Кыргыздар ушундайбы деп сурашууда. Аравияда жүргөн узун бойлуу кыздар менен маек

© Фото / Нурдан ЭсенбековФестиваль Camel Fest в Саудовской Аравии
Фестиваль Camel Fest в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Camel Fest этнофестивалына бою 190 сантиметрден ашкан кыргыз кыздары катышууда. Алар мода көргөзмөсүнө чыгып, конокторду тосуп алууда. Салыштыруу үчүн айтсак, сулуулук сынагына чыккан кыздардын бою 175 сантиметрден кем болбосун деген шарт коюлат.

Бул селкилерди чет элдиктер суктануу менен карап кайсы өлкөдөн келгенине кызыгып жатышканы маалым болду. Сауд Аравиясына атайын узун бойлуу кыздарды издеп, тандап алып барышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы шыңга бойлуу кыздар жана алардын кийимин тиккен дизайнер менен баарлашты.

Чолпон Сатыкеева 22 жашта, анын бою 193 сантиметрге жетсе, салмагы 80 килограммды түзөт. Ал атасы тарабында да, энеси тарабында да бою узун адамдар көп экенин айтат. 

© Фото / Нурдан ЭсенбековФестивалга катышып жаткан узун бойлуу кыздардын биринин бою 1,92 метрге, экинчисинин бою 1,93 метрге жетет
Кыргыздар ушундайбы деп сурашууда. Аравияда жүргөн узун бойлуу кыздар менен маек - Sputnik Кыргызстан
Фестивалга катышып жаткан узун бойлуу кыздардын биринин бою 1,92 метрге, экинчисинин бою 1,93 метрге жетет

"Ата тегим Нарындын Жумгал районуна караштуу Куйручук айылынан болот. Өзүм Бишкек шаарында туулуп-өскөм. Узун бойлуу туугандарым көп, атам менен апамдын бою узун. Алп жигиттер менен кошулуп бул жакка бир тууган бөлөм дагы келген. Бизди ары-бери өткөндүн баары таң калып карап, сүрөткө түшүп жатышат. Адегенде эле "кайсы жактан келдиң?" деп сурайт, жердигимди айтсам "Кыргызстанда ушундай узун кыздар жашайбы?" деп таң калып калышат", — деди Сатыкеева.

Ошондой эле ал фестивалдын коноктору анын боюна эле эмес, кийген кийимине да кызыгып жатышканын белгиледи. Бой жүргөн кыздын жүрөгү бош бекен деп кызыккандар да кездешкен. 

© Фото / Нурдан ЭсенбековЭр-Рияд шаарында өтүп жаткан Camel Fest этнофестивалына Кыргызстандан узун бойлуу кыз жана тогуз алп жигит барган.
Кыргыздар ушундайбы деп сурашууда. Аравияда жүргөн узун бойлуу кыздар менен маек - Sputnik Кыргызстан
Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Camel Fest этнофестивалына Кыргызстандан узун бойлуу кыз жана тогуз алп жигит барган.

"Биздин команданы түзүп жатканда эркектерди табуу анча кыйынчылык жаратпаптыр. Ал эми кыздарды эки ай бою издеп үчөөбүздү эле табышкан. Бул жакка келгенден кийин анан "биз жакта да бою эки метрге жеткен кыздар бар болчу" деп айткандар болду. Мен Бишкекте спорттук кийимдерди тигип сатам", — деди Сатыкеева.

Ал эми Элзада Абдыжапарованын бою 191 сантиметр, салмагы 73 килограмм. Учурда 27 жашта, бир кыздын энеси. Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган. Ал фестивалда Бугу эненин элеси түшкөн форманы кийип жүргөнүн айтты.

"Биздин каныбызда бар окшойт, туугандарыбыздын баарынын эле бою узун. Азамат Жумабеков деген бир тууган инимдин бою 2,05 метр, Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасында ойнойт. Учурда өлкө чемпионаты болуп жаткандыктан бул фестивалга келе албай калды. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, инилеримдин да бою 195 сантиметрден жогору. Башка жакта моделдердин бою 175 сантиметрден өйдө болушу керек деген талап бар. Биз алп жигиттер менен кошо чыккандыктан командабыздагы кыздардын бою 190 сантиметрден төмөн болбошу шарт. Бизди көргөндөр "кыргыздарда ушундай узун кыз-жигиттер барбы?" деп сурашууда. Элди көбүнчө кайсы жактан келгенибиз жана кийимдерибиз кызыктырууда", — деди Абдыжапарова.

Ошондой эле ал Бишкекте сулуулук салонунда косметолог болуп иштеп, кээде улуттук кийимдерди көргөзмөгө кийип чыгарын кошумчалады.

© Фото / Нурдан ЭсенбековАлп жигиттер менен бойлуу кыздар кыргыздын улуттук кийимдерин кийип 11-мартта көргөзмөгө чыгышкан
Кыргыздар ушундайбы деп сурашууда. Аравияда жүргөн узун бойлуу кыздар менен маек - Sputnik Кыргызстан
Алп жигиттер менен бойлуу кыздар кыргыздын улуттук кийимдерин кийип 11-мартта көргөзмөгө чыгышкан

Элди суктанткан кыздардын кийимдерин иштеп чыккан, салттуу билим ээси Асел Калканова алп жигиттерге жана узун бойлуу кыздардын ар бирине үч түрлүү форма тигилгенин айтып берди. 

"Кийген кийими аркылуу кыргыз кыздарынын назиктигин, мээримдүү эне экенин жана нукуралуулугун көргөзүүгө аракет кылганбыз. Анүчүн бир формага Бугу эненин образын алдык. Кийимдер менен тарыхтан бир учкай маалыматты көрсөтүүгө аракет жасадык. Негизи үч кыз келмек, бирөөнүн документтери туура болбой калды. Ордуна бул жактан бир жаачы кыздын бою туура келип кошуп алдык. Анын бою 187 сантиметр экен", — деди Калканова.

Ал эми бою эки метрден ашкан алп жигиттер дагы кыргыз баатырларынын образын чагылдырып, фестивалга келген конокторду таң калтырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0