https://sputnik.kg/20261015/1104302654.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Баку шаарынын Гейдар Алиев атындагы эл аралык... 15.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-15T11:00+0600
2026-10-15T11:00+0600
2026-10-15T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104302488_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_05a8da138cfc3eba929a2dc2e93835bd.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Баку шаарынын Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунан президентти өлкөнүн вице-премьери Самир Шарифов тосуп алды.Жапаров Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат. Анда өз ара байланышты, санариптештирүүнү жана туруктуу өсүштү камсыз кылуу аркылуу аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Кеңешменин жыйынтыгында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө.
Экс-депутат Шайлообек Атазов Биринчи май райондук соту тарабынан акталганын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганын айткан. Атазов өзүнө каршы иш ойдон чыгарылганын айтып, акыркы эки жылда колдогондордун баарына ыраазычылык билдирди.Эске салсак, ал 2024-жылы Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган. Бир жылдан кийин массалык башаламандык уюштурууга айыпталып кармалып, тергөө абагында эки ай отурган.
Мамлекеттик ипотекалык компания жакынкы убакта Каракол шаарында 500дөн ашык, Чолпон-Ата шаарында 576 жана Манас шаарындагы үч объекттен 1 миңден ашык батир тапшырат. Ал эми Бишкек шаарында Волков жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак жайлардан 1 320 батир пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, жыл аягына чейин премиум класстагы “Ынтымак” турак жай комплексинин биринчи этабынын алкагында 918 батирди берүү пландалууда. Белгилей кетсек, учурда республика боюнча 83 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатат. 2026-жылдын аягына чейин алардын ичинен 20 миң батирди пайдаланууга берүү мерчемделген.
Кыргызстанга КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери баштаган делегациялар келди. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.Азербайжан, Беларусь, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын делегациялары менен КМШ катчылыгынын өкүлдөрүн "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан тосуп алышкан.Отурумдун жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин коргонуу жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана тиешелүү документтерге кол коюу пландалууда.
Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көлдө жайгашкан сыноолор өтчү базага барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.Белоусов курамына катерлер, ар кандай кемелер кирген базанын жабдылышын көргөн.Жетекчисинин айтымында, объектинин негизги милдети Россиянын Аскер-деңиз флотунун кайыкка каршы курал-техникасынын, ошондой эле суу үстүндөгү жана суу астындагы кайыктарды торпедалардан коргоочу комплекстеринин үлгүлөрүн сыноо болуп саналат. Аларга байкоо жана көзөмөл заманбап дрондор менен ишке ашырылары айтылды.База деңиз деңгээлинен 1 609 метер бийиктикте жайгашкан. РФ Коргоо министрлиги Ысык-Көл кышында тоңбой турганын, суусу деңиз суусуна жакын экенин, бул деңиз аскердик техникасы менен суучулдардын шайман-жарагын сыноого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.Иш сапарынын соңунда Белоусов база командачылыгы менен жыйын курду. Министрге жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Баку шаарынын Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунан президентти өлкөнүн вице-премьери Самир Шарифов тосуп алды.Жапаров Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат. Анда өз ара байланышты, санариптештирүүнү жана туруктуу өсүштү камсыз кылуу аркылуу аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Кеңешменин жыйынтыгында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө.Экс-депутат Шайлообек Атазов Биринчи май райондук соту тарабынан акталганын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганын айткан. Атазов өзүнө каршы иш ойдон чыгарылганын айтып, акыркы эки жылда колдогондордун баарына ыраазычылык билдирди.Эске салсак, ал 2024-жылы Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган. Бир жылдан кийин массалык башаламандык уюштурууга айыпталып кармалып, тергөө абагында эки ай отурган.Мамлекеттик ипотекалык компания жакынкы убакта Каракол шаарында 500дөн ашык, Чолпон-Ата шаарында 576 жана Манас шаарындагы үч объекттен 1 миңден ашык батир тапшырат. Ал эми Бишкек шаарында Волков жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак жайлардан 1 320 батир пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, жыл аягына чейин премиум класстагы “Ынтымак” турак жай комплексинин биринчи этабынын алкагында 918 батирди берүү пландалууда. Белгилей кетсек, учурда республика боюнча 83 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатат. 2026-жылдын аягына чейин алардын ичинен 20 миң батирди пайдаланууга берүү мерчемделген. Кыргызстанга КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери баштаган делегациялар келди. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.Азербайжан, Беларусь, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын делегациялары менен КМШ катчылыгынын өкүлдөрүн "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан тосуп алышкан.Отурумдун жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин коргонуу жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана тиешелүү документтерге кол коюу пландалууда.Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Көлдө жайгашкан сыноолор өтчү базага барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.Белоусов курамына катерлер, ар кандай кемелер кирген базанын жабдылышын көргөн.Жетекчисинин айтымында, объектинин негизги милдети Россиянын Аскер-деңиз флотунун кайыкка каршы курал-техникасынын, ошондой эле суу үстүндөгү жана суу астындагы кайыктарды торпедалардан коргоочу комплекстеринин үлгүлөрүн сыноо болуп саналат. Аларга байкоо жана көзөмөл заманбап дрондор менен ишке ашырылары айтылды.База деңиз деңгээлинен 1 609 метер бийиктикте жайгашкан. РФ Коргоо министрлиги Ысык-Көл кышында тоңбой турганын, суусу деңиз суусуна жакын экенин, бул деңиз аскердик техникасы менен суучулдардын шайман-жарагын сыноого мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.Иш сапарынын соңунда Белоусов база командачылыгы менен жыйын курду. Министрге жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104302488_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c3731bb85273228bb3c10c54cfebacda.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио