00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
6 мин
Ачык кеп
Үч айда курулуп бүткөн Кырчын этно шаарчасы, элге канча жыл кызмат кыла алат?
15:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Массаж без чудес: как отличить специалиста от любителя
16:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Франшиза и контроль качества: что меняется в подготовке врачей в Кыргызстане?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Чет өлкөдөн кармалып келген активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-октябрда чыгарганын билдирди. Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" жана "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айып коюлуп жатат. Ички иштер министрлиги аны кечээ алып келингенин кабарлаган, бирок кайсы өлкөдөн кармап келгенин тактаган жок. Милиция шектүү буга чейин жарандан биргелешкен иш жүргүзүү шылтоосу менен 150 миң доллар алдап алганы үчүн изделип жүргөнүн билдирди. Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин интернетке митинг өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга чакырган материалдарды жарыялай баштаганы айтылды.
Кыргызстан эттин баасын кармоо үчүн Россиядан мал сатып алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков парламентте билдирди."Россиядан мал сатып алып, үстөгү жок сатуу үчүн өткөрүп бердик. Ага транспорттук чыгымдар гана кошулду. Бул малдын баасын төмөндөттү. Эми эт да арзандайт деп ойлойбуз", — деди ал.Эске салсак, өлкөдө эттин баасын турукташтыруу жана ички рынокту мал менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча өкмөт бир катар чараларды пландаган. Анын алкагында ЕАЭБге кирген Казакстан, Россия, Беларустан кеминде 20 миң уй жана бука сатып алуу каралган.Ошондой эле этти жана эт азыктарын ортомчуларсыз түз сатуу үчүн 100 соода күркөсүн ачуу пландалууда.
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулун алууга эми "Түндүк" аркылуу арыз берсе болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, ал үчүн баланын төрөлүшү ЗАГСта катталышы керек. Ошондой эле Калкты тейлөө борборуна барып арыз берүү мүмкүнчүлүгү да сакталат. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул катары 4 миң сом берилет. Үч же андан көп бала бир төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.
Кубаттуу серверлерди талап кылбаган кичинекей жасалма интеллект моделдери бир нече айдын ичинде дата-борборлорго байланышпай эле "акылдуу" тиричилик техникалары аркылуу өз алдынча тарай ала турган абалга жетет. Бул тууралуу америкалык Anthropic компаниясы билдирди. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, чакан ЖИ моделдерине мындай жөндөмгө ээ болуу үчүн бир нече эле ай жетиштүү болушу мүмкүн. Адистер мындай вирус сымал алгоритмди токтотуу өтө оор болорун эскертип жатышат, анткени аны бир жерден эле өчүрүп салуу мүмкүн эмес. Сыноолордун жүрүшүндө изилдөөчүлөр нейротүйүндөр аркылуу системаны башкаруу механизмин текшерип көрүшкөн. Anthropic компаниясы азырынча толук кандуу өз алдынча ЖИ-вирус жок экенин белгилейт. Бирок келечeкте жаралса, ага каршы күрөшүү үчүн техника өндүрүүчүлөр менен интернет-провайдерлер биргелешип аракеттенүүсү керек болот.
Бул түнү Украинада Starlink терминалдарынын иштөөсү чектелди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коргоо министринин мурдагы кеңешчиси Сергей Стерненко өзунүн Telegram каналына жазып чыкты. Анын айтымында, ушундан улам бир катар "маанилүү миссиялар" аткарылбай калган. Стерненко SpaceX компаниясы бул кадамга Трамптын администрациясынын каалоосу менен барды деп болжолдоп жатат.Буга чейин Зеленский эки күн катары менен Украина батыш өлкөлөрүнөн Россиянын баллистикалык ракеталарын учуруу боюнча чалгындоо маалыматтарын албай жатканына даттанган
Жаңылыктар түрмөгү
0