Кырсык учурунда Абжалиевдин уулу рулда беле? Маркумдардын туугандарынын версиясы

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРДепутаттын уулу катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы
Депутаттын уулу катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан үч күн мурда Чолпон-Атадагы кан жолдо автокырсык төрт кишинин өмүрүн алган. Каза болгондордун туугандары жолтандабас жеңил унааны сүзүп 70 метрдей сүрүп барганын билдирди. Ошондой эле алар BMW автоунаасын депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу айдап баратканын айтышууда. Бирок милиция берген расмий маалыматында ал жүргүнчү болгонун белгилеп жатат. Окуя туурасында депутаттын өкүлү да үн катты.

Кырсыктын чоо-жайын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кырсыктан набыт болгондордун туугандары менен байланышып, алардын версиясын укту.

Эскерте кетсек, 7-июлда таңга маал Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан Бактуу-Долоноту айылында Lexus ES 330 жана BMW Х-7 автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми жолтандабаста Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин баласы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков отурганы белгилүү болду. Милиция BMW Х-7 унаасын Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну айдап келе жатканын, Токобеков жүргүнчү экенин билдирүүдө.

Жол кырсыгынан каза болгон Б.у.Б. аттуу жигиттин бир тууган таежеси Майрам Жаңыбаева окуянын күбөлөрүнө таянып, BMW X-7 унаасын Темирлан Токобеков айдап, кырсыкка кириптер болгонун айтып жатат.

"Ошол жердегилер BMW катуу ылдамдык менен жүрүп, жол инспекторлору тоссо да токтобой кеткенин айтууда. Рулда Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков болгон экен. Ал ат майдандын жанындагы бардан мас абалында чыккан дешүүдө. Айрым күбөлөр эки машина куушуп баратканын айтат. Биздин бала отурган унаа  кайрылып бурулуп жатканда BMW X-7 катуу келип сүзүп, 70 метрдей аралыкка сүрүп кетиптир", — деди Жаңыбаева.

Маркумдун сөөгү кечээ, 9-июлда, Бишкек шаарында жерге берилди. Тууганынын айтымында, Lexus ES 330 унаасындагы төрт жигит жогорку окуу жайда бир тайпада окушкан. 

Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын маңдайында болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Көргөндөр болсо, кайрылгыла! Депутаттын уулу катышкан кырсыкка күбө болгондор изделүүдө
"Кырсык таңкы  4.30да болуптур, биз саат 13.30да уктук. Балабыз ооруканага келгенден кийин үзүлүптүр. Барсак өлүкканада экен. Окуя боюнча тергөөчүлөр толук маалымат бербей жатат. Баары акыйкаттык менен чечилишин талап кылабыз", — деди маркумдун таежеси.

Lexus ES 330 унаасынын айдоочусу 24 жаштагы Б.Н. жеринде мүрт кеткен. Анын бир тууган иниси Чыңгыз Тилеков кырсык болгон жерден тартылган видео жазуулар жок болуп жатканынан күмөн саноодо.

"Мен кырсык тууралуу саат 13.00дөр чамасында уктум. Агамдын унаасында видео каттагычы бар болчу. Барсак ал да, документтери да жок, капчыгы эле турат. Ооруканадан да, тергөөчүдөн да агамды сурасам айтпай жатышкан. Анан саат 14.00дөрдө интернетке агамдын аты чыгып, күнөөлүүдөй кылып жазышыптыр. Тергөөчү "30 метрдей тормоз берилди" деп жатат. Бирок мен карасам асфальт чийилбептир, таптаза экен", — деди маркумдун иниси.

Тилековдун айтымында, каза болгон жигиттердин үчөө быйыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинде магистратураны бүткөн. Ал эми Б.Н. бакалаврды бүткөндөн кийин эле жумушка орношкон. Анын сөөгү кечээ, 9-июлда, Балыкчы шаарында жерге берилди.

Работа автосборочного предприятия Автотор - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын уулу аралашкан кырсык. BMW X7 автоунаасынын эки номери болгонбу?
"Агам артка бурулганбы же бир көчөгө кирип жатканбы, билбейм, ошондо BMW катуу ылдамдыкта келип капталына сүзүптүр. Ооруканада турсам, кымбат кийинген эки киши келип, "биз BMW унаасында кырсыктагандар жактанбыз" деп, Lexus күнөөлүү экен дегендей айтышты. Андан соң күзөтчүлөрдүн коштоосунда бир киши келди. Аны BMW машинасын жолдон тосуп чыккан жүргүнчү катары тааныштырып, буту сынганын айтып, кайра алып кетишти. Ошондой кымбат баалуу унааны айдагандар, болгондо да түн жарымда жолдон жүргүнчү аларына ишенбейм", — деди ал.

Кырсыктан мерт болгон дагы бир Д. уулу Н. аттуу жигит Ош шаарынын Төлөйкөн айылында туулган. Анын сөөгү 8-июлда кичи мекенине коюлду. Маркумдун атасы Данияр Кулматов ал үй-бүлөдө жалгыз уул болгонун айтып боздойт.

"Өзүм ал жакка бара албадым, иним менен күйөө балам барган. Тергөөчүсү эч нерсе айтпай коюптур. BMW машинасынан бирөө түшүп эле башка машинага отуруп кетип калган дейт. Эки унаа куушуп бараткан экен деп да уктум. Өзүм мурда МАИде иштегем. Сүзгөндөн кийин сүрүп барган жерди санашса, 64 метр чыгыптыр. Мынчалык болгонуна караганда, ал саатына 200 чакырымдан ашык ылдамдык менен келген. Эми экспертизанын жыйынтыгын күтөбүз. Берки унаадагы депутаттын баласы өзүбүз жактагы айылдан эле болот. Келип бир ооз сурап коюшкан жок. Эртең баш-аягымды жыйып алып, Бишкекке да, Ысык-Көлгө да барып териштирем. Уулум бараткан унаа тийиштүү жерден эле бурулуп жаткан экен", — деди маркумдун атасы.

Экинчи тарап эмне дейт?

Депутаттын уулу Темирлан Токобековдун ишенимдүү өкүлү Каныбек Жакшыбаев окуя боюнча комментарий берди.

Чолпон-Атада Lexus ES 330 жана BMW Х-7 автоунаалары кагышкан кырсыктан кийинки учурду күбөлөр видеого тартып алган. Ал унаалардын биринде депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков да болгон. - Sputnik Кыргызстан
Депутат Абжалиевдин уулу аралашкан Чолпон-Атадагы кырсыктын видеосу
"Рулда Элдияр Халмурзаев деген бала болгон, анын жанында Темирлан Токобеков, артында дагы бир Азамат деген бала отурган. Бизге жеткен маалымат боюнча BMW өз жолу менен бараткан, Lexus сол тарапка бурулуп жатканда кагышыптыр. Кырсык деген кырсык экен. Мындай болорун эч ким күткөн эмес. Азыр күнөө кимде экенин айтуу кыйын. Каза болгон балдардын тажыясына жакындарыбыз барып, жаназасына катышып келди", — деди өкүл.

Темирлан Токобеков "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп 2016-жылы 22 жашында шайланган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Бул эл өкүлү президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым.

Sputnik Кыргызстан бул трагедия боюнча окуяны көзөмөлдөгөн тергөөчүлөр, тартип коргоо органдары менен байланышууга аракет кылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0