https://sputnik.kg/20261014/1104278322.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапар менен барарын "Ынтымак ордо" кабарлады. Маалыматта өлкө башчысы президент Илхам Алиевдин чакыруусу... 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-14T11:00+0600
2026-10-14T11:00+0600
2026-10-14T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104278156_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fa38b6c312e154208d01b04902f72e3d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапар менен барарын "Ынтымак ордо" кабарлады. Маалыматта өлкө башчысы президент Илхам Алиевдин чакыруусу менен Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышары айтылат. Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.
1-декабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин маянасы жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, айлыктын жалпы суммасы кызмат ордуна, наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамдарда каралган башка төлөмдөргө жараша аныкталат. Ага ылайык, күч түзүмдөрүндө иштегендердин маянасы 10 миң сомго көбөйүп, айрым үстөк акылары азайтылат. Натыйжада жаңы кызматкерлердин айлыгы кеминде 4 миң сомго, жетиштүү кызмат өтөгөн жылдары барлардыкы 10 миң сомдон ашык көбөйөт. Өргүү акысы, кызматтан бошотуу жөлөк пулдары жана камсыздандыруу төлөмдөрү да өсөт. Күч органдарынын пенсионерлеринин акчасы да 10 миң сомго чейин жогорулайт.
Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери Москвада жолугушту. Дамир Осмонов менен Михаил Мурашко тармактагы алаканы арттыруу жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Кыргызстандын делегациясы Россиянын хирургия тармагындагы заманбап жетишкендиктери менен таанышканы айтылды.
Европа биримдиги Кыргызстанга үчүнчү мамлекет катары Афганстан жана Африкадан барган мигранттарды кабыл алууну сунуштады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламентте билдирди. Анын айтымында, ЕБ квалификациялуу кыргызстандыктардын Европа өлкөлөрүндө иштеши үчүн ушундай шарт коюуда. "Биздин жарандардын расмий иштөөсүнө шарт түзүүнү сунушташты. Биз кыргызстандыктарды түз алып иштете бергиле, бирок башка өлкөнүн мигранттарын кабыл алууга каршыбыз деп жатабыз", — деди Кулубаев. Эске салсак, Евробиримдиктин беш өлкөсү баш паанек алуудан баш тарткан мигранттарды ЕБдин чегинен сырткары жайгашкан атайын борборлорго жөнөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү пландаштырган. Долбоорго Дания, Австрия, Греция, Германия жана Нидерланддар катышуу ниетин билдирген. Ал эми биздин чөлкөмдөн Өзбекстан бар экени айтылган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы масштабдуу операция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу Axios порталына шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, тараптар Иранга каршы сокку уруу маселесин өткөн аптада эле талкуулаган. Операция Израиль менен АКШдагы боло турган шайлоолорго чейин өтүшү ыктымал экени айтылууда. Буга чейин Трамп Иранга шайлоого чейин кол салбай турганын айткан. Бирок NBC телеканалы АКШнын коопсуздук командасы Конгресске шайлоо боло электе эле Иранга каршы чоң аскердик операция баштоо варианттарын карап чыкканын кабарлаган. Ал эми Израилде парламенттик шайлоо 27-октябрга дайындалган. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн жаңы өкмөтү түзүлүшү керек.
Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапар менен барарын "Ынтымак ордо" кабарлады. Маалыматта өлкө башчысы президент Илхам Алиевдин чакыруусу менен Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышары айтылат. Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.1-декабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин маянасы жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, айлыктын жалпы суммасы кызмат ордуна, наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамдарда каралган башка төлөмдөргө жараша аныкталат. Ага ылайык, күч түзүмдөрүндө иштегендердин маянасы 10 миң сомго көбөйүп, айрым үстөк акылары азайтылат. Натыйжада жаңы кызматкерлердин айлыгы кеминде 4 миң сомго, жетиштүү кызмат өтөгөн жылдары барлардыкы 10 миң сомдон ашык көбөйөт. Өргүү акысы, кызматтан бошотуу жөлөк пулдары жана камсыздандыруу төлөмдөрү да өсөт. Күч органдарынын пенсионерлеринин акчасы да 10 миң сомго чейин жогорулайт.Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери Москвада жолугушту. Дамир Осмонов менен Михаил Мурашко тармактагы алаканы арттыруу жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Кыргызстандын делегациясы Россиянын хирургия тармагындагы заманбап жетишкендиктери менен таанышканы айтылды.Европа биримдиги Кыргызстанга үчүнчү мамлекет катары Афганстан жана Африкадан барган мигранттарды кабыл алууну сунуштады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламентте билдирди. Анын айтымында, ЕБ квалификациялуу кыргызстандыктардын Европа өлкөлөрүндө иштеши үчүн ушундай шарт коюуда. "Биздин жарандардын расмий иштөөсүнө шарт түзүүнү сунушташты. Биз кыргызстандыктарды түз алып иштете бергиле, бирок башка өлкөнүн мигранттарын кабыл алууга каршыбыз деп жатабыз", — деди Кулубаев. Эске салсак, Евробиримдиктин беш өлкөсү баш паанек алуудан баш тарткан мигранттарды ЕБдин чегинен сырткары жайгашкан атайын борборлорго жөнөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү пландаштырган. Долбоорго Дания, Австрия, Греция, Германия жана Нидерланддар катышуу ниетин билдирген. Ал эми биздин чөлкөмдөн Өзбекстан бар экени айтылган.Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы масштабдуу операция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу Axios порталына шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, тараптар Иранга каршы сокку уруу маселесин өткөн аптада эле талкуулаган. Операция Израиль менен АКШдагы боло турган шайлоолорго чейин өтүшү ыктымал экени айтылууда. Буга чейин Трамп Иранга шайлоого чейин кол салбай турганын айткан. Бирок NBC телеканалы АКШнын коопсуздук командасы Конгресске шайлоо боло электе эле Иранга каршы чоң аскердик операция баштоо варианттарын карап чыкканын кабарлаган. Ал эми Израилде парламенттик шайлоо 27-октябрга дайындалган. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн жаңы өкмөтү түзүлүшү керек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104278156_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2f7874b71f80d77faf90ef3215c47c82.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио