Кызым үй-бүлөлүү киши менен мамиле куруп жүргөнүн билип калдым... Аялдын каты

CC0 / StockSnap / Кучакташып турган кыз жана жигит. Архив
Кучакташып турган кыз жана жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасында кызынын үй-бүлөлүү адам менен мамиле куруп жатканын билип, эмне кылар айласын таппай жаткан эненин каты жарыяланды.

Улуу кызым жүрөгүмдү оорутуп, мени ыңгайсыз абалга кептеди. Ал азыр 23тө. Окуусун быйыл бүтүп мамлекеттик кызматта иштеп баштаган. "Баарына өз күчү менен жетип келе жатат" деп кубанганымды кантейин. Көп адам суктанчу.

Жакында эле кызым үй-бүлөлүү адам менен жакын мамиледе экенин билдим. Болгондо да ал тууралуу өзү айтып берди.

Обращение пар к психологу - Sputnik Кыргызстан
Жаза тайдым, эми кантем?.. Жолдошунун көзүнө чөп салган келиндин каты
Үй-бүлөм тууралуу айта турган болсом, үч баланын энесимин. Жашым 51де. Жолдошум 40 жашында көз жумган. Үй-жайыбыз бар, көп убакыттан бери шаарда турабыз. Өзүм үй-бүлөлүк ооруканалардын биринде балдар дарыгеримин. Айтор, жанымда жолдошумдун жоктугу эле болбосо, жашоом жакшы.

Бирок кызымдын мындай жоругу мен үчүн күтүүсүз чоң сокку болду. Бардык энелердей мен деле "кыздарым жакшы адамга турмушка чыгып, очор-бачар болуп, бактылуу болсо экен" деп тилейм да.

Буга чейин "жумуштан бир адам менен сүйлөшүп жатам" деп чет-четин чыгарган. "Ии, жакшы адам болсо болду" деп койгом. Оюма үй-бүлөлүү адам менен сүйлөшөрү түк келген эмес. Кызымдан андайды күткөн эмесмин.

Кийин үйгө кеч келе баштады. "Чоңоюп калды" деп унчуккан жокмун.

Бир күнү жумуштан кеч кайттым. Үйгө жетерде дарбазанын түбүндө жолтандабас турганын көрдүм. Короого кирип баратсам, унаадан кызым чыга калып "апа, таанышып алыңыз" деп жанындагы адамды көрсөттү. Жашы 40тар чамасындагы костюм-шым кийген, кычыраган киши чыгып учурашса башкача боло түштүм. Кызым 23тө болсо, "сүйүктүүсү" эчак далайды көрүп койгон чоң киши экени жүрөгүмдү мыкчып алды. Эч нерсе дей албай, шаша-буша үйгө кирип кеттим. Негизи өзүм жумшак адаммын, балдарыма катуу деле айтчу эмесмин. Бирок бул ирет абдан ачуум келип, кызымды үйдө чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Бир сааттан кийин жаркылдап кызым кирип келди.

Офисте иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым мурдагы жигитин күтүп төрөбөй жүрүптүр. Ызаланган эркектин каты
Отургузуп алып тиги адамдын чоо-жайын сурасам, "апа, мен сизге көптөн бери айтайын деп жүргөм. Жумушка киргенден баштап эле бул адам мага абдан чоң колдоо көрсөттү. Жөнөкөй, кичипейил, жакшы байке. Ошондон мамилебиз жакшы болуп кетти. Азыр үй-бүлөлүү, бирок аялы экөө көптөн бери эки башка жашашат экен. Жакында расмий ажырашат" десе болобу. Эмне деп айтарымды билбей жалдырап эле туруп калдым.

Мен ооз ачкыча кызым "апа, сизди түшүнөм, бирок мени да түшүнүүгө аракет кылыңыз. Мен аны жакшы көрөм. Ал да мени жактырат. Жинденбеңиз" деп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Дайыма жаркылдап, жароокер болуп жанымда жөлөк-таяк болгон кызым ушуну айтканда эч нерсе дей албай отуруп калдым.

Менин санааркаганым — тиги карт бөрү кызымды алдап, колдонуп кетсечи? Балким, ажырашпай эле кызымды алдап жүрсөчү? Үй-бүлөсүн азыр таштай турган болсо, алардын убалына кызым калат да. Ушунун артынан ээрчип кетти деп элге-журтка кеп болуп, каргышка калсачы. Өзүнчө барып жолуксамбы дейм, кайра токтоп калам. Же бал тилге салып үйлөнөм десе кызым анын экинчи аялы болуп тиеби? Буларды ойлоп бир жумадан бери уктай албай жатам.

Эмне кылышты да билбей калдым. Ошол себептен психологдон кеңеш сурап кайрылдым. Тиги киши тууралуу маалымат чогултайын дейм, жалгыз жасай алчудай эмесмин. Тим да коё албайм. Бир күнү кызымдын ыйлап келишин каалабайм...

"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:

--Мындай окуя ар бир адамдын башына келип калышы мүмкүн. Ошондуктан мен алгач эмне себептен ушундай көйгөйлөр пайда болорун түшүндүрүп кетейин.

Психологго кайрылган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Турмушка чыгайын десем уулум каршы болууда... Аялдын каты
Эмне себептен эркек өзү менен тең курдуу эмес, жашыраагын карайт? Анткени жашташ аялдар "ток" болот. Алар бардыгын көргөн, бардыгын башынан өткөрүп койгон, турмуштук тажрыйбасы мол. Камкордук, көңүл буруу эмне экенин билет. Башкача айтканда, андай аялдын ишеничине кирип, аны таң калтыруу оңой эмес. Ал үчүн эркек көп энергиясын жумшашы керек. Тажрыйбасы мол, жашоодо бышкан аялдын жан дүйнөсүнө кирүү эркекке оңойго турбайт. Мындан улам алар өздөрүнөн жаш кыз-келиндерди тандайт. Алардын тажрыйбасы жок, эч нерсени көрө элек, ишенчээк болушат. Аларды өзүнүн ыгына көндүрүп алуу жеңил.

Эркектер жаш кыздарды тандаган дагы бир себеби, алар менен жаштыгын эстейт. Башкача айтканда картайгысы келбеген себептен дагы жаш кыз-келиндер менен жүрө баштайт. Айрымдары артында тукум калтыргысы келип, дени сак бала төрөтүш үчүн жаштарга басым жасайт. Себеби алардын организми күчтүү болот эмеспи.

Ал эми кыздын кырдаалын карай турган болсок. Кичине кезинде атасынан жетишээрлик мээрим, жылуулук көрбөгөн кыздар чоңойгондо башка эркектен ошол мамилени, жылуулукту издей берет. Бул кыз дагы мамилеси үчүн тиги кишини тез эле жактырып калса керек.

Аялдын жазган каты тууралуу айта турган болсом, кырдаал жөнөкөй эмес. Экөөнүн ортосундагы мамиле кандай экенин дыкаттык менен талдаш керек. Бирок кандай болгон күндө дагы алардын мамилесине көп тоскоолдуктар болот. Бул мамилени айлана-чөйрөдөгүлөр кабыл албай коюшу ыктымал.

Мындан сырткары, кыз болгону 23тө, эркек 40та болуп жатат. 20 жылдан кийин кыз 40ка чыкканда күйөөсү 60тан ашат. Бул убакта кыздын каалоосун эркек аткара алабы? Бул факторду да эске алуу керек. Анткени организм баары бир карыйт, экөө бирге саякаттай албай калышы мүмкүн же болбосо бул киши аялын ыраазы кылганга дарманы келбей калат. Айтор, көп маселе жаралат.

Майып адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялымды ыраазы кылгым келет, бирок кантип... Майып эркектин каты
Кыздын энеси абдан туура маселени көтөрүп жатат. Бул окуяны жөн койбой убагында ага кийлигишип жатканы туура чечим. Ал эне, абалын түшүнсө болот. Кызынын келечегине кабатырланып жатат. Бул аял башынан далай нерсени өткөргөн, турмуштук тажрыйбасы мол. Мындан ары эмне болорун жакшы билгени үчүн санааркап жатат.

Кызынын шагын сындырбашы керек, бирок жөн койгон да болбойт. Анткени азыркы учурда кызы алсыз, эч нерсе билбейт. Тиги адамдын куралына айланып калышы ыктымал. Маселени, албетте, апасы жалгыз чече албайт. Тыя берсе, кызы ого бетер күчөшү ыктымал. Ошол себептен алгач өзү психоаналитиктерге кайрылып, адистен кеңеш алсын. Экинчиден, кызы менен сүйлөшүп жаткан адамга жолугуп, анын ой-максатын билгени дурус. Чоң адамдардай экөө түшүнүшүп алышы керек.

Басымды кызга, анын келечектеги жашоосуна коюу керек. Ал өз келечегин өзү тандап, болочок жубайын да өзү тандоого укуктуу. Бирок кандай болгон күндө дагы эгер кыз бул адамды тандай турган болсо, айлана-чөйрөсү бүт өзгөрө турганын билиши керек. Досторунан кол үзөт, башка чөйрө күтөт. Эрте чоңоюп, турмушка болгон көз карашы таптакыр өзгөрүп кетиши ыктымал. Айтор, жаштыгы тез эле, билинбей өтүп кетет.

Күйөөсү досторунан кызганып, уруш-талаш болушу ыктымал. Анын баарына кыз даяр болушу керек. Ошондуктан кат жазган эне психолог, психоаналитиктер менен кеңешип аракетин баштасын. Маселе тез эле чечилип калбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0