00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
On air
18:08
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү. Ага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо министрлери, ошондой эле Шериктештик катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Келгендер 2026-жылдагы аскердик кызматташууну өнүктүрүү боюнча жасалган иштин жыйынтыгын чыгарып, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту, аймактык туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле аскерлердин ыкчам даярдыгын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси — коргоо министринин биринчи орун басары Тариэл Отонбаев кыргыз армиясынын абалы жана анын даярдыгын жогорулатуудагы негизги багыттар боюнча доклад окуду. Жыйын катышуучулары эл аралык аскер машыгууларын өткөрүүдөгү, БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуудагы тажрыйбалары менен бөлүшкөн. Мында негизинен россиялык армиянын атайын аскердик операциянын жүрүшүндө алган көндүмдөрү тууралуу сөз болду. Мындан тышкары, учкучсуз аппараттарды жана робот техникасын чабуул коюуда жана коргонууда колдонууга өзгөчө көңүл бурулганы айтылды.
Президенттин кеңешчиси Россия менен кызматташуу технологияларга, рынокторго жана каржылык инструменттерге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин айтты Марат Иманкулов экономиканын өсүшү өнөр жай базасынын кеңейиши, жаңы ишканалардын жана жумуш орундарынын түзүлүшү, ошондой эле экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйүшү менен коштолушу керектигин белгиледи. Ал бул багытта россиялык жана башка чет өлкөлүк инвесторлор маанилүү роль ойной аларын айтты. “Россия — биздин стратегиялык өнөктөшүбүз жана союздашыбыз. Бизди тарыхый жана гуманитардык байланыштар гана эмес, ЕАЭБ алкагындагы жалпы экономикалык мейкиндик да бириктирет”, — деди Иманкулов.
Транспорттук компаниялар Россияга товарды тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн жеңил өнөр жайдагы ак ниет өндүрүүчүлөрдүн тизмесин түзүүнү сунуштады Компаниялардын биринин өкүлү Ольга Николаеванын айтымында, бажы мындай товарларга тобокелдик профилин колдонууда. Кошумча текшерүүлөр эки айга чейин созулуп, өндүрүүчүлөргө зыян келтирип жатат. “Жеңил өнөр жайдагы ак ниет өндүрүүчүлөрдү тобокелдиктерди башкаруу системасынан кантип чыгарууга болот?” — деп сурады ал EXPO EURASIA KYRGYZSTAN эл аралык көргөзмөсүнүн алкагындагы пленардык сессияда. Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов бул маселе боюнча өткөн жылдан бери иш жүрүп жатканын айтты. “Товардын өтүшү тууралуу алдын ала кабарлоо системасы бар. Кыргызстан аны 2021-жылдын февралында эле киргизген. Алгач кыйынчылыктар болгон, бирок азыр маселе чечилди. Кыргызстанда товар өндүрүп, аны экспорттогон ак ниет компанияларды Россиянын Бажы кызматы өзүнчө карайт”, — деди ал.
Чек ара кызматы рэпер Navai баңгизат менен көзөмөлдөн кантип өтүп кеткенин тактап жатканын кабарлады. Мекеме эгерде чек арачылардын аракеттеринде мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Эске салсак, кечээ казакстандык чек арачылар рэпер Наваи Бакировду Кыргызстандан чыккандан кийин кармашкан. Анын унаасынан 2,5 грамм марихуана табылган. Рэпердин Астанада концерти өтмөк. Ага чейин ал Бишкекте концерт берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0