БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондук сотторунун төрагалары шайланганын Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Соттор биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө шайланды.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук сотунун төрагасы болуп Эрнис Чоткараев, Ленин райондук сотунун төрагалыгына Аида Сейдакматова келди.
Шейшемби күнү, 7-июлда Жогорку Сотто Октябрь райондук сотунун жаңы шайланган соттордун ант берүү расмий аземи болуп, ага Жогорку Соттунун төрайымы Феруза Жамашева жана башка соттор катышкан.
17-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун жаңы шайланган соттору ант беришкен.