...Ушундай күнгө туш болом деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Кырсык айттырбай келет экен. Курулуш жаатында иштечүмүн. Төрт жыл мурда көп кабаттуу үй салып жатып кулап, ошол бойдон баспай калдым. Азыр арабада отурам. Дарыгерлер операция кылса болорун айтышты, бирок ага оңбогондой акча кетет экен. Мындай эле дарыланып жүрөм.
Төрт жыл мурда эле күүлүү-күчтүү, үй-бүлөмдү баккан, эч кимдин көзүн карабаган эркек элем, жыл өткөн сайын чүнчүй баштадым. Өзүмдү үй-бүлөмө жүк болгондой сезе берем. Балдарым дагы жаш, мектепте окушат. Азыр мен 40тамын, аялым эки жаш кичүү. Кырсыктап, төшөккө жатып калганга чейин аялым балдар менен үйдө эле. Кесиби боюнча мугалим, бирок ал жумушун таштап тигүү цехинде иштөөгө аргасыз болду. Кеп-сөзү аз, оор басырыктуу адам. Астрамды аябай жакшы көрөм. Артынан чуркап жүрүп алгам, азыр да ошондой сүйөм. Ысыгыма күйүп, суугума тоңуп дайым жанымда.
Үйдө отуруп ичимен өзүмдү-өзүм мите курттай жеп, ар кайсыны ойлой берем. Бул абалдан кантип чыгам? Өмүр бою арабада отуруп калсам, аялыма жүк болуп жүрүп өтүп кетемби?
Кара күч менен иштеген адам отуруп алып да эч нерсе кыла албайт экен. Телевизор көрүп, гезит окуйм. Үйдөгү колуман келген жумуштарды бүтүрүп коём. Андан башка азыр аялымдын көңүлүн кантип алып, ага кантип жардам бере алам? Аны кээде аяйм, бирок жардам бере албайм. Таптакыр чүнчүп, депрессияга кабылгым келбейт.
Психологго, анонимдүү түрдө кат жазууга аргасыз болдум. Бетме-бет отуруп сүйлөшөйүн дейм, бара албайм. Тартынам, дос-тааныштар көрүп калса эмне болот деп ойлойм. Анын үстүнө сөзсүз бирөө жарымдын жардамы керек. Аялым деле ырбаган жараны чукубайын дегенсип билмексен болуп жүрөт...
"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:
--Кат жазган киши майып болуп, баспай калганын биринчи кезекте өзү кабыл алышы керек. Бул маңдайга жазган жазмыш. Анчалык чоң трагедия эмес. Алтын башы аман, балдары түгөл, аялы маңдайында. Бул адамды деле түшүнсө болот. Көнө албай жатат, коркуу сезимдери бар. Бирок ичинен күйүп-бышып, жаман нерселерди ойлоп, кейий берсе депрессияга кабылат.
Бул кырдаалда кат жазган кишинин аялынан да көп нерсе көз каранды. Ошондуктан экөө ичинен эле күйүп-быша бербей ачык сүйлөшүп, сексопатологго, психолог, психотерапевтке кайрылышсын. Алардын кеңеши, көмөгү менен баарын жакшынакай чечип алса болот.
Дагы бир кеңешим, кол менен жасаган жумуштарды үйрөнүп, акча табууга аракет кылыш керек. Аялы анын аракетин көрсө да, балким, жүрөгү жылып, башкача мамиле кылар. Азыр бул адамдын аялы "кетем" деп айта элек, балдары маңдайында. Ошол бактылуу үй-бүлөнү сактап калам десе өзүн кандай болсо, ошондой кабыл алсын, аялы менен мамилесин ачык сүйлөшсүн. Башкысы жашоо үчүн күрөшүп, аракетин токтотпосун.
Эгер психологго бара албаса, Skype же башка видео менен сүйлөшүүгө боло турган тиркемелер аркылуу кеңеш алса болот.