https://sputnik.kg/20261012/1104250032.html
ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен эркин соодага жол ачты. Кыргызстан аны кантип колдонот?

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода алакаларын өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу экономист-изилдөөчү Улукман Мамытов... 12.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-12T19:05+0600
2026-10-12T19:05+0600
2026-10-12T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104249862_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ca9e81a38aa7374959d5e5e9f0436169.jpg
ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен эркин соодага жол ачты. Кыргызстан аны кантип колдонот?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода алакаларын өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу экономист-изилдөөчү Улукман Мамытов “Экономикалык панорама” уктуруусунда билдирди.
Анын айтымында, эркин соода келишимдеринин алкагында тараптар белгилүү бир товарларга карата бажы алымдарын азайтууга же жоюуга макулдашат. Бирок ар бир өлкөнүн өзүнүн соода эрежелери жана өзгөчө талаптары бар.
“ЕАЭБдин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы үчүн шарттар каралган. Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүүдө бажы алымдары жеңилдетилип же жоюлат. Бирок андан тышкары техникалык регламенттер, санитардык жана фитосанитардык талаптарга, товарларды сертификациялоого байланыштуу эрежелер да сакталууга тийиш. Эң негизгиси — эркин соодада өзү өндүргөн продукцияны экспорттоого милдеттүү. Мисалы, Кытайдан чийки зат алып, аны Кыргызстанда кайра иштетип, чогултуп, даяр продукцияны экспорттоого болот. Албетте, бул учурда товардын келип чыгышын аныктоо боюнча тиешелүү эрежелер сакталууга тийиш. Кыргызстан Иран, Индия, Вьетнам, Индонезия жана Пакистан сыяктуу өлкөлөр менен эркин соода алакаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул багытта Иран өзгөчө перспективдүү рыноктордун бири болушу мүмкүн. Анын географиялык жайгашуусу, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана деңиз портторуна чыгуу жолдору Кыргызстан үчүн маанилүү. Темир жол аркылуу жүк ташууну кеңейтүү менен Ирандын порттору аркылуу дүйнөлүк рынокторго чыгууга да шарт түзүлүшү мүмкүн. Бул багыт Индия рыногуна жетүү үчүн да кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошол эле учурда, эркин соода келишимдеринин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн ар бир өлкөнүн рыногун өзүнчө изилдөө зарыл. Кыргызстан кайсы товарларды экспорттой алат, ал продукцияга суроо-талап кандай, баасы жана сапаты атаандаштыкка жөндөмдүүбү, жеткирүү чыгымдары канча болот — ушул суроолорго жооп табуу маанилүү ”, — деди Мамытов.
Экономист рынокту терең изилдеп, экспорттук потенциалыбызды туура аныктасак гана эркин соода келишимдери өлкө экономикасына реалдуу пайда алып келе аларын кошумчалады.
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода алакаларын өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу экономист-изилдөөчү Улукман Мамытов “Экономикалык панорама” уктуруусунда билдирди.Анын айтымында, эркин соода келишимдеринин алкагында тараптар белгилүү бир товарларга карата бажы алымдарын азайтууга же жоюуга макулдашат. Бирок ар бир өлкөнүн өзүнүн соода эрежелери жана өзгөчө талаптары бар.“ЕАЭБдин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы үчүн шарттар каралган. Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүүдө бажы алымдары жеңилдетилип же жоюлат. Бирок андан тышкары техникалык регламенттер, санитардык жана фитосанитардык талаптарга, товарларды сертификациялоого байланыштуу эрежелер да сакталууга тийиш. Эң негизгиси — эркин соодада өзү өндүргөн продукцияны экспорттоого милдеттүү. Мисалы, Кытайдан чийки зат алып, аны Кыргызстанда кайра иштетип, чогултуп, даяр продукцияны экспорттоого болот. Албетте, бул учурда товардын келип чыгышын аныктоо боюнча тиешелүү эрежелер сакталууга тийиш. Кыргызстан Иран, Индия, Вьетнам, Индонезия жана Пакистан сыяктуу өлкөлөр менен эркин соода алакаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул багытта Иран өзгөчө перспективдүү рыноктордун бири болушу мүмкүн. Анын географиялык жайгашуусу, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана деңиз портторуна чыгуу жолдору Кыргызстан үчүн маанилүү. Темир жол аркылуу жүк ташууну кеңейтүү менен Ирандын порттору аркылуу дүйнөлүк рынокторго чыгууга да шарт түзүлүшү мүмкүн. Бул багыт Индия рыногуна жетүү үчүн да кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошол эле учурда, эркин соода келишимдеринин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн ар бир өлкөнүн рыногун өзүнчө изилдөө зарыл. Кыргызстан кайсы товарларды экспорттой алат, ал продукцияга суроо-талап кандай, баасы жана сапаты атаандаштыкка жөндөмдүүбү, жеткирүү чыгымдары канча болот — ушул суроолорго жооп табуу маанилүү ”, — деди Мамытов.Экономист рынокту терең изилдеп, экспорттук потенциалыбызды туура аныктасак гана эркин соода келишимдери өлкө экономикасына реалдуу пайда алып келе аларын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104249862_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bd9088def51eacbd9fc52d76649b6c9b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен эркин соодага жол ачты. Кыргызстан аны кантип колдонот?
19:05 12.10.2026 (Жаңыртылды: 19:16 12.10.2026) Коноктор
Улукман Мамытов, экономист-изилдөөчү