https://sputnik.kg/20261014/1104275117.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Бишкектеги “Светоч плюс” мектебин жаңылоого жана кеңейтүүгө 3 миллион доллар бөлдү. Жаңы окуу корпусу 450 окуучуга... 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-14T08:59+0600
2026-10-14T08:59+0600
2026-10-14T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104274951_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3b95781d6ec6ce5694be7cb6c2af4c86.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Бишкектеги “Светоч плюс” мектебин жаңылоого жана кеңейтүүгө 3 миллион доллар бөлдү. Жаңы окуу корпусу 450 окуучуга ылайыкталган. Анда физика жана химия боюнча заманбап жабдылган кабинеттер, лабораториялар, ошондой эле информатика жана робототехника класстары каралган. Мектепте STEM багытындагы сабактарды тереңдетип окутууга өзгөчө басым жасалат.Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 60 жумуш орду түзүлдү. "Иштеп жаткан мезгил аралыгында фонд билим берүү тармагындагы 54 долбоорго 25 миллион доллар бөлгөн. “Светоч плюс“ долбоору — билим берүүнү өнүктүрүүгө кошулган дагы бир салым", — деп белгиледи РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.
2027-жылдын 1-сентябрынан баштап студенттердин стипендиясы көтөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында билим алгандардын стипендиясы жогорулатылат. Жарлык жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларында окуп жаткандарга да тиешелүү.
Андрей Стенин атындагы 2026-жылкы эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрүн жарыялоо салтанаты жана алардын эмгектеринин фотокөргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Иш-чара 2026-жылдын 21-октябрынан 10-ноябрына чейин “Музей Москвы” мейкиндигинде ачык болот.Анын айтымында, бул номинация сынакка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. "Журналисттердин эң жогорку деңгээлдеги иштери кесипте өзүнчө бир багыт болуп, жаңыдан баштап жаткан жаш фотографтарга чеберчиликтин бийик сересин белгилеп бериши мүмкүн. Ал эми көрүүчүлөр менен коноктор ар кайсы өлкөдө жашаган фотожурналисттердин көзү аркылуу бүтүндөй адамзатты ойлонткон орток көйгөйлөргө жана ааламга башкача көз караш менен карай алышат", — деп кошумчалады куратор. Быйыл сынактын шорт-листине 13 өлкөдөн келген жаш фоторепортерлордун жеке сүрөттөрү жана сериялык топтомдору кирген.Сынактын калыстар тобу жалпы 36 мамлекеттен, атап айтканда, Россия, Аргентина, Иран, Бангладеш, Индонезия, Индия, Испания, Түркия жана башка өлкөлөрдөн жиберилген 2 500гө жакын эмгекти баалаган.
Чет элдик абитуриенттер Open Doors эл аралык олимпиадасына катышып, Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Каттоо 1-ноябрга чейин уланат.Олимпиадада ийгиликке жетишкендер Россияда акысыз билим алуу укугуна ээ болушат. Ошондой эле жеңүүчүлөр менен байгелүү орун алгандарга гранттык колдоо каралган. Ал жогорулатылган стипендияны, жатаканада акысыз жашоону, учуп келүү чыгымын төлөп берүүнү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин камтыйт. Бирок гранттык колдоо медициналык адистиктерге жайылтылбайт. Бишкектеги "Русский домдун" жетекчиси Альберт Зульхарнеев чет элдик абитуриенттер россиялык ЖОЖдорго тапшыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керектигин белгиледи.Зульхарнеев белгилегендей, Open Doors олимпиадасы менен Россотрудничествонун квоталык өнөктүгү бири-бирине көз каранды
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Бишкектеги “Светоч плюс” мектебин жаңылоого жана кеңейтүүгө 3 миллион доллар бөлдү. Жаңы окуу корпусу 450 окуучуга ылайыкталган. Анда физика жана химия боюнча заманбап жабдылган кабинеттер, лабораториялар, ошондой эле информатика жана робототехника класстары каралган. Мектепте STEM багытындагы сабактарды тереңдетип окутууга өзгөчө басым жасалат.Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 60 жумуш орду түзүлдү. "Иштеп жаткан мезгил аралыгында фонд билим берүү тармагындагы 54 долбоорго 25 миллион доллар бөлгөн. “Светоч плюс“ долбоору — билим берүүнү өнүктүрүүгө кошулган дагы бир салым", — деп белгиледи РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.2027-жылдын 1-сентябрынан баштап студенттердин стипендиясы көтөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында билим алгандардын стипендиясы жогорулатылат. Жарлык жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларында окуп жаткандарга да тиешелүү.Андрей Стенин атындагы 2026-жылкы эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрүн жарыялоо салтанаты жана алардын эмгектеринин фотокөргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Иш-чара 2026-жылдын 21-октябрынан 10-ноябрына чейин “Музей Москвы” мейкиндигинде ачык болот.Анын айтымында, бул номинация сынакка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. "Журналисттердин эң жогорку деңгээлдеги иштери кесипте өзүнчө бир багыт болуп, жаңыдан баштап жаткан жаш фотографтарга чеберчиликтин бийик сересин белгилеп бериши мүмкүн. Ал эми көрүүчүлөр менен коноктор ар кайсы өлкөдө жашаган фотожурналисттердин көзү аркылуу бүтүндөй адамзатты ойлонткон орток көйгөйлөргө жана ааламга башкача көз караш менен карай алышат", — деп кошумчалады куратор. Быйыл сынактын шорт-листине 13 өлкөдөн келген жаш фоторепортерлордун жеке сүрөттөрү жана сериялык топтомдору кирген.Сынактын калыстар тобу жалпы 36 мамлекеттен, атап айтканда, Россия, Аргентина, Иран, Бангладеш, Индонезия, Индия, Испания, Түркия жана башка өлкөлөрдөн жиберилген 2 500гө жакын эмгекти баалаган.Чет элдик абитуриенттер Open Doors эл аралык олимпиадасына катышып, Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Каттоо 1-ноябрга чейин уланат.Олимпиадада ийгиликке жетишкендер Россияда акысыз билим алуу укугуна ээ болушат. Ошондой эле жеңүүчүлөр менен байгелүү орун алгандарга гранттык колдоо каралган. Ал жогорулатылган стипендияны, жатаканада акысыз жашоону, учуп келүү чыгымын төлөп берүүнү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин камтыйт. Бирок гранттык колдоо медициналык адистиктерге жайылтылбайт. Бишкектеги "Русский домдун" жетекчиси Альберт Зульхарнеев чет элдик абитуриенттер россиялык ЖОЖдорго тапшыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керектигин белгиледи.Зульхарнеев белгилегендей, Open Doors олимпиадасы менен Россотрудничествонун квоталык өнөктүгү бири-бирине көз каранды
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104274951_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bd70712f5cf94bb3bc8ffe5eb15b0b0f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио