Бирок бүлө башчысы Исабектин омурткасында шишик пайда болуп, жүлүнүнө суу толуп кеткендиктен тезинен чет өлкөгө барып дарыланыш керек экен. Эртелетпесе буту-колум иштебей, баспай калышым мүмкүн дейт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары азиз жубайлардын жашоосу менен таанышканча, алардын коомчулукка кайрылуусун угуп келди.
Көздөрү көрбөсө да, жубайлардын үйү таптаза, баары өз ордунда экен. Биз барган учурда апасы бешикте уктап жаткан кызынын тырмагын алып отуруптур. Ал эми Исабек сырттан бизди тосуп алды.
"Тырмактарын ушинтип бешикке бөлөп туруп, уктап жатканда алам. Антпесем мындай жөн отуруп бербейт ", — деди Назгүл.
Исабек менен Назгүлдүн 4 жаштагы уулу жана 1,5 жаштагы кызы бар. Эркек баласын жанындагы бакчага киргизип коюшуптур. Бүлө башчысы таяк менен баса алгандыктан уулун бакчага жеткирип, дүкөнгө барып, айтор, сырттагы жумуштарды бүт өзү жалгыз эле бүтүрөрүн айтты.
Батирде жашап, майып болсо да жаш жубайлар эки баланы эч нерседен кем кылбай багышат.
"Апасынын көзү көрбөй, баласынын кийими кир болуп калыптыр дешпесин деп бат-баттан алмаштырып турам. Дос кыздарым менен жолуксам, "балдарыңды тазалап-сүртүп эле турат экенсиң" деп айтышат. Балдардан кем болбосун деп сураган оюнчугун алып берип, каалаган тамагын жасап беребиз. Экинчи кызым төрөлгөндө ата-энем, өкүл аталарыбыз "бир балаңарды биз багып берели" деп сурашкан. Бирок макул болгон жокпуз. Кыйналсак дагы өзүбүз баккан жакшы. Башка үйдө чоңоюп, кийин бизге келсе көнбөй, психологиялык жактан кыйналышы мүмкүн. Андан көрө баарын көрүп, ата-энесинин мээриминде өскөнү жакшы. Кичине болсо да экөө тең абалыбызды жакшы билет. Мисалы, улуу балабыз бакчанын же үйдүн жанына келгенде өзү токтойт. "Арык, унаа" деп айтып турат. Кичинекейибиз суу ичкиси келсе, колубуздан жетелеп столго алып барат. Үйдөн кайсыл жакта жүргөнүн билиш үчүн бутуна коңгуроо тагып коебуз", — деди Назгүл.
Исабек да, Назгүл да укалоочу курсун аяктаган. Бирок Назгүл балдарга карап кесиби менен иштеген эмес. Жолдошу болсо №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенчү. Учурда оорусуна байланыштуу үйдө экен.
Исабек Олжобай уулунун жалгыз таянганы — иниси. Ал деле кара жумушта иштеп, байкесине көмөктөшүп турат. Апасынын көзү өткөнүнө 5-6 жыл болуптур, атасын болсо ажырашып кеткендиктен тааныбайм деле дейт.