсыздарбы, велосипеди жок бала, үч айдын ичинде үч машина алмаштырып жүрөт. Айылда акчаны уучтап жүргөнүн эл айтып жатат. Ал төө буурчак эгип, күз келгенде аны сатып кутулуп коём деп ойлогон. Ошол жылы кар эрте түшүп, түшүм кар алдында калгандыктан, эл чыгымга учураган", — дейт Омар.

Ал Нуржандын таекесине аны коргоп, ишеничтүү бала экенин айтканын танбайт. 

"Таекеси Бишкекке келгенде мен "Нуржан акчаны берет, кам санабаңыз, ал ишенимдүү эле бала" деп айткам. Болот байке "Омар, сен акчаны алганга тиешең болсо, кел отур, сүйлөшөлү, тиешең жок болсо кете бер" дегенинен мен кетип калгам. Иштин жайын айтканда жээнинен акчасын ала албай калган Болот Бейшеналиев Нуржанды кыйнап туруп, жарандык ишти кылмыш ишине жеткирип, ага мени кошуп жатышат", — дейт ырчы.

Ошондой эле Омар аны Таласта төө буурчак айдап иштеген деген маалыматты четке кагып, "мен Бишкекте болсом, Таласка келип кантип төө буурчак айдамак элем" дейт. Ал болгону Таласта төө буурчак алып иштеген фирманын жетекчилерин тааныгандыктан алар менен сүйлөшүп, айылдыктарын жумушка киргизип койгонун белгиледи. 

Ар кимдин өз чындыгы бар

Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган Болот Бейшеналиев коомдун кызуу талкуусуна алынган иш боюнча өз пикирин билдирди. Ал 2013-жылы жыйнаган 40 тонна төө буурчагын 2014-жылы июнда Нуржанбек Токтогуловго 100 сомдон берген.

"Бизде ири көлөмдө төө буурчак бар экенин билип, "мага бергиле, акчасын 1-1,5 ай ичинде алып келип берем" деген. Ал Өмүрбек Жанышев менен чогуу иштешип жүргөнүн айткандыктан, сураштырып көрсөк, чын ошондой экен. Төө буурчак алган фирманын балдарына да чалсам, "ооба, алып келип өткөрүп жүрүшөт" деди. Апамды жана бир тууганымды көндүрүп коюптур, андыктан ага эле берели, кичине болсо да, пайда көрсүн дегенбиз", — дейт Бейшеналиев.

Анын айтымында, сүйлөшүү боюнча алар 2014-жылдын 16-августунда акчаны толук бермек. Бул каражатка алар Бишкек шаарындагы студент балдарына үй алып беребиз деп пландап жүрүшкөн. Бирок алар белгиленген мөөнөттө кутулбастан, убакытты 3-сентябрга жылдырган, кийин кайта октябрь айында кутулам деген. Убакыт кайта-кайта жыла бергендиктен, Бейшеналиев Омардын телефонун таап, ага чалган. Омар келип бардыгы жакшы болорун, тынчсызданууга негиз жок экенин билдирген.

"Байке, эч кам санабаңыз, эсептешебиз, Нуржанга мен кепил болом дегенден кийин тынчсызданбай калдым. Алардын айтканына көнүп дагы бир ай күттүм", — дейт Бейшеналиев.

Омар камактан бошотулду
Убакыт улам-улам жылып, түрдүү шылтоолорду айта баштагандыктан, Бейшеналиев төө буурчакты үйдөн жүктөп кеткен балдарды таап, сүйлөшкөн. Алар төө буурчакты жүктөп кеткендин кийин аны сатып алып, акчасын ошондо эле берип эсептешкенин айткан. Мындай күтүүсүз жоопту уккан Бейшеналиев жүрөк оорусу кармаганын белгиледи. Ал Токтогуловдун үйүнө келип сүйлөшкөн. Ал дароо Омарга чалып, карызынан кутула тургандыктарын айтышкан. Кийин алар Бишкектен жолугушканын Бейшеналиев кошумчалады. Эми акчаны 15-январда толугу менен бере тургандыктарын айтып, дагы күтүп туруусун өтүнүшкөн. Бирок белгиленген мөөнөт келгенде кайта түрдүү шылтоолорду айтышкан.

Бейшеналиевдин айтымында, Нуржан менен Омардын мындай куру убадаларынан тажагандыктан, Нуржандын туугандарын чогултуп, Омарга барып, ата-энесине айталы деп сунуштаган. Бирок Токтогуловдун туугандары Омардын туугандары менен сүйлөшкөнүн, Омар, эгер анын аты башка жактарга чыга турган болсо, эч нерсе бербейм дегенин билдиришкенин кошумчалады.

Алар карызынан 1-мартта кутулабыз дегенде Бейшеналиев ага көнбөй, укук коргоо органдарына кайрылган.

Соттун жүрүшү

Бейшеналиев сотко келгенде Омар буга чейин айткандарынын баарын танганын айтат. 

"Сотто беттеше келгенде, айткан сөздөрүнүн баарын танып туруп алды, бул жарык дүйнөгө келгенден бери ушундай эки жүздүү адамдарды көргөн эмесмин, айткан сөзү бир башка, кылган иши бир башка. Ошондон бери менин жүрөгүм ооруп, эми-эми өзүмө келип жатам", — дейт ал.

Бейшеналиев ошондой эле, Омардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот бардык ченемдерди бузуу менен өткөнүн айтат. Себеби сот отурумуна катышкан Токтайым Үмөталиева укук коргоочу да, сот да болгон.

"Сот процесси болгон жок, сот ишти алып барган жок. Үмөталиева укук коргоочу да, сот да болду. Сот эрежелери бузулду", — деди ал. 

Бейшеналиев учурда облустук сот чыгарган чечимин бербей, аны атайын создуктуруп жатканын кошумчалады. Ал соттун чечими колуна тийгенден кийин Жогорку сотко, Башкы прокуратура, президентке, Акыйкатчыга арыз менен кайрыларын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0