https://sputnik.kg/20261014/1104285002.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мурдагы мүчөсү Аймен Касенов биринчилерден болуп президентикке талапкерлигин койду. Ал бүгүн арыз менен... 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-14T15:00+0600
2026-10-14T15:00+0600
2026-10-14T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104284836_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d054561fde22d8c3cb6d2259385c9fda.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мурдагы мүчөсү Аймен Касенов биринчилерден болуп президентикке талапкерлигин койду. Ал бүгүн арыз менен кайрылганын Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Касенов буга чейин 2021-жылкы президенттик шайлоого дагы катышкан. Талапкердин кичи мекени — Ысык-Көл облусу. Бирок Бишкек шаарында туулган. Экономикалык жана юридикалык билими бар. Алдыдагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШК талапкер болгусу келгендерден арыздарды ушул жылдын 13-ноябрына чейин кабыл алат.
Кыргызстан эттин баасын кармоо үчүн Россиядан мал сатып алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков парламентте билдирди. "Россиядан мал сатып алып, үстөгү жок сатуу үчүн өткөрүп бердик. Ага транспорттук чыгымдар гана кошулду. Бул малдын баасын төмөндөттү. Эми эт да арзандайт деп ойлойбуз", — деди ал. Эске салсак, өлкөдө эттин баасын турукташтыруу жана ички рынокту мал менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча өкмөт бир катар чараларды пландаган. Анын алкагында ЕАЭБге кирген Казакстан, Россия, Беларустан кеминде 20 миң уй жана бука сатып алуу каралган. Ошондой эле этти жана эт азыктарын ортомчуларсыз түз сатуу үчүн 100 соода күркөсүн ачуу пландалууда.
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулун алууга эми "Түндүк" аркылуу арыз берсе болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, ал үчүн баланын төрөлүшү ЗАГСта катталышы керек. Ошондой эле Калкты тейлөө борборуна барып арыз берүү мүмкүнчүлүгү да сакталат. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул катары 4 миң сом берилет. Үч же андан көп бала бир төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.
Кыргызстанда 90 миң киши кант диабети боюнча расмий каттоодо турат. Бул тууралуу Эндокринологиялык диспансердин дарыгери Айсулуу Стамкулова Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, оорулуулардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүн. "Бул расмий каттоодон өткөн бейтаптар. Дарты тууралуу билип, бирок кайсы бир себептерден улам дарыгерге кайрылбай жүргөндөр да бар. Илдети тууралуу таптакыр кабары жоктор да кездешет", — деди Стамкулова. Ал катталган бейтаптардын көбү кант диабетинин экинчи тиби менен жабыркай турганын белгиледи. Биринчи тибине кабылгандардын саны 10-12 пайызды түзөт. "2025-жылга берилген маалымат боюнча, каттоодон өткөн 90 миң бейтаптын 10 пайызын биринчи типтеги диабетке кабылган балдар түзөт. 2026-жылдын соңуна чейин бул көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн", — деди Стамкулова. Адис семирүү экинчи типтеги кант диабетин жана башка ооруларды шартташы мүмкүн экенин белгиледи. Ашыкча салмак муун, омуртка, кан тамыр ооруларына, атеросклероз, инфаркт жана инсульт илдеттерине кептей турганы кошумчаланды.
Бул түнү Украинада Starlink терминалдарынын иштөөсү чектелди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коргоо министринин мурдагы кеңешчиси Сергей Стерненко өзунүн Telegram каналына жазып чыкты. Анын айтымында, ушундан улам бир катар "маанилүү миссиялар" аткарылбай калган. Стерненко SpaceX компаниясы бул кадамга Трамптын администрациясынын каалоосу менен барды деп болжолдоп жатат. Буга чейин Зеленский эки күн катары менен Украина батыш өлкөлөрүнөн Россиянын баллистикалык ракеталарын учуруу боюнча чалгындоо маалыматтарын албай жатканына даттанган.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мурдагы мүчөсү Аймен Касенов биринчилерден болуп президентикке талапкерлигин койду. Ал бүгүн арыз менен кайрылганын Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Касенов буга чейин 2021-жылкы президенттик шайлоого дагы катышкан. Талапкердин кичи мекени — Ысык-Көл облусу. Бирок Бишкек шаарында туулган. Экономикалык жана юридикалык билими бар. Алдыдагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШК талапкер болгусу келгендерден арыздарды ушул жылдын 13-ноябрына чейин кабыл алат.Кыргызстан эттин баасын кармоо үчүн Россиядан мал сатып алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков парламентте билдирди. "Россиядан мал сатып алып, үстөгү жок сатуу үчүн өткөрүп бердик. Ага транспорттук чыгымдар гана кошулду. Бул малдын баасын төмөндөттү. Эми эт да арзандайт деп ойлойбуз", — деди ал. Эске салсак, өлкөдө эттин баасын турукташтыруу жана ички рынокту мал менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча өкмөт бир катар чараларды пландаган. Анын алкагында ЕАЭБге кирген Казакстан, Россия, Беларустан кеминде 20 миң уй жана бука сатып алуу каралган. Ошондой эле этти жана эт азыктарын ортомчуларсыз түз сатуу үчүн 100 соода күркөсүн ачуу пландалууда."Балага сүйүнчү" жөлөк пулун алууга эми "Түндүк" аркылуу арыз берсе болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, ал үчүн баланын төрөлүшү ЗАГСта катталышы керек. Ошондой эле Калкты тейлөө борборуна барып арыз берүү мүмкүнчүлүгү да сакталат. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул катары 4 миң сом берилет. Үч же андан көп бала бир төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.Кыргызстанда 90 миң киши кант диабети боюнча расмий каттоодо турат. Бул тууралуу Эндокринологиялык диспансердин дарыгери Айсулуу Стамкулова Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, оорулуулардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүн. "Бул расмий каттоодон өткөн бейтаптар. Дарты тууралуу билип, бирок кайсы бир себептерден улам дарыгерге кайрылбай жүргөндөр да бар. Илдети тууралуу таптакыр кабары жоктор да кездешет", — деди Стамкулова. Ал катталган бейтаптардын көбү кант диабетинин экинчи тиби менен жабыркай турганын белгиледи. Биринчи тибине кабылгандардын саны 10-12 пайызды түзөт. "2025-жылга берилген маалымат боюнча, каттоодон өткөн 90 миң бейтаптын 10 пайызын биринчи типтеги диабетке кабылган балдар түзөт. 2026-жылдын соңуна чейин бул көрсөткүч өзгөрүшү мүмкүн", — деди Стамкулова. Адис семирүү экинчи типтеги кант диабетин жана башка ооруларды шартташы мүмкүн экенин белгиледи. Ашыкча салмак муун, омуртка, кан тамыр ооруларына, атеросклероз, инфаркт жана инсульт илдеттерине кептей турганы кошумчаланды.Бул түнү Украинада Starlink терминалдарынын иштөөсү чектелди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коргоо министринин мурдагы кеңешчиси Сергей Стерненко өзунүн Telegram каналына жазып чыкты. Анын айтымында, ушундан улам бир катар "маанилүү миссиялар" аткарылбай калган. Стерненко SpaceX компаниясы бул кадамга Трамптын администрациясынын каалоосу менен барды деп болжолдоп жатат. Буга чейин Зеленский эки күн катары менен Украина батыш өлкөлөрүнөн Россиянын баллистикалык ракеталарын учуруу боюнча чалгындоо маалыматтарын албай жатканына даттанган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104284836_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_64171914c9a09f7020d88dfc1f925872.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио