Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты

© Фото / Александр ФедоровНародному артисту КР, режиссеру Болоту Шамшиеву — 75. Неизвестные фото за кадром
Народному артисту КР, режиссеру Болоту Шамшиеву — 75.  Неизвестные фото за кадром - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-декабрь күнү белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 78 жаш курагында оорудан улам каза тапты.

"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" сыяктуу бүтүндөй бир муунду тарбиялаган тасмалардын режиссёру тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Туулган жери жана ата-энеси

Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде (азыркы Бишкек шаарында) жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог болгон. Өзү 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктаган. 

© Фото / Александр Федоров21-декабрь күнү белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун аяктаган
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
21-декабрь күнү белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун аяктаган

Үч ирет үйлөнгөн

Залкар режиссёрдун алгачкы жубайы актриса Айтурган Темирова эле. Экөөнүн ажырашып кетишине Шамшиевдин маектеринин биринде өзү айткандай, "мүнөздөрү келишпей калышы" себеп болгон. Азыр актриса Чехия мамлекетинде жашайт, үй-бүлөлүү. Экөөнүн бир уул, бир кызы бар. Уулу Чыңгыз Шамшиев мурда КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын ректору болгон. Учурда Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти.

Режиссёр экинчи жубайы менен чыр-чатактуу ажырашкан. Шамшиевдин үйү өрттөлгөндүгү тууралуу окуя эсиңерде болсо керек. Кийин Шамшиев өзү "10 жыл бою курган үч кабаттуу үйү менен бирге ондогон жылдар бою чогулткан архивдик документтер, сүрөттөр күйүп кеткенин" айтып жүрдү.

Кийинки жубайы Ая-София Шамшиева. Ачык булактагы маалыматтарга караганда, жубайлардын Аяна, Алинур жана Эрназар аттуу эки уулу жана бир кызы бар. 

© Фото / Александр ФедоровОңдон солду көздөй биринчи отурган Шамшиевдин уулу Чыңгыз, анын жанында отурган Болот Шамшиевдин жээни Жамила, апасы Авина Мурзаходжаева жана четте - кызы Сүйүүтай
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Оңдон солду көздөй биринчи отурган Шамшиевдин уулу Чыңгыз, анын жанында отурган Болот Шамшиевдин жээни Жамила, апасы Авина Мурзаходжаева жана четте - кызы Сүйүүтай

Уурдалып кеткен автоунаа

Тилекке каршы, үй Шамшиев үчүн жоготкон жалгыз мүлк болгон жок. 2018-жылы 9-ноябрь күнү Бишкек шаарында токтоп турган жеринен анын Мercedes-Benz Е230 унаасын айдай качышкан. Бир нече күндөн кийин автокөлүк Чүй облусунун Милянфан айылынан табылган. Уурулар машинанын баалуу бөлүктөрүн чыгарып, калганын өрттөп ийишкен экен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, эки адам кармалган. Ал эми ушул жылдын июль айында шектүүлөрдүн бири 25 жаштагы Юрий Ликов үй камагына чыгарылып, өз үйүндө көз жумган. Бул иш аягына чыктыбы, чыга элекпи, азырынча белгисиз. 

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүШамшиев көп тасмага сценарист болгон
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Шамшиев көп тасмага сценарист болгон

Депутат, элчи...

Режиссёр өзүн саясий айдыңда дагы сынап көргөн. 1989-1995-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.  Кийинчерээк, 1998-1999-жылдары, Туризм жана спорт мамлекеттик агенттигин жетектеп, 2000-2002-жылдары — Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу болгон. 

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүү1989-1995-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
1989-1995-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон

Искусство үчүн...

"Ак кемеде" бешикте сууга аккан баланын тарыхын көпчүлүк жакшы билсе керек. Ооба, ал Шамшиевдин ошол кездеги алты айлык кызы Сүйүтай болгон. "Кимдин бешиктеги баласын сууга агызам деп издеп жүрөт элем? Өзүмдүн эле алты айлык кызымды салган болчумун" деген кийин. Бул тууралуу кыздын апасы Айтурган Темированын эскерүүсүндө дал ушул сценаны тартыш үчүн аны алдап түшкү тамакка жиберип коюшканы айтылат. Ошол түнү наристенин дене табы көтөрүлүп, эне-бала бир нече күн ооруканага жатып чыгышкан экен. 

© Александр Федоров “Ак кеме” тасмасы тартылып жаткан учур
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
“Ак кеме” тасмасы тартылып жаткан учур

Эмгектери

"Кыргыз кереметинин" негиздөөчүлөрүнүн бири Шамшиев "Караш-караш", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү закымдары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин жараткан. Ошондой эле бир топ тасмага сценарист болгон. 1963-жылы студент кезинде "Аптап" тасмасында сүрөтчү Кемелдин образын жараткан. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБолот Шамшиев эки кыз, үч уулдун атасы
Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Болот Шамшиев эки кыз, үч уулдун атасы

Сыйлыктары

Шамшиев ондогон сыйлык жана мактоо баракчаларына ээ болгон. Алардын арасында Кыргыз ССРинин (1975) жана СССР эл артисти наамы да бар (1991). Бирок кийин мамлекеттик жогорку сыйлык, наам ыйгарылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0