Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРПатрулдук милициянын кызматкери Бишкектеги көзөмөл өткөрүү пунктунда. Архив
Патрулдук милициянын кызматкери Бишкектеги көзөмөл өткөрүү пунктунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул кызматкерлери токтоткон учурда кандай укугу бар экенин бардык эле айдоочу биле бербесе керек. Инспектордун айтканын аткарып эле туруп калбайын десеңиз Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалды окуңуз.

Сиз айдоочусуз. Жолдон кайгуул кызматкерлери тосту дейли. Дароо эле оюңузга эмне келет? Көбүндө "кайсы жерден жол эрежесин бузуп жибердим?" деген суроо туулса керек. Бирок кайгуулчулар жол эрежесин бузган учурда эле эмес, башка да ар кандай себептерден улам токтотуп калышы ыктымал. Ушул маалда жаралчу суроонун баарына жооп алууга аракет кылдык.

Коопсуз бет кап кийген киши велосипед тээп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айыпка жыгылып калба! Велосипедчен адам биле жүрчү негизги 8 эреже
Маалыматтар ИИМдин алдындагы ЖКККББ кызматынын сайтынан алынып, айрымдарына ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов жооп берди.

Баса, Sputnik Кыргызстан айдоочуларга пайдалуу маалыматтарды, суроо жараткан жол эрежелерин аныктап, зарыл болгон кеп-кеңештерди берип туруу максатында атайын рубрика ачкан.

Айдоочуну инспекторлор кандай кырдаалда токтотот?

  • Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түшүндүрүү, профилактикалык иштерин жүргүзүүдө;
  • Айдоочулар жана жүргүнчүлөр жол эрежесин бузганда;
  • Кылмыш кылган же жол кырсыгына себепчи болгон айдоочуларды издөөдө;
  • Изделип жаткан автоунааны аныктоодо;
  • Кылмыш же жол кырсыгы катталган учурда айдоочуну күбө катары суроодо;
  • Кыймылга чектөө жана тыюу салынган учурда;
  • Башка айдоочу, жүргүнчүлөргө же инспекторлорго жардам керек болгон учурда да кайгуул кызматы токтотот.

Инспектор токтоткондо автоунаадан чыгыш керекпи?

Жок. Айдоочу чыкканга чейин жол кайгуул инспектору токтоткон автоунаанын жанына басып келүүсү керек. Өзүн тааныштырып, кызматын, наамын айтып, андан кийин токтоткон себебин түшүндүрүп берет.

Документтер кандай учурда текшерилет?

ДТП в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жадыбалдай жатта! Жол кырсыгына кабылган айдоочу көрө турган 5 чара
Инспекторлор айдоочунун документтерин ЖКККББнын стационардык постторунан жана көзөмөл-өткөрүү пункттарынан гана текшериши керек. Мындан сырткары рейд, ыкчам издөө убагында жана башка иш-чараларда гана сураганга укуктуу. Тажрыйбалуу айдоочулардын берген кеңештери боюнча, айдоочу инспектордон эмне болгон рейд экенин сурап, аталышын, чындап жүрүп жаткандыгын ЖКККББнын ишеним номерине чалып тактаса болот.

Инспектордун талабын аткарбай кетип калууга болобу?

Автоунаа айдоочусу сөзсүз токтошу керек. Жол эрежесинин 2.1.1 пунктуна ылайык, айдоочулар инспекторлордун талабы боюнча айдоочулук күбөлүгүн, каттоо документтерин көргөзүшү керек.

Инспекторлор айдоочуну кандай кырдаалда токтотууга укугу жок?

ЖКККББнын инструкциясында жазылгандай, инспекторлор көрүнбөгөн жерге (мисалы, бак-дарактын арасына) бекинип турбашы керек. Алар рулда отурган кишиге алыстан так, даана көрүнгөндөй болушу шарт. Айдоочуну бак-дарактын арасынан чыга калып токтоткону же болбосо токтоп турган кызматтык эмес унаадан кокустан чыга калып тоскону мыйзамга туура келбейт.

Мындан сырткары жол кайгуул кызматкерлери айдоочуну жолдун аркы бетине туруп алып тосууга укугу жок. Бурулуштардан, кесилиштерден, өйдөгө чыгарда, ылдыйга түшөрдө, темир жолдон өтүп баратканда жана кооптуу аймактардан тосууга да тыюу салынган.

Ичимдик ичкендигин текшерген тестти кандай учурда колдонушат?

Айдоочу ичимдик ичүүгө шектелген учурда же жол кырсыгына кабылган мезгилде андан тест алынып, наркологиядан медициналык текшерүүдөн өтөт.

Кайгуул кызматкерин телефонго видеого тартса болобу?

Кайгуул кызматкерин да, айдоочуну да видеого тартканга болот.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөнү жок сигнал берип ачууга алдырба. Айдоочулук этикет
Эгер инспектор автоунааны токтотуп, бирок анын жанына басып келбей койсо эмне кылуу керек?

Эгер инспектор токтоткон автоунаанын жанына басып келбесе, бир аз күткөн соң кете берсе болот. "Кетип калдың" деген айып тагылса, дароо ишеним номерлерге чалуу кажет.

Инспекторлордун айтканына макул болбосо, айдоочу эмне кылышы керек?

Эгер айдоочу инспекторлордун айтканына макул болбой, "мыйзам бузулуп жатат", "туура эмес жерге туруп алышкан" деген ой жаралса, ал ЖКККББнын ишеним номерлерине (0312) 63 09 01 кайрыла алат. Номерлер ар бир кайгуул кызматында бар. "Протокол туура эмес толтурулду" деп ойлосо, ошол документтин алдында "түшүндүрмө" деген жерине эмнеге макул эместигин жазып, колун коёт. Андан соң протоколдун көчүрмөсүн алып жетекчиликке арыз менен кайрылууга укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0