00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:08
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандагы качкын Сина: Кабулдагы күндөрдү эстесем, азыр да кыйналам

© Sputnik / Александр Гращенков / Медиабанкка өтүүАфганистандын жашоочулары. Архив
Афганистандын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-июнь — качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстандын аймагындагы качкындардын саны 175 адам, анын ичинен Афганистандан 112, башка өлкөлөрдөн келгендер 63 киши.

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Бул күнгө карата биз төрт баласын жетелеп, күйөөсү менен Бишкекке качып келип, качкын статусунда жашап жаткан Сина Мазлюмини кепке тарттык.

Работа белорусской таможенной службы - Sputnik Кыргызстан
Украинадан келген 27 адам Кыргызстанда качкын статусун алууга арызын берген
Беш баланын энеси, кабулдук бул аялга Кыргызстанда жашоону тагдыр Афганистандагы согуштан улам буюруптур. 

Биздин маңдайыбызга сүйлөгөндөн тартынып турган, сулууча келген маектешибиз азыр 36 жашта, балдарынын эң кенжеси Кыргызстанга келгенден кийин төрөлгөн, учурда беш баласын өзү жалгыз багып жатат. Сина Мазлюми менен жолугуп, сүйлөшүүбүзгө БУУнун Кыргызстандагы Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын кызматкери Айнагүл Абдрахманова көмөк көрсөттү. 

Адегенде Афганистандан бул жакка кантип келип калгандыгын сурадык. 

"Кабулдагы ал күндөрдү эстесем, азыр да кыйналып кетем. Согуштун айынан ата-энем менен алгач, Пакистанга качканбыз, ал жерден мени 16 жашымда күйөөгө беришти. Анан абал тынчып, кайрадан Кабулда жашап калдык, ал эми күйөөм Кыргызстанга иштегени кетти", — деп эскерет Мазюми. 

Күйөөсү Кыргызстанда иштеп жүрүп, Афганистанга кайткандан тарта жергиликтүү укук коргоо органдары "орустарга иштеп жүрөсүң" деген шек менен кысымга алыптыр. Аны камаганга чейин баргандыктан, кайрадан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Сина Кабулда ата-энесинин жардамы менен улам бир үйгө жашынып отуруп, акыры төрт баласы менен "кайдасың, Кыргызстан" деп жолдошу чакырган бейтааныш өлкөгө жөнөгөн.

"Келген күндөрүбүз оор болду. Бул жерден төрөлгөн эң кичүү уулума же документ ала албайбыз. Же жумуш жок. Бирок турмуш акырындап өз нугуна түшө баштады. Качкын статусун алып, укуктук маселелерибизди чечкенге БУУнун Кыргызстандагы качкындар боюнча уюму жакшы жардамын берди. Анан күйөөм жакшынакай жашап жүрүп эле, кийин башка аялга үйлөнүп кетти. Азыр каякта экенин деле билбейм, кыязы, Россияга кетсе керек", — деди ал муңайып.

Учурда Сина Бишкек шаарындагы кийим тигүү цехтеринин биринде тигүүчү болуп иштеп, беш баласын багып, батир акысын, балдарынын мектебин, бала бакчасын төлөйт. Ага "Дордой" базарында соода кылган жыйырма жаштагы уулу жардамчы. 

Биз эки өлкөнү салыштырып, кайсынысында жашоо сизге ыңгайлуу деген сурообузга, көздөрүн бакырайтып, таңгалган түрдө "албетте, Кыргызстан" деп жооп берди.

"Мен Афганистанда жашасам, ушинтип ээн-эркин иштемек эмесмин. Сиз билбейсиз, ал жакта аялдардын жашоо шарты таптакыр башка. Бул жерде жакшы, эркиндик бар. Кыргызстан меймандос, ачык, жакшы өлкө. Мен ушул жерге баш калкалап, балдарым менен жашоомду өткөрүп жатам. Бирок беш баланы жалгыз багыш кыйын, чынын айтсам, абдан кыйналып кеттим. Мени жубатканы — балдарымдын акылдуу жана тартиптүү болуп чыкканы ", — дейт Сина. 

Биздин маектеш көздөрүн жашылдантып, оор улутунуп алды. Анткен менен, ал жакшы адамдар бар экендигине ишенет. Сина өзү иштеген тигүү цехинин жетекчиси жана кесиптештери ага аяр мамиле кыларын, зарыл учурда колунан келген жардамдарын көрсөтүшөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0