Ситуация в Бишкеке из-за распространения коронавируса  - Sputnik Кыргызстан

Өлкөдө COVID-19 жуккандардын саны азайбай жатат... Абал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстан коронавирус менен күрөшүн улантууда. Соңку күндөрү бир суткада COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 25-30дун тегерегинде чыгууда.

Кечээги маалыматтар боюнча, оору менен 871 адам катталды. Жалпы 12 киши көз жумган. Коронавируска чалдыккандардын арасында медиктер көп.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:06 07.05.2020
18:07 07.05.2020

Коронавирус инфекциясынын жайылышы жай мезгилинде басаңдай түшөт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альтштейнге шилтеме берип жазды.

 

Ослабление карантинных мер в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жайкысын кантип жайылат. Вирусологдун божомолу
18:01 07.05.2020

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 3 млн. 766 миӊ 394 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 263 миӊ 983 адам каза болду.

 АКШ – 1 228 609 (каза тапкандар – 73 431)

 Испания – 220 325 (каза тапкандар – 25 857)

 Италия – 214 457 (каза тапкандар – 29 684)

 Улуу Британия – 202 359 (каза тапкандар – 30 150)

  Россия – 177 160 (каза тапкандар – 1 625)

 Франция – 174 224 (каза тапкандар – 25 812)

 Германия – 168 162 (каза тапкандар – 7 275)

Түркия – 131 744 (каза тапкандар – 3 584)

 Бразилия – 126 611 (каза тапкандар – 8 588)

 Иран – 101 650 (каза тапкандар – 6 418)

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча Кытай COVID-19 жуктургандар жана каза болгондор боюнча топ-10 өлкөдөн чыкты.

 Китай – 83 970 (каза тапкандар – 4 637)

   Маалыматты Республикалык штаб даярдап, таратты

16:29 07.05.2020

Өкмөт Эл аралык валюта фондунан алынган 120,85 миллион доллар насыя кайда жумшалганы туурасында маалымат берди.

Ага ылайык, аталган сумманы улуттук валютага алмаштырганда (8-апрелдеги курс менен 84,87 сом) 10 миллиард 256,6 миллион сомду түзгөн. Ошол эле учурда 490,8 миллион сом курстук айырма республикалык бюджеттин кирешеси катары чагылдырылды.

Бүгүнкү күндө алынган каражаттын 8 миллиард 896,8 миллион сому төмөнкү багыттарга жумшалды:

  • айлык акыга — 3 миллиард 994,4 миллион сом;

  • социалдык керектөөлөргө — 468,7 миллион сом;

  • Социалдык фондуга чегерүүгө — 1 миллиард 834 миллион сом;

  • Милдеттүү медициналык фондуна чегерүүгө — 1 миллиард 210,0 млн сом;

  • теңдөөчү чегерүүлөргө —160,8 миллион сом (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акысы);

  • калкты социалдык жактан камсыздоо жана көмөк көрсөтүү боюнча жөлөк пулга — 869,2 миллион сом;

  • медициналык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө — 106,3 миллион сом;

  • стратегиялык запастарга — 53 миллионн сом (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан эгин алууга);

  • муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк алууга —100,4 миллион сом.

Мунун жыйынтыгында Эл аралык валюта фондунан алынган каражатынын 1 миллиард 359,8 миллион сому калды. Өкмөт аны май айындагы республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына жумшай турганын айтат.


 

15:00 07.05.2020

 Бул тууралуу шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ишкана карантиндин эреже талаптарын сактоо менен бирге кырдаалга жараша иш алып барат.
Маалыматка ылайык, коомдук транспорт эртең менен саат 7:00дөн кечки 20:00 гө чейин иштейт.

14:51 07.05.2020

"Учурдагы кризис шаардыктардын экономикалык абалына таасирин тийгизди. Аларда туруктуу кирешеси жок болгондуктан акча каражаттарынын камы түгөндү. Ошондой эле борбор калаанын калктуу конуштарында жашаган аярлуу калктын бөлүгү туруктуу эмгек акысы же тийиштүү камы жоктугуна байланыштуу азык-түлүк сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү жетпей жатат”, - деп билдирди Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев.

Анын айтымында, булардын бардыгын эске алып, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жана ун түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. 90 миңден ашык адамга жалпы суммасы 50 млн. сомго жакын гуманитардык жардам таркатылган.

13:55 07.05.2020

“Бишкекте бүгүнкү күнгө карата 3 836 чарбалык субъект өзүнүн ишмердүүлүгүн улантууда, алдын ала маалыматтарга ылайык мында 83 миӊ 280 адам иштейт”, - деп билдирди Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев.

Анын айтымында, ӨА режими киргизилгенден бери 71 миӊ 531 чарбалык субъект ишин токтотуп, алдын ала маалыматтар боюнча 154 миӊ 784 адам убактылуу жумушсуз калган.

12:39 07.05.2020

COVID-19 вирусуна тест тапшыргандыгы тууралуу маалым кат Бишкекке кирип келе жатканда эч кимден талап кылынбайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык штабдан билдиришти.

 

Ситуация в Бишкеке из-за введения ЧП в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке кирип-чыгуу боюнча чектөөлөргө Республикалык штаб үн катты
11:10 07.05.2020

  Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 541 жаран мекенине кайткан. Алар жеке автоунааларын калтырып, атайын уюштурулган 10 автобус менен келишкен. Транспорттор Казакстандын аймагынан жол полициясынын коштоосунда колонна болуп өткөнү айтылат.

  

Возвращение кыргызстанец из городов Соль-Илецк и Бузулук - Sputnik Кыргызстан
10:38 07.05.2020

Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын 27 кызматкери коронавируска кабылган. Соңку жети учур 3-майда Нарын облусунан катталган.

“Алар дагы медицина кызматкерлери сыяктуу жумуш учурунда жуктуруп алууда. Ар бир учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, тобокелчиликтердин себеби, жумуштагы шарттары аныкталат. Ошого карап дагы башкалар жуктуруп албашы үчүн биз болушунча эртерээк коргонуу эрежелерин бергенге аракет кылабыз”, — деди Үсөнбаев.

 

10:35 07.05.2020
10:32 07.05.2020

 Бишкек ш. – 2
Чуй облусу - 4
Ош облусу - 3
Жалал-Абад облусу - 3
Нарын облусу - 12

10:31 07.05.2020
10:29 07.05.2020

“Чаткалдын жашоочуларына оору жергиликтүү элден эмес, сырттан киргендерден тараган. Тагыраагы, тажыяга баргандардан жуккан.  Бишкектен дагы барышкан. Ошол жерге коронавирусу бар кишинин барып калышы, оорунун жайылышына себеп болгон. Сөөк коюуга келген жергиликтүү жашоочулардын толук  атын-жөнүн, даректерин тактап чыгып, көзөмөлгө барып, иш алып барылып жатат”, - деди Үсөнбаев.

10:24 07.05.2020

“Ооруну жуктурган медиктердин 70 пайыздан ашыгы  айыгып, ишке чыкты. Аларга берилген обсервациялык мөөнөт аяктап калды. Коронавирус жалпысынан  224 медицина кызматкерине жуккан болсо, алардын 30 пайызы учурда дарыланып жатат”, - деди Үсөнбаев.

10:19 07.05.2020

“895 адамдын, тагыраагы коронавируска чалдыккандардын негизгилеринин кайдан жукканы такталган. Алардын арасында акыркы 51 учурдун ооруну кайдан жуктуруп алганын тактап жатабыз. Бул иш өзүнүн логикалык жыйынтыгына чейин уланат”, - деди Үсөнбаев.

 

10:14 07.05.2020

"17-апрелде эне менен бала аталган жайда дарыланган. Чыккандан кийин Бишкекте бир канча күн болгон. Андан соң  Тогуз-Торого кирип баратканда текшергенде коронавирус чыккан. Маалымат Бишкекке түшүп, бөлүмдөгүлөр, стационарда жаткандар текшерилген. Жыйынтыгында баш-аягы 7 кишиден оору чыккан", - деди Үсөнбаев. 

10:08 07.05.2020

Үсөнбаев: медик иш үстүндө коронавирусту жугузуп алган болсо, ага  200 миң сом компенсация каралган. Медицина кызматкери каза болуп калса, 1 млн. сом чегиндеги компенсация каралган.

 

10:07 07.05.2020
10:06 07.05.2020
10:05 07.05.2020
09:59 07.05.2020
09:59 07.05.2020
09:56 07.05.2020
09:56 07.05.2020
09:56 07.05.2020
09:49 07.05.2020

Коронавирустун келип чыгышын изилдеп жаткан АКШдагы Питтсбург университетинин окумуштуусу Бин Люнун сөөгү табылды. Бул туурасында People журналына шилтеме берип, РИА Новости жазды. 

 

Подготовка к открытию выставки День передовых технологий правоохранительных органов РФ - Sputnik Кыргызстан
АКШ: COVID-19 боюнча ачылыш жасоо алдында турган окумуштууну өлтүрүп кетишти
09:33 07.05.2020

Диванда жатып алып эле кайсы бир таблеткаларды ичүү менен иммунитет көтөрүлүп калбайт. Россиялык дарыгер Евгений Комаровский иммунитетти чыңдоонун шарттарын тизмектеп, анын айткандарын РИА Новости жарыялады.

 

Российская сноубордистка продолжает тренировки во время самоизоляции - Sputnik Кыргызстан
Иммунитетти көтөрүүнүн бирден-бир жолу айтылды
09:32 07.05.2020

 Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө жаткан бейтап балдардан, аларды караган энелерден жана медиктерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев кабарлады.

Центр COVID-19 НМИЦ эндокринологии Минздрава РФ - Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо борборунда 7 кишиден COVID чыкты. Арасында балдар бар
Жаңылыктар түрмөгү
0