00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанды даңазалаган алптар! Аравияда элди таңданткан жигиттердин таржымалы

© Фото / Нурдан ЭсенбековФестиваль Camel Fest в Саудовской Аравии
Фестиваль Camel Fest в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз баатырларынын образын чагылдырган алп жигиттер Camel Fest этнофестивалына келген конокторду таң калтырууда. Алардын эң узунунун бою 2,05 метр, салмагы 130 килограммдан ашат. Ал эми өтүгүнүн өлчөмү 53 сантиметрге жетет. Ар бири жоокерлердей башына малакай, үстүнө соот кийип жүрүшөт.

Аталган фестиваль Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында 9-март күнү башталган. Ал жакка барган кыргыздын тогуз алп жигити оюн-зоокко катышып, баатырлардын жана хандын желдеттеринин образын жаратып жүрүшөт. Башкы максаты — кыргыздын жүзүн көрсөтүү. Бул демилге Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын президенти Аскат Акибаевге таандык.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы алп адамдар тууралуу бир топ маалыматтарды чогултту.

Тилектеш Үсөнакунов — бою 2,05 метр, салмагы 130 килограмм. Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында туулган.

Кайрат Өмүркулов — бою 2,03 метр, салмагы 136 килограмм. Суусамырдын Кожомкул айылында туулган.

Инамидин Бектемиров — бою 2 метр, салмагы 127 килограмм, жеке ишкерлик менен алектенет. Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында тулган.

Чыңгыз Арстанбек уулу — бою 2 метр, салмагы 135 килограмм, киноактер. Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында туулган.

Фестиваль Camel Fest в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Топоз минген кыргыздар, көз күйдүргөн сулуулар... Сауд Аравиядагы ирмемдер
Данияр Акунов — бою 198 сантиметр, салмагы 120 килограмм, мушкер. Жердиги Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылы.

Алмаз Бекботоев — бою 198 сантиметр, салмагы 120 килограмм, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын актеру. Таластын Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынан болот. 

Абдирахман Амракулов — бою 195 сантиметр, салмагы 120 килограмм, көк бөрүчү, мурунку боксчу. Жердиги Ош шаарынан.

Тилек Усупов — бою 195 сантиметр, салмагы 125 килограмм, Бокс федерациясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн директору. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылында туулган.

Азамат Бектурсунов — бою 195 сантиметр, салмагы 120 килограмм, грек-рим күрөшү менен машыгат. Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. 

© Фото / Курсант уулу МарсельКыргызстанды даңазалаган алптар
Кыргызстанды даңазалаган алптар! Аравияда элди таңданткан жигиттердин таржымалы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды даңазалаган алптар

Топтун жетекчиси Нурислам Койгелдиев алп жигиттерди табууга эки айга жакын убакыт кеткенин айтты. Аларга чет элдиктер суктанып, сүрөткө түшүү үчүн курчап алып, кээде барчу жерине кечигип калышууда дейт.

Алп жигиттердин ичинен эң узуну Тилектеш Үсөнакунов 41 жашта, үч уулдун атасы. Ал Бишкекте товар ташыган компанияда иштейт. Фестивалга чакырганда дароо эле макул болгонун билдирди. Жок дегенде ушул жагынан өлкөгө пайдам тиет экен деп сыймыктанып жүрөт.

"Мен үчүн чет өлкөдө кыргыз баатырларынын элесин чагылдырып, мекенибиздин атын даңазалоо чоң сыймык. Ушул жагынан болсо да өлкөгө салым кошуп туралы. Биз тогуз бир тууганбыз, алардын ичинен менин гана боюм узун. Ата-энем деле орто бойлуу. Бирок чоң атам чоң болгон экен. Эки-үч табак тамакты же бир койдун этин бир отуруп жейм десем жалган айткан болом. Сиздер сыяктуу эле тамактанам. Албетте, Нарындан болгондуктан дасторкондон эт үзүлбөйт", — деди Үсөнакунов.

Бою 2,03 метрге жеткен экинчи алп Кайрат Өмүркулов келгендердин көбү "эмне жеп чоңойдуңар?" деп кызыга сурап жатышканын айтат. 

"Сурагандарга таза абада табигый тамактарды жеп чоңойгонубузду айтып жатабыз. Чынында этсиз бир күн да тура албайбыз. Эттүү жана камыр тамактар сөзсүз түрдө болушу керек. Менин чоң атам, таятам да чоң кишилер эле. Учурда жашым 41де, бир уул, бир кызым бар", — деди Өмүркулов.

Карылуу жигиттердин бири Инамидин Бектемиров социалдык тармактарда аларды казак деп жаткандар болгонун белгиледи. Себеби буга чейин кыргыздын мындай алптары ири иш-чараларга катышчу эмес.

"Айрымдары бизди казактар менен алмаштырып алышууда. Балким алар Кыргызстанда дагы алптар бар экенин билишпейт го. Бул фестивалга казактардан да эки-үчөө келиптир. Тааныштарым аркылуу байланышып фестивалга чакырышкан. Мен Сауд Аравияга биринчи жолу келип жатам. Өзүм Бишкекте сырткы жарнамаларды даярдап иштечүмүн", — деди Бектемиров.

Баатырлардын кийимин иштеп чыккан дизайнер, салттуу билим ээси Асел Калканова тогуз алпка үч түрлүү форма даярдаган. Ага эки ай убакыт кеткенин билдирди.

Фестиваль Camel Fest в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздар ушундайбы деп сурашууда. Аравияда жүргөн узун бойлуу кыздар менен маек
"Жигиттер күн ысыкта бакай калпак, кечинде суукта малакай кийип жүрүшөт. Кийимдер афгандык кыргыздардан алып келинген зер буюмдар менен да шөкөттөлдү. Карышкырдын, түлкүнүн аң- терилерин Караколдон алдырдык. Баатырлардын кийимин даярдоодо көп адам эмгектенди. Бул формаларга кыргыздын тарыхын да көрсөтүүгө аракет кылдык", — деди Калканова.

Алптардын өтүгүнүн өлчөмү 47 сантиметрден башталып 53кө чейин жетет. Аны Бактыбек Байызов аттуу өтүкчү териден жасаган. Баатырлар кийген соотторду даярдоого Улан Дербишалиев, Максат Коңурбаев тартылган. Ал эми кылыч, калкандарын Акыл Турдубаев аттуу зергер жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0