https://sputnik.kg/20261014/1104288536.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу келечек муундун коопсуз, билимдүү жана тарбиялуу болуп өсүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкек... 14.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-14T17:00+0600
2026-10-14T17:00+0600
2026-10-14T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104288369_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_15a4d6bb64984952a7213bc767c4e894.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу келечек муундун коопсуз, билимдүү жана тарбиялуу болуп өсүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы "Мурас" турак жай комплексинин батирлерин тапшыруу аземинде билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, билимдүү жана тарбиялуу жаштар өлкөнүн келечектеги интеллектуалдык потенциалын түзөт. Ошондуктан жарандарга татыктуу жашоо шарттарын түзүү маанилүү. Садыр Жапаров турак жай менен камсыз кылуу коом үчүн маанилүү кесип ээлерин жана тажрыйбалуу адистерди өлкөдө алып калууга да өбөлгө түзөрүн белгиледи. "Мындан тышкары, коомубуздун тиреги болгон мугалимдерди, дарыгерлерди, маданият ишмерлерин жана башка тажрыйбалуу адистерди башка тармактарга же чет өлкөгө кетүүдөн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени өз үйү бар адис башка көйгөйлөргө алаксыбай, билимин жана күчүн коомго, мамлекетке жумшайт", — деди президент.
Россия Кыргызстанга салыктык башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн салык кызматтары тиешелүү келишимге кол коюшту. Документке Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жана Россиянын Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Юлия Шепелева Бангкок шаарында өткөн Дүйнөлүк банктын тобу менен Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жыйынынын алкагында кол коюшкан. Жолугушууда Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү салыктык жол-жоболорду жарандар жана ишкерлер үчүн жеңилдетүүгө багытталышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, учурда салык кызматы экономикалык операциялардан алынган маалыматтарды автоматтык түрдө талдоо моделине өтүүдө. Бул салыктык башкаруу процесстерин өркүндөтүүгө багытталган.
Кыргызстандын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жыл башынан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, ошондой эле ишкерлерди инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча окутуп келет. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, окуу программаларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) мыйзамдары, долбоорлорду башкаруу жана жеке инвестицияларды тартуу механизмдери камтылган. Талас шаарында базалык окуу курсун 30дан ашык кызматкер аяктап, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту. Мындан тышкары, Бишкек шаарында, Чүй жана Нарын облустарында атайын тренингдер уюштурулду. Ошондой эле Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы ишкерлерге инвестиция тартуу, долбоорлорду каржылоо, жер тилкелерин алуу жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө маселелери боюнча маалымат берилип, консультациялык жардам көрсөтүлдү.
АКШ чалгын маалыматтарын бербей койсо, Украина аскердик пландарын жүзөгө ашыра албай калат. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Роман Костенко британиялык Times басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, европалык атайын кызматтар бул жагынан АКШнын ордун бат эле толуктай алат деп ойлоо реалдуулуктан өтө эле алыс болуп калат. Буга чейин CNN телеканалы АКШ Киевге чалгын маалыматтарын берүүнү токтотушу мүмкүн экенин жазган. Кийин Владимир Зеленский да батыш өлкөлөрү ракеталар тууралуу маалымат бербей койгонун тастыктаган. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар маалымат берүүнү улантып жатканын билдирген.
Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу келечек муундун коопсуз, билимдүү жана тарбиялуу болуп өсүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы "Мурас" турак жай комплексинин батирлерин тапшыруу аземинде билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, билимдүү жана тарбиялуу жаштар өлкөнүн келечектеги интеллектуалдык потенциалын түзөт. Ошондуктан жарандарга татыктуу жашоо шарттарын түзүү маанилүү. Садыр Жапаров турак жай менен камсыз кылуу коом үчүн маанилүү кесип ээлерин жана тажрыйбалуу адистерди өлкөдө алып калууга да өбөлгө түзөрүн белгиледи. "Мындан тышкары, коомубуздун тиреги болгон мугалимдерди, дарыгерлерди, маданият ишмерлерин жана башка тажрыйбалуу адистерди башка тармактарга же чет өлкөгө кетүүдөн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени өз үйү бар адис башка көйгөйлөргө алаксыбай, билимин жана күчүн коомго, мамлекетке жумшайт", — деди президент. Россия Кыргызстанга салыктык башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн салык кызматтары тиешелүү келишимге кол коюшту. Документке Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жана Россиянын Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Юлия Шепелева Бангкок шаарында өткөн Дүйнөлүк банктын тобу менен Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жыйынынын алкагында кол коюшкан. Жолугушууда Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү салыктык жол-жоболорду жарандар жана ишкерлер үчүн жеңилдетүүгө багытталышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, учурда салык кызматы экономикалык операциялардан алынган маалыматтарды автоматтык түрдө талдоо моделине өтүүдө. Бул салыктык башкаруу процесстерин өркүндөтүүгө багытталган. Кыргызстандын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жыл башынан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, ошондой эле ишкерлерди инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча окутуп келет. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, окуу программаларында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) мыйзамдары, долбоорлорду башкаруу жана жеке инвестицияларды тартуу механизмдери камтылган. Талас шаарында базалык окуу курсун 30дан ашык кызматкер аяктап, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту. Мындан тышкары, Бишкек шаарында, Чүй жана Нарын облустарында атайын тренингдер уюштурулду. Ошондой эле Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы ишкерлерге инвестиция тартуу, долбоорлорду каржылоо, жер тилкелерин алуу жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө маселелери боюнча маалымат берилип, консультациялык жардам көрсөтүлдү. АКШ чалгын маалыматтарын бербей койсо, Украина аскердик пландарын жүзөгө ашыра албай калат. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Роман Костенко британиялык Times басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, европалык атайын кызматтар бул жагынан АКШнын ордун бат эле толуктай алат деп ойлоо реалдуулуктан өтө эле алыс болуп калат. Буга чейин CNN телеканалы АКШ Киевге чалгын маалыматтарын берүүнү токтотушу мүмкүн экенин жазган. Кийин Владимир Зеленский да батыш өлкөлөрү ракеталар тууралуу маалымат бербей койгонун тастыктаган. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар маалымат берүүнү улантып жатканын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0e/1104288369_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ddf807d6343c7dad2ed42033a30d8e35.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио