00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Будь в курсе
Один гражданин — один бюллетень: как будут проходить президентские выборы
20:06
48 мин
Ачык кеп
Үч айда курулуп бүткөн Кырчын этно шаарчасы, элге канча жыл кызмат кыла алат?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бүгүн президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан "Мурас" турак жай комплексинен 1 104 үй-бүлөгө батирлердин ачкычын тапшырды.Ал жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган тургундарды тазалыкты жана тартипти сактоого чакырып, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган бир нече маселеге токтолду. Өлкө башчы биринчи кезекте таштанды таштоо адатын токтотуу керектигин айтты. Ал ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдөгү канализация жана санитардык түйүндөрдү туура колдонууну өтүндү. Мындан тышкары, Жапаров лифтини да аяр пайдаланууну жана балдарды көзөмөлгө алууну талап кылды.
Кышкы ЖРТга каттоо башталды. Тестирлөөгө онлайн катталуу бүгүн башталып, 29-октябрга чейин уланат. Ага мектепти 2026-жылы жана мурдагы жылдары бүтүргөн, орто билими тууралуу аттестаты же орто кесиптик билими тууралуу диплому барлар катыша алышат. Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу контракттык негизде гана жүргүзүлөт.
Казакстанга каттаган кыргызстандыктардын эсине, келерки жылдын 1-июлунан тарта коңшу өлкөгө кирүү үчүн электрондук уруксат алуу милдеттүү болот. Казакстандын өкмөтү кабыл алган токтомго ылайык, бардык чет өлкөлүктөр, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары республикага кирерден кеминде 72 саат мурда QazETA платформасы аркылуу арыз берүүгө тийиш. Келерки жылдын 1-июлуна чейин электрондук уруксаты жок кире берсе болот.
Өлкө январь-июль айларына карата 2022 тонна таттуу токоч саткан. Анын басымдуу бөлүгүн — 1,6 миң тоннаны ЕАЭБ мүчөсү Казакстан сатып алса, 190 тоннаны Тажикстан алган. Россия, Кытай жана Монголия дээрлик 80 тоннадан импорттогон. Мындан тышкары, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Афганстан дагы кыргыз таттууларын аз өлчөмдө сатып алган.
АКШ чалгын маалыматтарын бербей койсо, Украина аскердик пландарын жүзөгө ашыра албай калат. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Роман Костенко британиялык Times басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, европалык атайын кызматтар бул жагынан АКШнын ордун бат эле толуктай алат деп ойлоо реалдуулуктан өтө эле алыс болуп калат. Буга чейин CNN телеканалы АКШ Киевге чалгын маалыматтарын берүүнү токтотушу мүмкүн экенин жазган. Кийин Владимир Зеленский да батыш өлкөлөрү ракеталар тууралуу маалымат бербей койгонун тастыктаган. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар маалымат берүүнү улантып жатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0