https://sputnik.kg/20261015/1104312155.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш айлык акыны индексациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.Документке ылайык, баа өскөн учурда жарандардын сатып алуу... 15.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-15T17:00+0600
2026-10-15T17:00+0600
2026-10-15T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104311989_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_94c27bcdba2401a9b5bc821fded92674.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш айлык акыны индексациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.Документке ылайык, баа өскөн учурда жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн айлык да жогорулатылышы керек. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасын индексациялоо тартибин мамлекет, ал эми жеке компанияларда иш берүүчүлөр аныктайт.Индексациялоо — баалар өскөн учурда эмгек акынын, пенсиянын же башка кирешелердин өлчөмүн жогорулатуу механизми. Жалпак тил менен айтканда, эгер товарлар менен кызматтар кымбаттап кетсе, индексация аркылуу айлык акы да ошого жараша көбөйтүлөт.
Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү. Ага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо министрлери, ошондой эле Шериктештик катчылыгынын өкүлдөрү катышты.Келгендер 2026-жылдагы аскердик кызматташууну өнүктүрүү боюнча жасалган иштин жыйынтыгын чыгарып, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту, аймактык туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле аскерлердин ыкчам даярдыгын уюштуруу маселелерин талкуулашты.Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси — коргоо министринин биринчи орун басары Тариэл Отонбаев кыргыз армиясынын абалы жана анын даярдыгын жогорулатуудагы негизги багыттар боюнча доклад окуду. Жыйын катышуучулары эл аралык аскер машыгууларын өткөрүүдөгү, БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуудагы тажрыйбалары менен бөлүшкөн. Мында негизинен россиялык армиянын атайын аскердик операциянын жүрүшүндө алган көндүмдөрү тууралуу сөз болду.Мындан тышкары, учкучсуз аппараттарды жана робот техникасын чабуул коюуда жана коргонууда колдонууга өзгөчө көңүл бурулганы айтылды.
Чек ара кызматы рэпер Navai баңгизат менен көзөмөлдөн кантип өтүп кеткенин тактап жатканын кабарлады.Мекеме эгерде чек арачылардын аракеттеринде мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Эске салсак, кечээ казакстандык чек арачылар рэпер Наваи Бакировду Кыргызстандан чыккандан кийин кармашкан. Анын унаасынан 2,5 грамм марихуана табылган.Рэпердин Астанада концерти өтмөк. Ага чейин ал Бишкекте концерт берген.
Кыргызстандагы транспорттук компаниялар Россияга товарды тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн жеңил өнөр жайдагы ак ниет өндүрүүчүлөрдүн тизмесин түзүүнү сунушташты. Компаниялардын биринин өкүлү Ольга Николаеванын айтымында, бажы мындай товарларга тобокелдик профилин колдонууда. Кошумча текшерүүлөр эки айга чейин созулуп, өндүрүүчүлөргө зыян келтирип жатат. "Жеңил өнөр жайдагы ак ниет өндүрүүчүлөрдү тобокелдиктерди башкаруу системасынан кантип чыгарууга болот?" — деп сурады ал EXPO EURASIA KYRGYZSTAN эл аралык көргөзмөсүнүн алкагындагы пленардык сессияда. Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов бул маселе боюнча өткөн жылдан бери иш жүрүп жатканын айтты."Товардын өтүшү тууралуу алдын ала кабарлоо системасы бар. Кыргызстан аны 2021-жылдын февралында эле киргизген. Алгач кыйынчылыктар болгон, бирок азыр маселе чечилди. Кыргызстанда товар өндүрүп, аны экспорттогон ак ниет компанияларды Россиянын Бажы кызматы өзүнчө карайт", — деди ал.Мындай тизменин түзүлүшү бажы процедураларын жеңилдетип, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн РФ рыногуна товар жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга өбөлгө болуп бере алмак.
Жогорку Кеңеш айлык акыны индексациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.Документке ылайык, баа өскөн учурда жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн айлык да жогорулатылышы керек. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасын индексациялоо тартибин мамлекет, ал эми жеке компанияларда иш берүүчүлөр аныктайт.Индексациялоо — баалар өскөн учурда эмгек акынын, пенсиянын же башка кирешелердин өлчөмүн жогорулатуу механизми. Жалпак тил менен айтканда, эгер товарлар менен кызматтар кымбаттап кетсе, индексация аркылуу айлык акы да ошого жараша көбөйтүлөт.Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү. Ага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо министрлери, ошондой эле Шериктештик катчылыгынын өкүлдөрү катышты.Келгендер 2026-жылдагы аскердик кызматташууну өнүктүрүү боюнча жасалган иштин жыйынтыгын чыгарып, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту, аймактык туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле аскерлердин ыкчам даярдыгын уюштуруу маселелерин талкуулашты.Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси — коргоо министринин биринчи орун басары Тариэл Отонбаев кыргыз армиясынын абалы жана анын даярдыгын жогорулатуудагы негизги багыттар боюнча доклад окуду. Жыйын катышуучулары эл аралык аскер машыгууларын өткөрүүдөгү, БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуудагы тажрыйбалары менен бөлүшкөн. Мында негизинен россиялык армиянын атайын аскердик операциянын жүрүшүндө алган көндүмдөрү тууралуу сөз болду.Мындан тышкары, учкучсуз аппараттарды жана робот техникасын чабуул коюуда жана коргонууда колдонууга өзгөчө көңүл бурулганы айтылды.Чек ара кызматы рэпер Navai баңгизат менен көзөмөлдөн кантип өтүп кеткенин тактап жатканын кабарлады.Мекеме эгерде чек арачылардын аракеттеринде мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Эске салсак, кечээ казакстандык чек арачылар рэпер Наваи Бакировду Кыргызстандан чыккандан кийин кармашкан. Анын унаасынан 2,5 грамм марихуана табылган.Рэпердин Астанада концерти өтмөк. Ага чейин ал Бишкекте концерт берген.Кыргызстандагы транспорттук компаниялар Россияга товарды тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн жеңил өнөр жайдагы ак ниет өндүрүүчүлөрдүн тизмесин түзүүнү сунушташты. Компаниялардын биринин өкүлү Ольга Николаеванын айтымында, бажы мындай товарларга тобокелдик профилин колдонууда. Кошумча текшерүүлөр эки айга чейин созулуп, өндүрүүчүлөргө зыян келтирип жатат. "Жеңил өнөр жайдагы ак ниет өндүрүүчүлөрдү тобокелдиктерди башкаруу системасынан кантип чыгарууга болот?" — деп сурады ал EXPO EURASIA KYRGYZSTAN эл аралык көргөзмөсүнүн алкагындагы пленардык сессияда. Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов бул маселе боюнча өткөн жылдан бери иш жүрүп жатканын айтты."Товардын өтүшү тууралуу алдын ала кабарлоо системасы бар. Кыргызстан аны 2021-жылдын февралында эле киргизген. Алгач кыйынчылыктар болгон, бирок азыр маселе чечилди. Кыргызстанда товар өндүрүп, аны экспорттогон ак ниет компанияларды Россиянын Бажы кызматы өзүнчө карайт", — деди ал.Мындай тизменин түзүлүшү бажы процедураларын жеңилдетип, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн РФ рыногуна товар жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга өбөлгө болуп бере алмак.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104311989_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_39b721593b3ee41e301426d8e92f5e7d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио