Белгилүү себептерден улам бул маек купуялуулук шарты менен алынды. Кыргызстандык жигит коронавирустан улам үй карантининдеги жашоодон кеп салып берди.
— Таиландга эмнеге бардыңыздар эле?
— Башынан түшүндүрөйүн, билетти мурда эле сатып алып койгонбуз, абдан көп акча сарпталган. Албетте, көйгөйлөр болушу мүмкүн деп чочулаганбыз, бирок мындай болуп кетерин боолгологон эмес элек.
Кетип жатканыбызда "коронавирус мына-мына басаңдайт, баары жайында болот" деген божомолдор айтылып жаткан. Таиландда азыркыдай эле катталгандар азыраак болчу (13-мартка карата расмий маалыматтар боюнча 75 учур катталган — ред.).
— Туристтик компания сапардын чыгымын кайтарып берүүнү сунуштаган жокпу?
— Таиландга биз туристтик ишкана аркылуу эмес, өзүбүз эле билет сатып алганбыз. Ошондуктан андай сунуш болмок да эмес. Авиабилетти да эң арзан деп саналганынан алдык эле (биз үчүн кымбат эле), кайра кайтара албайт болчубуз.
— Таиланд коронавируска каршы тура алган өлкө катары саналат. Калктын абдан жыштыгына карабай, бул илдетти жугузгандардын саны аз. Сиздер өз көзүңүздөр менен көрүп келдиңиздер го. Алар кантип жеңип жатышыптыр?
— Чындыгында алар азамат экен. Ар бир кассада, метронун кире беришинде, айтор, ар бир бурчта спирттүү суюктуктар куюлган бөтөлкө турат, каалаган киши колун тазалай алат. Кадам сайын адамдар бул суюктукту колдонуп жатышат. Эч ким мажбурлабаса деле көпчүлүгү бет кап тагынып жүрүшөт, анан калса Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны деле коргонууда майнапсыз каражат деп эсептейт.
Ошону менен катар кымгуут түшкөн эч ким жок, туристтерди да эч ким кысымга албайт. Пханган жана Самуй аралдарында эс алдык, ал жакта Европадан келген туристтер жайнайт! Бишкекке кайтканда биздеги абалды көрүп, башка бир реалдуулукка кабылгандай эле болдум.
— "Башкача реалдуулук" дегениңиз кандай?
Биз Москвада жашаган досубуз менен бирге эс алдык. Анын айтымында, үйүнө кайткан учак бир жүргүнчү үч орундукта уктап баргыдай бош экен. Таиланддагы, Казакстандагы аэропорттордо дене табын өлчөй турган бардык жерде алкак жана тепловизорлор турат. Тапанча сымал аппарат менен чекебизге жакындата бир нече ирет өлчөштү. Эч кандай маселе чыккан жок, баары тез өтүп жаткан.
— Казакстанда эмне болду?
— Учак жолго чыгарда бир форманы толтуруу керектигин жарыялашты: жүргүнчүнүн аты-жөнү, паспорттук маалыматы, алган багыты жазылат экен. Конгондо учактын ичинде дене табыбыз өлчөнөрүн алдын ала эскертишти. Алар айткандай эле болду, конгонубузда адамдар кирип келди. Өтө коргоно кийинишкен дебейт элем. Комбинезон жана беткапчан кишилер. Алар тепловизор дейби же термометрби, айтор, аппарат менен болчу. Маңдайыбызга аны жандырып, баш ийкеп жана баары жайында экенин айтып жатышты.
Алматынын аэропортунда биз толтурган кагаздарды тапшырып, үйгө бет алдык. Кыргызстандын чек арасына жеткенибизде кыйла кызык болду.
— Казак-кыргыз чек арасында эмне болду?
— Бул чек арадан ID-карта менен өтүп кетүүгө болорун баары билишет. Чек ара көзөмөлүндө биз ички паспортторду сундук, себеби Казакстан тарапка да ID менен өткөнбүз. Казакстан жактан эч маселе жаралган эмес, ал эми кыргызстандык чек арадан: "Жаныңыздарда жалпы жарандык паспортуңуздар жокпу?" – деп сурашты. Албетте, жаныбызда болчу.
"Таиланддан келген турбайсыздарбы?" – деп сурашты. Ошондой экенин айттык. Кайрадан өлчөштү дене табыбызды. Алардан да сүрдүүрөөк адамдар келип, үй карантининде болушубуз керектигин айтышты. Колубузга документтерди берип, ага жеке маалыматтарыбызды жана телефон номерлерибизди жазууну өтүнүштү.
Карантин режимин бузсак, КР мыйзамына ылайык административдик жоопкерчиликке тартыла турганыбызды эскерткен документтерге кол коюшубуз керек болчу. Эгер кол коюудан баш тартсак, биз алар менен ооруканага барып, катаалыраак карантинге алынмак экенбиз. Жубайым экөөбүз кол коюп бердик.
— Карантиндин эрежелерин бузсаңыздар кандай чара көрүлөрүн сиздерге айтып бериштиби?
— Жок. Үйгө келгенде гана "Гуглдан" карап, биз үчүнчү категорияга кирген мамлекеттен келгенибизди, ал эми бул оору эң көп катталган өлкөлөр (Кытай, Италия, Иран) биринчи топко кирерин көрдүм. Бирок чек арада бизге эч нерсе түшүндүрүшкөн жок, тек гана участкалык врачка байланышуубузду өтүндү. Эки апта аралыгында ал келип, дене табыбызды өлчөп турууга тийиш экен.
—Эгерде чек арачыларга Казакстандагы туугандарга гана барып келдик деп жалган айтып койсоңуздар эмне болмок?
— Биз деле ойлодук. Алар жаныбызда паспортубуз бар же жогун билмек деле эмес да.
— Карантинде кандай күн өткөрүп жатасыздар? Жашооңуздарда эмне өзгөрдү?
— Мага кызыктай эле туюлуп жатат, анткени чек арадан бери келген машинада биз жалгыз эмес элек. Айдоочу, чек арачылар, дене табыбызды өлчөгөндөр. Көпчүлүгү бет кап тагынган эмес.
Дагы бир кызык жагы, врачтын "Бүгүн кайсы убакта үйдө болосуз?" деген суроосу болду. Негизи мындай шартта үйдөн чыкпашым керектигин айттым. Ал: "Ооба деңизчи, бирок жакынкы аралыкта үйдө болосузбу?" - деди. Акыры кайсы убак болбосун келе аларын түшүндүрдүм.
— Доктур көрүп кеттиби?
— Келди. Дене табымды өлчөп, тамагымды текшерип, эгер кыйналсам, телефон чалуумду өтүндү.
— Коронавируска тест тапшырдыңызбы?
— Жок. Менимче, эгер эч кандай белгилери болбосо, алар тест кылышпайт.
— Үйдө экениңизге бирөө көз салып турабы?
— Кантип көз сала алышат? Азыр дүкөнгө чыгып келишим мүмкүн, аны эч ким билбейт да.
— Сиз чындап эле эки апта үйдөн чыкпай отурасызбы же...
— Бул шартты бузгандар 260-400 миң сом айып пул түрүндөгү административдик жоопкерчилик же эки жылга эркинен ажыратыларын интернеттен окуп чыктым. Ошондон улам бир жакка чыгууга анчалык деле ниеттенгеним жок. Бирок ачыгын айтсам, элдин баары эле карантиндин шартын так аткарат деп ойлобойм.
— Таиландга барып келгениңизге өкүнбөйсүзбү?
— Жок. Эч ким мындай болорун билген эмес да.