Билими:
1991 — Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана материалдык жабдууну үнөмдөө жана пландаштыруу адистиги боюнча билим алган;
1996 — Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган;
2005-2007 — КР Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча толук курсун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1992 — Ош облусунун "Кеңеш" совхозунун бухгалтери;
1992-1993 — Ош шаарынын "Арча" атындагы соода тармагынын экономисти;
1993-2000 — Ош облусунун бириккен бажысынын "Эркеч-Там" постунда башкы инспектор, жетекчи орун басары, жетекчи;
2000-2004 — Бажы кызматынын Баткен облусундагы бөлүмүнүн жетекчи орун басары, жетекчиси;
2004-2005 — "Манас" аэропорт бажысынын жетекчиси;
2005-2007 — КР Жогорку Кеңешинин депутаты;
2008-2012 — КР өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
2015-жылдан бери КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат.
Төрт баланын атасы.