Нью-Йорктогу медайым Нуркыз: моргдо орун жок, эки контейнер да өлүккө толуп калды

© Фото / Лаура ЧайсНью-Йорк ооруканада медицина кызматкери болуп иштеп Нуркыз Эшенова
Нью-Йорк ооруканада медицина кызматкери болуп иштеп Нуркыз Эшенова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда коронавирустан АКШнын Нью-Йорк шаары катуу жабыркап турат. Бул калаада күнүнө жүздөгөн адам каза болууда. Канчалык бай мамлекет болбосун, жалындай каптаган вирус өлкөнүн шайын кетирип койду.

Ал эми ушул шаардагы ооруканада иштеп жаткан биздин мекендешибиз Нуркыз Эшенова 30 жашта. Медицина кызматкери болуп иштеп, америкалык бейтаптарды ажалдан арачалап келет.

Каарманыбызга өзү жана эң оболу вирус жайылган аймактагы абал туурасында суроо узатып, маек курдук. Убактысы тардыгынан өтүнүчүбүзгө ара-чолодо жооп берип жатты.

— Нуркыз, АКШга кандайча барып калдыңыз эле?

— Америкага келгениме 10 жыл болду. Кыргызстанда жүргөндө Кыргыз-орус славян университетинин юридика факультетинде окуп жаткам. Ошол убакта студенттик виза ачып, тил үйрөнүү максатында АКШга келгем. Анан бул жакта калып калдым. Азыр Нью-Йорктогу Кингсбург ооруканасында медайым болуп иштейм. Негизи мен жер жүзүн кыдырганды жакшы көрөм. Отузга жакын мамлекетте болдум. Тарыхка кызыгам. Ар бир барган мамлекеттин тарыхын, элинин маданиятын билүүгө аракеттендим. Америкага да ошол кызыгуум жетелеп келди окшойт.

— Медицинаны Америкадан окудуңузбу?

— Бул жакка келгенде алгач тил үйрөндүм. Анан грант утуп алып, анын эсебинен өз күчүм менен медициналык институтка окууга өтүп кеттим. Кесибим медайым. Америкада медайым жогорку билим катары эсептелинип, институтта беш жыл окутат. Кичинемде эле медицинага кызыкчумун. Бирок Кыргызстанда медиктердин айлыгы төмөн болгондуктан, ата-энем каршы болуп коюшкан. Бирок бул жактан өзүмдүн көздөгөн максатыма жеттим деп ойлойм.

© Фото / Лаура ЧайсНуркыз Эшенова: Учурдагы түзүлгөн оор кырдаалга чыдай албай, айрым медиктер жумуштан чыгып кетишти. Ошол себептен бизде медицина кызматкерлери жетишпей жатат. Азыр АКШда медиктердин бардыгына алдын ала коронавируска тест жасатпай калган. Вирустун белгилери байкалып же дем жетишпей калса гана тест тапшыртышат.
Нью-Йорктогу медайым Нуркыз: моргдо орун жок, эки контейнер да өлүккө толуп калды - Sputnik Кыргызстан
Нуркыз Эшенова: Учурдагы түзүлгөн оор кырдаалга чыдай албай, айрым медиктер жумуштан чыгып кетишти. Ошол себептен бизде медицина кызматкерлери жетишпей жатат. Азыр АКШда медиктердин бардыгына алдын ала коронавируска тест жасатпай калган. Вирустун белгилери байкалып же дем жетишпей калса гана тест тапшыртышат.

— Окуп жүргөндө каражат жагынан кыйналдыңызбы?

— Албетте, кыйынчылыктар болду. Окуп да, иштөөгө дагы туура келди. Себеби Америкада жашоо кымбат. Батирдин акчасын төлөө керек болду. Ушул үчүн окуу менен катар мейманканаларда ресепшн жана кафе-барларда официант болуп иштедим. Бир эле убакта окуп жана иштөө оор болду. Бирок максатым окуумду аяктап, медициналык диплом алуу эле.

Кыргызстанка Миргуль Омуралиева, живущая в Италии - Sputnik Кыргызстан
Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги
— Кыргызстанда медиктердин маянасы аз дедиңиз. Америкада дарыгерлерге мамлекет жакшы карайбы?

— Кыргызстан менен Американын медицина кызматкерлеринин айлыгын салыштырууга болбойт. АКШда медицина жогорку айлык төлөнүүчү кесип болуп эсептелинет. Бул жакта врачтар саатына кеминде 150 доллардан жогору алышат. Ал эми медайымдардын маянасы саатына 50 доллардан өйдө эсептелинет.

— Коронавирус менен күрөшүүдө эмнелерди айтып бере аласыз?

— Үч айдан бери коронавирус пандемиясы дүйнөнүн көп өлкөлөрүн каптап жатат. Өзгөчө Европа өлкөлөрү жана Американын эли катуу жабыркады. Көп киши каза болуп калууда. Себеби бул өлкөлөр башында аталган вирусту олуттуу кабыл албастан, алдын ала даярдык көргөн эмес. Бул вирус менен эң эле алгылыктуу күрөш жүргүзө алган мамлекеттер Түштүк Корея, Сингапур жана Тайвань болуп эсептелинет. Ушул өлкөлөрдүн тандаган жолунан үлгү алуу керек деп ойлойм.

— Эмне үчүн Америкада Нью-Йорк көп жабыркады?

— Нью-Йоркто эл көп, 19 миллион адам жашайт. Экинчиден, башта айткандай, бул жакта Кыргызстандагыдай катуу көзөмөл менен карантин киргизилген эмес. Болгону үйдө болууга кеңеш берилген. Адамдар көчөдө ээн-эркин жүрдү. Эч кандай айып пул каралган жок. Европада адамдар коронавирустан каза болуп жатышса дагы америкалыктар тоготпой коюшту. Ошондуктан кыргызстандыктарга айтарым, бул ооруга олуттуу караңыздар. Кыргыз өкмөтү бул жагынан туура саясат жүргүздү. Бир аз чыдап, карантинде үйдө отуруп турсаңыздар баары жакшы болот.

© Фото / Лаура ЧайсМедайым Эшенова: бул жакта Кыргызстандагыдай катуу көзөмөл менен карантин киргизилген эмес. Болгону үйдө болууга кеңеш берилген. Адамдар көчөдө ээн-эркин жүрдү. Эч кандай айып пул каралган жок. Европада адамдар коронавирустан каза болуп жатышса дагы америкалыктар тоготпой коюшту.
Нью-Йорктогу медайым Нуркыз: моргдо орун жок, эки контейнер да өлүккө толуп калды - Sputnik Кыргызстан
Медайым Эшенова: бул жакта Кыргызстандагыдай катуу көзөмөл менен карантин киргизилген эмес. Болгону үйдө болууга кеңеш берилген. Адамдар көчөдө ээн-эркин жүрдү. Эч кандай айып пул каралган жок. Европада адамдар коронавирустан каза болуп жатышса дагы америкалыктар тоготпой коюшту.

— Учурдагы абал кандай?

— Мен иштеп жаткан ооруканадагы бейтаптардын 99 пайызы COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандар. Нью-Йоркто вирус жуктургандар өтө эле көп болгондуктан, ооруканага абалы оор бейтаптар гана кабыл алынууда. Калгандар үйдөн дарыланууга аргасыз. Абал оор. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көп катталууда. Ооруканадагы бейтаптардын көбү дем ала албай, кычкылтекке туташтырылып жатат. Америкада күнүнө миңдеген адамдар кайтыш болууда. Оорукананын ичиндеги өлүкканада орун жок. Сырттагы эки контейнер да өлүккө толуп калды. Эксперттердин айтымында, апрелдин акыркы жумаларында Америкада коронавирустан жабыркоонун жогорку чеги катталат. Ал эми майда басаңдайт деп жатышат.

Медициналык маска кийип Нью-Йорк шаарында метродо бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жашообузду өзгөрттү... Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздын маеги
— Каза болгондордун көбү кары-картаңдарбы?

— Бир айдын ичинде эле Америка боюнча 36 миң адам оорудан каза тапты. Көбүнчө бронхиалдык астма, кант диабети, жүрөк кемтиги өңдүү өнөкөт оорусу барлар бул вирустун курмандыгы болууда. Каза болгондордун арасында жаштар да бар. Иммунитети начарлар коронавируска туруштук бере алышпайт.

— Мындай учур алгач эле медиктерге чоң түйшүк жаратат. Дарыгерлердин абалы кандай?

— Ооба, мындай шартта иштөө оңой эмес. Учурдагы түзүлгөн оор кырдаалга чыдай албай, айрым медиктер жумуштан чыгып кетишти. Ошол себептен бизде медицина кызматкерлери жетишпей жатат. Азыр АКШда медиктердин бардыгына алдын ала коронавируска тест жасатпай калган. Вирустун белгилери байкалып же дем жетишпей калса гана тест тапшыртышат. COVID-19 инфекциясынан жабыркагандардын арасында кесиптештер да көп. Биздин ооруканадан эле коронавирус жуктурган төрт-беш медик каза болуп калды. Башында бизде дагы жеке коргоочу каражаттарга таңсыктык жаралган. Бирок азыр, кудайга шүгүр, баары бар.

— Америка бийлиги каатчылык маалында элине кандай жардам көрсөтө алды?

— АКШ экономикасы өнүккөн, абдан бай мамлекет. Элин каатчылыктан сактоо, аларга көмөк көрсөтүү иретинде өкмөтү 6 триллион доллар стимуляция катары басып чыгарды. Ал мамлекеттин экономикасына, элдин жашоосуна жумшалары айтылууда. Анын эсебинен ар бир адамга 1200 доллардан жөлөк пул төлөнүп жатат. Андан тышкары, камсыздандырууда бир топ жеңилдиктер каралганы айтылды.

© Фото / Лаура ЧайсНуркыз Эшенова: Кыргызстандык медиктер менен абдан сыймыктанам. Себеби алар катаал шартта, аз маяна алса да эч нерсеге карабай, өз жанын аябай иштеп жүрүшөт. Бейтаптарын таштап кеткен жок. Мекендин патриоттору деп эсептейм.
Нью-Йорктогу медайым Нуркыз: моргдо орун жок, эки контейнер да өлүккө толуп калды - Sputnik Кыргызстан
Нуркыз Эшенова: Кыргызстандык медиктер менен абдан сыймыктанам. Себеби алар катаал шартта, аз маяна алса да эч нерсеге карабай, өз жанын аябай иштеп жүрүшөт. Бейтаптарын таштап кеткен жок. Мекендин патриоттору деп эсептейм.

— Коронавирустун дарысы жок эмеспи. Бейтаптарды кандай ыкма менен дарылап жатасыздар?

— Азыркы учурда вакцина изилденип жатат. Окумуштуулардын айтымында, бир жарым жылдан кийин адамдарга колдонууга берилиши мүмкүн. Ага чейин биз ар кандай эксперименталдуу дарыларды колдонуудабыз. Малярияга, эболага берген дары-дармектерди же ВИЧ инфекциясына каршы дарыларды берип жатабыз. Башында медициналык жабдыктар жетишсиз эле, азыр баары жакшы. Ошону менен бирге COVID-19 жаңы вирус болгондуктан, дарылоодо анын табиятына байкоолор да жүрүүдө.

— Мекениңизге кайтуу оюңузда барбы?

Медициналык маскачан жүргунчү эл аралык аэропортто  - Sputnik Кыргызстан
Ири айып салынат. Таиланддан келген кыргызстандык карантиндеги жашоосу тууралуу
— Ооба. Кайда жүрбөйүн, кандай ийгиликтерди жаратпайын, мекеним жүрөгүмдө. Кийин Кыргызстанга баары бир кайтам. Аманчылык болсун. Эл-жерди сагынам. Бул жакта дээрлик англисче сүйлөгөндүктөн, тилим бурулуп кетпесин деп кыргызча китептерди окуп турам. Азырынча Америкада иштеп акча чогултам. Келечекте Бишкекке дартты аныктоочу заманбап медициналык борбор ачкым келет. Бул менин максатым.

— Кыргызстандагы кесиптештериңизге эмне айтар элеңиз?

— Кыргызстандык медиктер менен абдан сыймыктанам. Себеби алар катаал шартта, аз маяна алса да эч нерсеге карабай, өз жанын аябай иштеп жүрүшөт. Бейтаптарын таштап кеткен жок. Мекендин патриоттору деп эсептейм. Пандемия маалында алардын эмгеги жогору бааланышы керек. Кыргызстандагы медиктерге ыраазычылык билдиришибиз зарыл. Мындан ары маянасын көтөрүү да каралса болмок. Ооруп калган медиктерди угуп жатам. Тез сакайып кетиңиздер!

Жаңылыктар түрмөгү
0