Көзү көрбөгөн сатуучуларды башкача алдашат. Азиз ишкер менен маек

© Sputnik / Эркин СадыковАзиз ишкер Азат Токтомбаев
Азиз ишкер Азат Токтомбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сиз мага башка акча бердиңиз!" — деди үнүн көтөрө суусундук саткан азиз сатуучу. Кардар үндөгөн да жок... Азат андайга далай ирет кабылган, себеби жакшы адамдар ушунчалык көп. Майда акча беримиш болуп чоң суммадагы купюраны кармата салышат…

"Бул сизге!" — деп жылмая Азат Токтомбаев жаңгак, кара өрүк жана бал кошулган батончикти сунду. Азыр 27 жаштагы ишкердин батончик чыгарган цехи бар, ал эми качандыр бир кезде "Дордой" базарында соода гана кылчу. Азат тубаса азиз.

— Өзүңүз жөнүндө билеличи алгач.

— 1992-жылы Ысык-Көлдөгү Корумду айылында төрөлгөм. Тубаса азизмин. Бул тукум кууган оору экен, апамдын да көзү көрбөйт. Тилекке каршы, алигүнчө врачтар бул дарттын дабасын таба элек.

Девушка с ОВЗ Айдана Ниязбекова - Sputnik Кыргызстан
Үч жашынан баштап бою өспөй калган Айдана: мени жалооруп карабагыла!
Карапайым үй-бүлөдөнмүн, атам кандай жерлерде гана иштебеди, акырында сантехник да болуп жүрдү. Апам жаш кезинде тигүүчү болуп иштечү. Балалыгым кадимкидей эле өткөн. Башка балдар менен бирдей ойноп, жарышып, жайытта кой кайтарып, кээде күрөшүп да кетер элек. Анан Бишкекке көчүүгө туура келди, борбордо азиздер жана көрүүсү начар балдардын атайын мектебине кирдим.

— Андай окуу жайлардын шарты өтө начар экенин укканым бар.

— Жок, директорубуз абдан жакшы айым эле, ар бир тыйынды интернатка жумшаган. Ремонту дурус, тамагы мыкты болчу.

— Коомубузда азиздерге аяр карашат. Адамдардын боору ачып сүйлөгөндөрүн укканда кандай кабылдайсыз?

— Андайдын кереги жок. Азыр ата-энелери баарынан калкалаган азиз адамдарды байкап жүрөм. 30 жыл бир бөлмөдөн чыкпай отурушкан, себеби жакындары аларга бир нерсе кылууга уруксат беришкен эмес. Анан ата-энеси картаят, ошондо адам өз көйгөйү менен өзү жалгыз калат. Элестетиңиз, кийим алыш үчүн да дүкөнгө өз алдынча бара алышпайт!

Көпчүлүгү андай учурда өз өмүрүнө кол салууга барат. Мисалы, менин жубайым жогорку класстарда көрбөй калыптыр. Мектепти аяктаган соң керээли кечке үйдө отурган. Ал кезде ага дүйнөдө өзү гана ошондой тагдырга кабылгандай туюлган. Өз өмүрүн кыюуга да аракет кылган... Азиз болуп да адам жашай аларын кийин түшүнүптүр.

© Фото / из личного архива Азата ТоктомбаеваАзыр 27 жаштагы ишкердин батончик чыгарган цехи бар, ал эми качандыр бир кезде "Дордой" базарында соода гана кылчу. Азат тубаса азиз.
Көзү көрбөгөн сатуучуларды башкача алдашат. Азиз ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Азыр 27 жаштагы ишкердин батончик чыгарган цехи бар, ал эми качандыр бир кезде "Дордой" базарында соода гана кылчу. Азат тубаса азиз.

— Үйлөнгөнүңүзгө аз эле болуптур! Болочок жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз?

— Азиздер үчүн ачылган курска келген. Анда мен окутуучулардын бири болчумун, студенттерге компьютерде иштөөнү үйрөтчүмүн. Болочок жубайым атасы менен курс туурасында билели деп келишиптир. Дароо эле көңүлү мага бурулганын кийин айтып берип жүрбөйбү, аны мен анда көп этибарга албаптырмын.

— Азиз жигиттер колуктуну оңой эле табарын уккам. Кыздар үчүн бул олуттуу деле көйгөй эмес окшойт. Ал эми көзү көрбөгөн кыздардын турмушка чыгышы татаал экен. Үйгө андай келиндин келишин каалагандар чанда чыгат дешти эле мага.

— Дайым эле андай боло бербейт. Бийкеч азиз жигитти сүйүп калат, бирок дароо туугандары кийлигишип, андан алыс болууга көндүрүшөт.

Жубайым экөөбүздүн мамилебизде менин Ысык-Көлдөн, анын Баткенден болушу көбүрөөк көйгөй жаратты, себеби аралыгы өтө алыс. Кудай жалгап, эки тарап тил табышты. Сентябрдын 19унда үйлөнүү үлпөтүбүз өттү.

— Перзенттүү болууну пландап жатасыздарбы?

— Албетте! Башка бардык түгөйлөрдөй эле. Чүрпөңүз да азиз болуп калсачы деп сурай албай жатат окшойсуз. Өздөрү азиз, бирок балдары сак-саламат болуп төрөлгөн тааныштарым арбын. Көзү азиз перзент ар кандай үй-бүлөдө төрөлүп калышы ыктымал, андан бир чоң кайгы жаратуунун кереги жок.

— Университетти аяктагансыз да, туурабы?

Генеральный секретарь Федерации паратхэквондо КР Азиз Боталиев - Sputnik Кыргызстан
"Балам параспортчу менен чогуу машыкпайт" деген ата-энелер чыккан. Маек
— Ооба, мектепти бүткөн соң жогорку билим алам деп чечкем. Андан көрө укалоочулардын курсуна барсам дурус болорун айланамдагылардын баары айтып чыкты. Анткени биздин коомдо азиздер укалоочу болуш керек деген көндүм пикир бар...

Ысык-Көл мамлекеттик университетине тапшырууну, тарых мугалими болууну чечкем. Ал жакта мурда азиз студент окубаптыр, анан ЖРТ боюнча туура келген баллыма карабастан, комиссия кабыл алуудан баш тартты. Түз эле ректорго кирдим, ал баянымды уккан соң мени бюджеттик бөлүмгө киргизди.

— Кантип билим алдыңыз?

— Башында окутуучунун сөздөрүн Брайл шрифти менен жазууга аракет кылдым, бирок аябай катуу үн чыгат. Мага эч ким кине койбосо деле кээде окутуучулар: "Ким эле кечке тыкылдатып жатат?" — деп сурап калышчу, ал эми студенттер менин жанымдан туруп кетип, башка парталарга отурушчу.

Кийин диктофон сатып алдым. Окутуучулардын лекциясын жаздырып алып, үйдөн Брайл менен жазып чыкчумун. Ошентип диплом алдым, бирок мектепке тарых мугалими болуп кирбедим, анткени мени ишке алышкан жок.

© Sputnik / Эркин СадыковТокомбаев: жубайым жогорку класстарда көрбөй калыптыр. Азиз болуп да адам жашай аларын кийин түшүнүптүр
Көзү көрбөгөн сатуучуларды башкача алдашат. Азиз ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Токомбаев: жубайым жогорку класстарда көрбөй калыптыр. Азиз болуп да адам жашай аларын кийин түшүнүптүр

— Бизнес менен кантип алектенип калдыңыз?

— Көп нерсени ачтым, бир нече жолу банкрот болдум, бирок баары бир бизнеске умтула бердим! Кантип баштаганыман кеп салайын. Айылда байкем бар, анын да көзү көрбөйт, айыл чарбасы менен алек. Экөөбүз арзан үч тонна картошканы килосун 10 сомдон сатып алдык. Алгач аны жазында тигебиз деп пландаганбыз, бирок ал убакка дейре картошканын баасы үч эсеге кымбаттап кетти! 2 тоннасын 60 миң сомго сатып, бир тоннасын тиктик.

Келерки күздө да ошондой жолду тандап, 5 тонна сатып алдык. Жазында баа жогорулайт деп күткөнбүз, бирок тилегибизди таш капты... Тез арада алган баага сатууга туура келди, жарымы чирип кетип, акчабыз ошентип күйүп кетти.

— Ошондо да баш тарткыңыз келбедиби?

— Жок, дагы көп табалы деп үмүт кылдык. Бөлөм менен айнек идиштерди кабыл алчу пунктуна кара жумушчу болуп орноштук. Ал жактагы иш көп жага бербеди, бирок бизнес боюнча бир демилге жаралды. Биз өзүбүз элден калдыктарды сатып алып, шаардын бөлөк учуна алып барып, кымбатыраак баада сатмай болдук! Баары эле беш бөтөлкө же бир кило жезди өткөрүш үчүн жол тартып жүрбөйт да. Эмнеликтен өз корообузда калдыктарды кабыл алууну уюштурууга болбосун?

Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле... Көзү азиз жубайлардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле... Көзү азиз жубайлардын баяны
Маркер менен калың барак сатып алып, жарыя жаздык. Апам аны дарбазадан көрүп: "Анын баарын ким ташыйт?" – деп аябай кыжырданды. Бизге эч ким деле келбейт деп аны жооткотууга аракет кылдык. Эртеси күнү таңкы саат алтыда: "Бөтөлкө аласыздарбы?" – деп коңгуроо чалынды. Көрсө, бул аябай пайдалуу экен. Мисалы, бир күнү мага коңшум мончонун эски казанын көтөрүп келди. Лом катары 1000 сомго алдым, кийин курулушчуларга казан катары 4 миң сомго өткөрдүм. Ошентип башталып кетти. Жараксыздарын кайра иштетүүгө тапшырып, эски, бирок дагы кызмат өтөй тургандары жаңы кожоюндарын тапчу.

Бул ишти уланта берер элем, бирок мени Бишкекке азиздер үчүн уюштурулган акысыз тренингге чакырып калышты. Андан көптү үйрөндүм. Маселен, мурда мен таякчан жүрүүдөн тартынчумун. Жардамга муктаж болгондуктан, билген көчөлөрүм менен гана жүрүүгө аргасыз элем. Таяк алганы эркин болуп калдым, каалаган жагыма бара алам.

Тамак жасоону үйрөтүштү. Эмнелерди гана жасабадык: токоч, торт, айтылуу француз ашканасынан тамактарды жасадык! Бирок азыр аларды жасоону унута түштүм.

Ошол тренингден кийин өз алдынча жашоого үйрөндүм. Бир учурду айтып берейин. "Ким каралашат сага?" – деп башта апам мени Бишкекке жалгыз жиберүүдөн чочулачу. Кийин бүтүрүү аземине иним экөө келди. Шаарды алар билишчү эмес, бардык жерди кыдыртып чыктым! Көчөлөрдү, базарларды эркин аралап жүрдүм. Ушунчалык тез баскандыгымдан алар кээде артымдан үлгүрбөй да калып жатышты!

© Фото / из личного архива Азата ТоктомбаеваТокомбаев: өздөрү азиз, бирок балдары сак-саламат болуп төрөлгөн тааныштарым арбын, андыктан биз дагы балалуу болгубуз келет
Көзү көрбөгөн сатуучуларды башкача алдашат. Азиз ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Токомбаев: өздөрү азиз, бирок балдары сак-саламат болуп төрөлгөн тааныштарым арбын, андыктан биз дагы балалуу болгубуз келет

— Бул жакта сатып алуучу болуп иштедиңиз. Көзү көрбөгөн сатуучуну алдап да кетиши мүмкүн эмеспи?

— Ушул жөнүндө баары сурайт. Адамдар көзү азиз киши базарда тилемчи болуп жүрөрүнө көнүп калышкан. Ал эми мен андай көндүм көз карашты өзгөрткүм келет. Кофе менен чай баштыкчаларын сатып алып, термос алып, суусундук, майда-чүйдө сатчумун.

Алдап кетишет деген көйгөй болгон жок менде. Биринчиден, мен купюраларды өлчөмүнө жараша айырмалай алам. Экинчиден, үч жыл аралыгында мени бир гана жолу алдап кетишти. Аял киши салфетка сатып алып, 200 сом бердим деген. Көнүп калган жаным ишенгем. Көрсө, 20 сом гана бериптир.

Кыргызстандыктар чындап эле алдоого аракет кылышат, бирок бир аз башкачараак. Маселен, сатып алуучу 100 сом сунуп 50 сом бердим деп коёт. Мага жардам берүүгө ашыгышат. Андай адамдар аябай көп.

Кийин бир кыз мага терморюкзак бар экенин айтып калды. Аны далыга асынып алып, атайын крандарынан кофе жана чай куюуга болот. Термосту колго көтөрүп жүргөндөн көрө ал алда канча ыңгайлуу. Бирок баасы кымбат экен, 32 миң сом турат. Ага карабастан буюртма кылдым.

Тапканым арта баштады! Айына 40-45 миң сом таза киреше таба баштадым. Андай ишке дагы беш азизди үйрөттүм.

— Батончик жасоого кандайча кириштиңиз?

— Гүлназ Жүзбаевадан (Азиздердин кыргыз биримдигинин жетекчиси — ред.) угуп калдым мындай демилгени. Спорт менен алектенгендиктен, кургатылган жемиш жана жаңгактан жасалган батончиктер кандай пайдалуу болорун жакшы билем. Болгону андай таттуулар бизде сырттан алып келинчү, анан калса баасы да кымбат, бир даанасы — 200 сом.

Натыйжада өзүм ушул бизнести баштоого белсендим. Өндүрүш үчүн имаратты көпкө издеп калдык, себеби ал бардык ченемдерге жооп бериши шарт эле. Азыр биз "Дастан" заводунун ичинен цехти ижарага алдык.

© Sputnik / Эркин СадыковТокомбаев: Окутуучулардын лекциясын жаздырып алып, үйдөн Брайл менен жазып чыкчумун. Ошентип диплом алдым
Көзү көрбөгөн сатуучуларды башкача алдашат. Азиз ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Токомбаев: Окутуучулардын лекциясын жаздырып алып, үйдөн Брайл менен жазып чыкчумун. Ошентип диплом алдым

— Бизнес ачууга каражатты кайдан таптыңыз?

— 2018-жылы "Мен Кыргызстанга инвестиция кылам" аттуу долбоорго катышкам. Майыптыгы бар адамдардын арасынан мен биринчи жеңүүчү болуп, 100 миң сом утуп алдым. Ал акчага жемиш үчүн ванна, электрдик эт туурагыч, дат баспаган атайын стол, текчелерди сатып алдым. Азыр жубайым экөөбүз иштетебиз.

— Сиз өндүргөн батончиктерди сатып алгысы келгендер арбынбы?

— Эки жарым ай мурун биринчи ирет аларды сатыкка чыгардык. Ак илбирсти сактоого арналган марафондо. Жөө күлүктөр товарды тез эле сатып алып кетишти, анан буюртмалар түшө баштады.

Медицина илимдеринин кандидаты, Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун омуртка оорулары бөлүмүнүн жетекчиси Марат Сабыралиев - Sputnik Кыргызстан
Көңүл ачам деп шал болуп калгандар көп. Дарыгер Сабыралиев менен маек
Жакында батончиктерибизди бир нече дүкөнгө алпарып көрсөтүп келдим. Дароо эле сатып алууну чечишти! Эми таңгагын гана иштеп чыгуу баскычы калды, анан дүкөндөргө коюуга болот. Чындыгында биздин товардын баасы кымбат эмес, анчалык деле арзан эмес азыктар, кара өрүк, бадам, курма, бал, кургатылган өрүк колдонулганына карабастан, бир даанасы — 60 сом.

Мен Кыргызстанда ушундай рецепт менен батончик даярдагандардын карлыгачы болушум мүмкүн. Технологубуз ушундай пикирде. "Кыргызстандарт" да мындайды буга чейин эч ким каттатпаганын айтты.

— Спорт менен кызуу машыгасыз, чуркайсыз. Биздин жолдордон көзү көргөндөр чуркаса да кооптуу эмеспи, жыгылып кетем деп коркпойсузбу?

— Азиздердин тренингинде бизге чуркоону үйрөтүшкөн. Ар жекшембиде чуркоого тийиш болчубуз. Ыктыярчылар көмөкчү болушат, биз менен чогуу чуркашат. Мен аркандын бир учун кармайм, экинчи учу ыктыярчынын колунда.

Кара-Булак тоосундагы жарым марафонго чуркагам. Ал жакта абдан кооптуу эле, жол жок, таш. Мени ыктыярчы кыз коштогон. "Сиз укмуш турбайсызбы! Мен бул жактан коркуп жатам, сиз кантип чуркадыңыз?" – деп кийин таң калып жүрбөйбү мага.

© Фото / из личного архива Азата ТоктомбаеваТокомбаев: Көп нерсени ачтым, бир нече жолу банкрот болдум, бирок баары бир бизнеске умтула бердим!
Көзү көрбөгөн сатуучуларды башкача алдашат. Азиз ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Токомбаев: Көп нерсени ачтым, бир нече жолу банкрот болдум, бирок баары бир бизнеске умтула бердим!

— Кол куушургуңуз келген учурлар болчу беле?

— Албетте! Студент кезимде эле апама бизнес кылгым келерин айта берчүмүн. Ал андайда: "Кантип ачасың? Кантип бизнес кыласың? Жардамчы керек да сага!" – деп койчу. Ошондо мен неге мындаймын деп өзүмө өзүм таарынчумун.

Кийин гана адамдын колунан баары келерин аңдадым! Заманбап программалар аркылуу интернетти казып, социалдык медиада эч кыйналбастан жүрө алам. Кайда кааласам бара алам, эмне кааласам, ошону жасай алам. Азыр апам мага катуу ишенет.

Жакшы жубайым бар, бактылуу кишимин! Мындан тышкары, алгачкы миллион сомдук кирешемди 2020-жылдын аягында санайм деп үмүттөнүп турам!

Гүлназ Жүзбаеванын баянын да бир окуп чыгыңыз. Тубаса азиз экендигине карабай турмуштан өз ордун тапкан бул бийкеч.

Жаңылыктар түрмөгү
0