https://sputnik.kg/20261015/1104316518.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Никол Пашиняндын чакыруусу менен 15-17-октябрда Арменияга расмий сапар менен барат. Бул туурасында "Ынтымак ордо" кабарлады.Президент... 15.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-15T19:00+0600
2026-10-15T19:00+0600
2026-10-15T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104316352_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_62f6fe11a539a9b154002df23fb8b59f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Никол Пашиняндын чакыруусу менен 15-17-октябрда Арменияга расмий сапар менен барат. Бул туурасында "Ынтымак ордо" кабарлады.Президент БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптар конференциясынын алкагындагы лидерлердин саммитине катышат. Мамлекет башчысы Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт. Бир катар документтерге кол коюу пландалууда.Жапаров кечээ жана бүгүн Азербайжанда болуп, Азиядагы өз ара иштешүүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мамлекет башчыларынын саммитине катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу-методикалык комплекстер боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Жыйында 2027–2030-жылдарга Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу маселеси талкууланды. Белгиленгендей, бул жылдар аралыгында болжол менен 38 млн нуска окуу материалдарын басып чыгаруу зарыл. Жыйындан соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга президенттин жарлыгын ишке ашырууга жана 2027–2030-жылдарга карата мамлекеттик программаны өз убагында даярдоону камсыздоого багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.
Кыргызстан Палестина менен алаканы чыңдоого кызыкдар жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын жайылышына жол берилбеши керек деп эсептейт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Бакуда өткөн саммитте сүйлөп жатканда билдирди."Биз аймактагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Өз ара ишенимди бекемдөө, чыңалууну күчөтүүдөн баш тартуу, эл аралык укуктун ченемдерин урматтоо жана мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүү Жакынкы Чыгышта узак мөөнөттүү тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзө алат", — деди президент Жапаров.Президент Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин саясий эрки жана түз диалогу аркылуу бир катар татаал маселелерди жөнгө салууга мүмкүн болгонун белгиледи.
Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 405 тоннадан ашык ун берди. Бул туурасында аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага Россиянын башкы консулу Роман Свистин, "Руский дом" уюмунун жетекчиси Дмитрий Аврам жана уюмдун Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты. Эске салсак, сентябрда Ош шаарындагы кампага 473,2 тонна ун жана 67,5 тонна майдаланган буурчак жеткирилген.Соңку маалыматтарга таянсак, 2008-жылдан бери Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программаларын колдоого 118,5 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жыл ичинде РФ өкмөтү менен уюм өлкөдө шашылыш жардам, калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программаларын ишке ашырып келет.
Президент Садыр Жапаров Никол Пашиняндын чакыруусу менен 15-17-октябрда Арменияга расмий сапар менен барат. Бул туурасында "Ынтымак ордо" кабарлады.Президент БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптар конференциясынын алкагындагы лидерлердин саммитине катышат. Мамлекет башчысы Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт. Бир катар документтерге кол коюу пландалууда.Жапаров кечээ жана бүгүн Азербайжанда болуп, Азиядагы өз ара иштешүүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мамлекет башчыларынын саммитине катышты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу-методикалык комплекстер боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Жыйында 2027–2030-жылдарга Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу маселеси талкууланды. Белгиленгендей, бул жылдар аралыгында болжол менен 38 млн нуска окуу материалдарын басып чыгаруу зарыл. Жыйындан соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга президенттин жарлыгын ишке ашырууга жана 2027–2030-жылдарга карата мамлекеттик программаны өз убагында даярдоону камсыздоого багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.Кыргызстан Палестина менен алаканы чыңдоого кызыкдар жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын жайылышына жол берилбеши керек деп эсептейт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Бакуда өткөн саммитте сүйлөп жатканда билдирди."Биз аймактагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Өз ара ишенимди бекемдөө, чыңалууну күчөтүүдөн баш тартуу, эл аралык укуктун ченемдерин урматтоо жана мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүү Жакынкы Чыгышта узак мөөнөттүү тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзө алат", — деди президент Жапаров.Президент Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин саясий эрки жана түз диалогу аркылуу бир катар татаал маселелерди жөнгө салууга мүмкүн болгонун белгиледи.Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында 405 тоннадан ашык ун берди. Бул туурасында аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага Россиянын башкы консулу Роман Свистин, "Руский дом" уюмунун жетекчиси Дмитрий Аврам жана уюмдун Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты. Эске салсак, сентябрда Ош шаарындагы кампага 473,2 тонна ун жана 67,5 тонна майдаланган буурчак жеткирилген.Соңку маалыматтарга таянсак, 2008-жылдан бери Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программаларын колдоого 118,5 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жыл ичинде РФ өкмөтү менен уюм өлкөдө шашылыш жардам, калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программаларын ишке ашырып келет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104316352_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2ef37c5af0cda001ad32341fd6c743d0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио