Садыр Жапаровдун 3 тонна алтын чет өлкөгө алынып кетти деген маалыматы тактала элек

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Садыр Жапаров ответил на вопросы депутатов
Депутат Садыр Жапаров ответил на вопросы депутатов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура жүргүзгөн иликтөөлөрүндө "Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" китебиндеги "3 тонна алтын сыртка ташылып кетти" деген маалыматын төгүндөп жатат.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. Жогорку Кеңештин шаршемби күнкү жалпы жыйынында эл өкүлдөрү Башкы прокуратуранын экс-депутат Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" китебинде жазылган айыптоолор боюнча алдын ала иликтөөлөрү тууралуу маалыматын укту.

Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов эл өкүлдөрүнө Садыр Жапаровдун китебинде жазылган "3 тонна алтын чет жакка ташылып кетти" деген маалыматы чындыкка коошпой турганын билдирди.

"Жапаровдун китебинде жазылган айыптоолор боюнча тергөө 8-январда башталган. Китепте жазылган айыптоолор боюнча көптөгөн кишилер суралышы жана чет мамлекеттен маалымат алууга туура келгендиктен тергөөнүн мөөнөтү узартылды", — деди ал.

Экс-депутат Садыр Жапаров "Саясатка аралашкан 10 жыл" китебинде 2011-жылы октябрь айынын аягында президенттик шайлоо болуп аткан учурда өлкөдөн Түркия аркылуу 3 тонна алтын чыгарылып кеткен деп жазган. Себеби, 30-октябрда Түркияга Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы гуманитардык жардам алып бармак.

Жапаровдун алтын уурдалып кетти деген айыптоосу негизсиз экенин Башкы прокуратуранын өкүлү Темирбек Бекмаматов билдирди. 

"2011-жылдын 30-октябрында президенттик шайлоо болуп жаткан учурда ага УКМКнын кызматкерлери келип, "бүгүн Түркияга 3 тонна алтын чыгарылып кеткен атат" деп айткан. Садыр Жапаров бул маалыматты алгандан кийин фракция лидерлери Текебаев, Кулов жана Ташиевге билдиргенин китебинде жазган. Бул күнү Түркияга ӨКМдин гуманитардык жардам жүктөлгөн учагы жөнөтүлмөк. Жапаров ошол убактагы Өзгөчө кырдаалдар министри Болот Борбиев менен байланышканда, Түркияга орун басары Кубатбек Боронов бара турганын айткан. Жапаров Боронов менен, Ак Үйдөгү сырткы саясат жагын тейлеген кызматкер Сапар Исаков менен сүйлөшүп "мен дагы барышым керек" деген. Жапаровдун сөзү боюнча учак ал күнү эмес, эртеси учуп жөнөтүлгөн. Эмне үчүн андай болду? Мен аны билбей калдым деп өз китебинде жазган", — деди Бекмаматов.

Прокуратуранын өкүлү бул маселе 2012-жылдын декабрь айында Төрөбай Зулпукаров тарабынан көтөрүлгөнүн жана 2013-жылдын 25-мартында прокуратурага ЖКнын кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин атынан кайрылуу келип, текшерүү жүргүзүлгөнүн белгиледи. Өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органы Садыр Жапаровду, Өзгөчө кырдаалдар министри Болот Борбиевди, анын орун басары Кубатбек Бороновду, аскер бөлүмүнүн башчысы Акматов жана башка кызматкерлерди суракка алган. Алар Садыр Жапаровдун китебинде жазылган фактыларды тастыктап маалымат берген эмес. Жапаров болсо китебинде жазган маалыматтарын көрсөтмөдө да берген.

Ошол учурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кубатбек Боронов Жапаровдон алтын тууралуу маалымат алгандан кийин Түркияга кете турчу гумжардам үч жолу текшерилген. Биринчи жолу кампадан чыгып атканда, экинчи жолу учакка барганда бажы органдары менен биргеликте жана учакка салынгандан кийин үчүнчү жолу текшерилген. 

"Кийин бизге берилген маалымат боюнча гуманитардык жүктүн көлөмү 10 тонна болгон. Анын ичинде ун, чай, төө буурчак, чатыр, төшөктөр жана суу болгон. Анын ичинен эч кандай алтын табылган эмес", — дейт Бекмаматов.

Учак эмнеге 30-октябрда жөнөтүлбөй калган?

2011-жылдын 30-октябрында кете турчу учак, анын эртеси 31-октябрда учкан. Каттамдын бир күнгө кечигишинин себеби Түркиядан уруксат алына электигине байланыштуу болгон. Ошондой эле, Кубатбек Бороновдун ордуна министр Болот Борбиев өзү гуманитардык жүктү коштоп учкан. Анын себебин, Башкы прокуратуранын өкүлү "эгер гуманитардык жүктү өкмөттүн мүчөсү коштоп барса камсыздандыруу төлөнбөй турганы" менен түшүндүрдү. Ошондуктан Болот Борбиев өзү коштоп барган.

Гуманитардык жүктү Түркияга алып келген Кыргызстандын учагынын маңдайкы терезесине башка учактын канаты тийип кеткен. Ушул инциденттен улам, учак бир күн аэропортто туруп калган. Анын эртеси бардык жүк Түркиянын өкүлдөрү жана Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин катышуусунда түшүрүлүп, Эрзурум провинциясынын губернаторуна жана ал жактагы кыргыздардын башчысы Карасан деген кишиге өткөрүлүп берилген. 

Темирбек Бекмаматов учурда тергөө улантылып жатканын жана "Кыргыз Алтын" ААКынын Кара-Балтадагы аффинаж заводуна сурам жиберилип, маалымат алынгандыгын жана "Кумтөргө" да сурам жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Алдын ала маалыматтар боюнча алтынды уурдоо, аны коротуу боюнча маалымат катталган да, тастыкталган да эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0