Коронавирус жашообузду өзгөрттү... Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздын маеги

© AFP / JOHANNES EISELEМедициналык маска кийип Нью-Йорк шаарында метродо бараткан кыз. Архив
Медициналык маска кийип Нью-Йорк шаарында метродо бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Америка COVID-19 вирусунан жабыркаган мамлекеттердин сап башына чыкты. АКШда жашап-иштеп, билим алып жүргөн кыргызстандыктар да арбын.

Бул мамлекетте вируска кабылгандардын саны 189 633кө жетти. Үч миңден ашык адамдын көз жумганы айтылды. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Нью-Йоркто тогуз жылдан бери жашаган Оксана Сыдыкова менен АКШдагы эпидемиялык абал тууралуу кыскача маек курду.

Оксана алгач АКШга студентик программа менен барган. Азыркы убакта Грин-карта алып, Американын жараны. Ага чейин Кыргызстанда журналистика тармагында эмгектенсе, азыркы тапта Нью-Йорк шаарында коомдук иштер менен алек.

© Фото / из личного архива Оксаны СыдыковойСыдыкова: Полиция көчөлөрдү көзөмөлдөп турат. Эгерде сиз башка адамдардын жанында турсаңыз, эки метр аралыкты сакташыңыз керек. Болбосо сизге 250 доллардан 500 долларга чейин айып салынат.
Коронавирус жашообузду өзгөрттү... Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздын маеги - Sputnik Кыргызстан
Сыдыкова: Полиция көчөлөрдү көзөмөлдөп турат. Эгерде сиз башка адамдардын жанында турсаңыз, эки метр аралыкты сакташыңыз керек. Болбосо сизге 250 доллардан 500 долларга чейин айып салынат.

— Нью-Йорктогу азыркы абалды сүрөттөп бере аласызбы?

— Кырдаал ар мүнөт сайын өзгөрүп, абдан кыйын болуп баратат. Кечээ Нью-Йорк портуна кошумча керебет, дарыгерлер жана медайымдарды алып келген чоң аскер кемеси келди. NYC конвенциялык борборунда (Javits Center) медициналык жардамга муктаж адамдарды ооруканага жаткырууга жардам иретинде вируска кабылгандарды дарылоого ыңгайлашкан үч миң керебет орнотулганы кабарланууда. Вирустун таралышына жол бербөө үчүн жарандарды шаар бийлиги үйдөн чыкпоого чакырып жатат. Бул чындыгында башка адамдарга жардам бере турган биздин жалгыз мүмкүнчүлүгүбүз. Анткени адамдардын чогулуусу же өз ара байланышы вирустун жайылышынын негизги себеби болуп жатпайбы. Бүгүнкү абал адамдардан өтө кылдаттыкты талап кылууда.

— АКШда көчөдө жүрүүдө кандай чектөө, эрежелер киргизилди?

Турай-жай имаратында дезинфекциялоо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жүрөгүм айланып, аба жетпей... COVID-19 жуктурган кыз оорунун азабы тууралуу
— Полиция көчөлөрдү көзөмөлдөп турат. Эгерде сиз башка адамдардын жанында турсаңыз, эки метр аралыкты сакташыңыз керек. Болбосо сизге 250 доллардан 500 долларга чейин айып салынат. Албетте, бул бюджетке акча чогултуу максатында эмес, адамдардын вирусту бирөөнөн экинчисине жуктуруусуна бөгөт коюу үчүн жасалган аракет. Бизге да колубузду тез-тез жууп, бет кап колдонуу керектиги байма-бай айтылууда. Бул талап учурда Нью-Йоркто эле эмес, дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө болбосун вируска кабылбоо үчүн эскертилип жатпайбы. Өзүңөр билгендей, вирустун таралышын ооздуктоонун жалгыз жолу ушул экен.

— COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө АКШ бийлиги элге кандайдыр бир болжолдуу маалыматтарды берип жатабы?

— Учурда вирус жалпы Американын чыгыш жана батыш жээктерине таасирин тийгизип, калган штаттар анын жайылышын азайтуу үчүн колунан келгендин баарын жасап жатышат. Тилекке каршы, бул кырдаал канчага чейин уланарын билбейбиз. Американын ар бир штатындагы жергиликтүү бийлик адамдардын өмүрүн сактап калууга болгон аракеттерди көрүүдө. Бирок вирусту жок кылуучу дары-дармек азырынча чыкпагандыктан, пандемиянын качан бүтөрүн эч ким айта албайт. Нью-Йоркто вирусту жаңы жуктургандардын сексен пайызы улутуна, жарандыгына карабастан алгач үйүндө атайын кароодо болот. Азыр дүйнө жүзү боюнча АКШ эң көп жабыр тарткан өлкө болгондуктан, биз өзгөчө кырдаалда күн өткөрүүдөбүз.

— АКШдагы кыргыздардын арасынан ооруп калгандар жокпу?

— Бул жактагы кыргыздардын арасынан вирус жуктургандарды кезиктире алган жокмун. Андай маалымат да укпадык. Көпчүлүгү үйдөн иштеп жатышат.

© Фото / из личного архива Оксаны СыдыковойСыдыкова: Шаарда жашоонун өзгөргөнү кадимкидей байкалды. Бул вирустун бардык адамдарга жугуу коркунучу бар да. Шаар тургундарынын маанайы пас. Коронавирус көп адамдын өмүрүн алды, токтой элек. Бирок америкалыктар дүрбөлөңгө түшүп, паникага алдырган жок.
Коронавирус жашообузду өзгөрттү... Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздын маеги - Sputnik Кыргызстан
Сыдыкова: Шаарда жашоонун өзгөргөнү кадимкидей байкалды. Бул вирустун бардык адамдарга жугуу коркунучу бар да. Шаар тургундарынын маанайы пас. Коронавирус көп адамдын өмүрүн алды, токтой элек. Бирок америкалыктар дүрбөлөңгө түшүп, паникага алдырган жок.

— Акчаны күнүнө таап жаткандар кантти?

— Түзүлгөн кризиске байланыштуу ишин жоготкондорго АКШдагы атайын кыргыз уюмдарындагы активисттер, жөнөкөй кыргыз жарандары акча чогултуп, колунан келишинче бири-бирине жардам берип жатышат.

— Өзгөчө кырдаал жашооңорду кандай өзгөрттү?

Нью-Йорктогу убактылуу мобилдик моргдор - Sputnik Кыргызстан
Нью-Йоркто ооруканалардын алдына мобилдик моргдор даярдалды
— Шаарда жашоонун өзгөргөнү кадимкидей байкалды. Бул вирустун бардык адамдарга жугуу коркунучу бар да. Шаар тургундарынын маанайы пас. Коронавирус көп адамдын өмүрүн алды, токтой элек. Бирок америкалыктар дүрбөлөңгө түшүп, паникага алдырган жок. Муну менен бирге элде ооруну жеңип чыгабыз деген  ишеними бар.

— Учурда Кыргызстанга да коронавирус келип жетти. Мекендештерге айтчу сөзүңүз барбы?

— Бир гана нерсе айтам. Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын амандыгын ойлосок үйдө болуп, көчөгө чыкпайлы.

Жаңылыктар түрмөгү
0