00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
От импорта до продажи: как в Кыргызстане будут контролировать движение товаров ЕАЭС
10:06
23 мин
Тема дня
От лечения до социализации: как поддержать детей с инвалидностью и их семьи?
10:30
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
On air
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан эттин баасын кармоо үчүн Россиядан мал сатып алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков парламентте билдирди. "Россиядан мал сатып алып, үстөгү жок сатуу үчүн өткөрүп бердик. Ага транспорттук чыгымдар гана кошулду. Бул малдын баасын төмөндөттү. Эми эт да арзандайт деп ойлойбуз", — деди ал. Эске салсак, өлкөдө эттин баасын турукташтыруу жана ички рынокту мал менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча өкмөт бир катар чараларды пландаган. Анын алкагында ЕАЭБге кирген Казакстан, Россия, Беларустан кеминде 20 миң уй жана бука сатып алуу каралган. Ошондой эле этти жана эт азыктарын ортомчуларсыз түз сатуу үчүн 100 соода күркөсүн ачуу пландалууда.
Бишкекте шаар четине каттаган таксилер "Аламүдүн" базарынан Чыгыш автобекетинин маңдайындагы атайын аянтчага көчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Маалымдалгандай, ал жерге түндүк-чыгыш, түштүк-чыгыш багыттарына каттаган унаалар токтойт. Өзгөртүү башаламан унаа токтотууну азайтып, жакынкы көчөлөрдөгү тыгындан жеңилдетүүгө багытталганы кошумчаланды. Муниципалитет калаа тургундарын жана жүргүнчүлөрдү жаңы тартипти эске алып, шаар четине каттаган таксилерге атайын уюштурулган аянтчадан отурууга чакырды.
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулун алууга эми "Түндүк" аркылуу арыз берсе болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, ал үчүн баланын төрөлүшү ЗАГСта катталышы керек. Ошондой эле Калкты тейлөө борборуна барып арыз берүү мүмкүнчүлүгү да сакталат. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул катары 4 миң сом берилет. Үч же андан көп бала бир төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.
Улам арыктап, кайра толо берүүнүн организм үчүн кесепети чоң. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун гастроэнтерология бөлүмүнүн башчысы Мамираим Жумабаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, дене массасынын улам-улам өзгөрүшү ден соолукка таасирин тийгизип, боор менен жүрөк-кан тамыр системасынын оорусун шарттайт. Жумабаев мындай абал "метаболизм селкинчеги" деп аталарын белгиледи. "Мисалы, бул айда эки килограммга арыктап, кийинки айда бир килограмм кошуп алат, андан соң беш килограмм таштап, кайра жети килограммга толот... Салмактын минтип өйдө-ылдый болушу организм үчүн чоң стресс болуп саналат, кооптуулугу күч", — деп түшүндүрүп берди дарыгер. Адис арыктап кайра толуу кеңири жайылганына токтолду. Көп киши кайсы бир мезгилде арыктайт да, убакыттын өтүшү менен кайра мурунку адаттарына кайтып, салмак кошуп алары белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0