https://sputnik.kg/20261013/1104253507.html
Эми дары-дармектерди ортомчуларсыз арзан алууга шарт түзүлдү
Эми дары-дармектерди ортомчуларсыз арзан алууга шарт түзүлдү
Sputnik Кыргызстан
Логистикалык кампанын курулуусу, дары-дармектерди ортомчуларсыз, арзан баада сатып алууга мүмүнчүлүк түзөрү тууралуу “ Күн башат” программасында Саламаттык... 13.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-13T09:04+0600
2026-10-13T09:04+0600
2026-10-13T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0d/1104253337_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d2d70214d7ca074b81108c564cde1ec3.jpg
Эми дары-дармектерди ортомчуларсыз арзан алууга шарт түзүлдү
Sputnik Кыргызстан
Логистикалык кампанын курулуусу, дары-дармектерди ортомчуларсыз, арзан баада сатып алууга мүмүнчүлүк түзөрү тууралуу “ Күн башат” программасында Саламаттык сактоо министирлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу билдирди.
Кыргызстанда дары-дармек менен камсыздоо системасын өзгөртүү багытында бир катар иштер жүрүп жатат. Бишкекте 650 миллион сомдук заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплекстин курулушу башталды. Объект эл аралык GDP стандарттарына ылайыкташтырылып, дары-дармектерди туура сактоо жана медициналык мекемелерге үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн колдонулары айтылууда.
“ Жаңы логистикалык комплекс дары-дармектерди кабыл алуудан тартып, аларды аймактардагы медициналык мекемелерге жеткирүүгө чейинки процессти жакшыртууга шарт түзөт. Кампада температуралык режимди талап кылган жана өзгөчө шартта сакталуучу препараттар үчүн да мүмкүнчүлүктөр каралат.
Мындан тышкары, “Кыргызфармация” дары-дармектерди өндүрүүчүлөрдөн түз сатып алууга жана 2027-жылга керектүү препараттарды алдын ала сатып алууга басым жасап жатат. Мындай ыкма жеткирүүдө үзгүлтүккө жол бербөөгө жана сатып алуу процессин натыйжалуураак уюштурууга багытталган.Дары-дармек менен камсыздоодо бирдиктүү мамлекеттик санарип платформа аркылуу медициналык мекемелердин керектөөсүн аныктоо, сатып алуу, жеткирүү жана кампадагы калдыктарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрү күтүлүүдө,”- деди Туратбек уулу.
Ошондой эле адис мамлекеттик медициналык уюмдарга дары-дармектерди бөлүштүрүү, аймактарга жеткирүү, препараттардын сапатын жана сактоо шарттарын көзөмөлдөө, ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана дары-дармек тартыштыгын алдын алуу маселелерине токтолду.
Логистикалык кампанын курулуусу, дары-дармектерди ортомчуларсыз, арзан баада сатып алууга мүмүнчүлүк түзөрү тууралуу “ Күн башат” программасында Саламаттык сактоо министирлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу билдирди.Кыргызстанда дары-дармек менен камсыздоо системасын өзгөртүү багытында бир катар иштер жүрүп жатат. Бишкекте 650 миллион сомдук заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплекстин курулушу башталды. Объект эл аралык GDP стандарттарына ылайыкташтырылып, дары-дармектерди туура сактоо жана медициналык мекемелерге үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн колдонулары айтылууда.“ Жаңы логистикалык комплекс дары-дармектерди кабыл алуудан тартып, аларды аймактардагы медициналык мекемелерге жеткирүүгө чейинки процессти жакшыртууга шарт түзөт. Кампада температуралык режимди талап кылган жана өзгөчө шартта сакталуучу препараттар үчүн да мүмкүнчүлүктөр каралат.Мындан тышкары, “Кыргызфармация” дары-дармектерди өндүрүүчүлөрдөн түз сатып алууга жана 2027-жылга керектүү препараттарды алдын ала сатып алууга басым жасап жатат. Мындай ыкма жеткирүүдө үзгүлтүккө жол бербөөгө жана сатып алуу процессин натыйжалуураак уюштурууга багытталган.Дары-дармек менен камсыздоодо бирдиктүү мамлекеттик санарип платформа аркылуу медициналык мекемелердин керектөөсүн аныктоо, сатып алуу, жеткирүү жана кампадагы калдыктарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрү күтүлүүдө,”- деди Туратбек уулу.Ошондой эле адис мамлекеттик медициналык уюмдарга дары-дармектерди бөлүштүрүү, аймактарга жеткирүү, препараттардын сапатын жана сактоо шарттарын көзөмөлдөө, ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана дары-дармек тартыштыгын алдын алуу маселелерине токтолду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0d/1104253337_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_77cbb3e94cd689e3e37307e417e842e6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Эми дары-дармектерди ортомчуларсыз арзан алууга шарт түзүлдү
09:04 13.10.2026 (Жаңыртылды: 09:16 13.10.2026) Коноктор
Акылбек Туратбек уулу, Саламаттык сактоо министирлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору