Майып балдарды карагандар качан кантип айлык ала баштайт? Өкмөттөн жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Республиканского ожогового центра Бишкека
Деятельность Республиканского ожогового центра Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын январь айынан тарта майып балдарды карагандарга айына 4900 сом өлчөмүндө айлык төлөнө башташы керек болчу. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирмесине таянсак, азырынча бул каражатты эч ким ала элек.

Себебин жана майып балдарды карагандарга берилчү айлыктын жол-жобосун Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

"Багууга жана көзөмөлгө муктаж майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарты жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон

Эмне себептен ноябрда берилчү айлык январга жылып калды?

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек бергенде 2018-жылдын ноябрь айынан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-эне, туугандарына 4962 сомдон айлык төлө баштай турганын айткан. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Алтынай Өмүрбекова
Вице-премьер-министр КР Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова

Январдын башында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров токтом 2019-жылдын 1-январынан тарта иштей баштарын айтып, жол-жобосун түшүндүрүп берген

Алтынай Өмүрбекова майып балдарды карагандарга айлык берүү процесси эмне себептен январга жылып калганын төмөнкүчө түшүндүрдү. 

"Башында ноябрь деп айтылып жаткан. Акча каражаты да даяр болчу. Бирок ортодон камсыздандыруу полиси, патент алуу механизмдерине байланыштуу маселе чыгып калды. Башкача айтканда, майып балдарды карагандарга акчаны жеңилдетип берүү жолдорун иштеш керек болуп калды. Айлык жеке ассистентке жөлөк пул катары эмес, айлык катары берилгени жатпайбы. Ал үчүн патент, полис алыш керек болуп калат. Ошонун негизинде пенсияга чыгышат да. Майып балдар туруктуу кароого муктаж болгондуктан, ата-энелери Салык кызматына, Соцфондго барып отурбасын деп Социалдык өнүктүрүү министрлигинин адистери документтерди жеңилдетүү процессин иштеп чыкты. Мисалы, патент, полиске барып отурбай, арызды ата-эне үчүн адистер жазып, аларга акчаны мамлекет төлөгүдөй болот. Мына ушундай уюштуруу иштеринен улам процесс бир аз убакытка жылып кетти", — деди Өмүрбекова.

Жөлөк пул менен жеке ассистент алчу айлыкты алмаштырбоо зарыл

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров белгилегендей, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жеке ассистент жалданып, андан соң ага айлык төлөнөт. Башкача айтканда, айлык майып баланын сөзсүз эле ата-энесине эмес, аны карап, баккан адамга берилет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров
Экс-депутат Улукбек Кочкоров - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

"Эгер майып баланы караган адамдын апасы башка (айлыгы көбүрөөк) жумушта иштесе, бирок баласын бирөөнү жалдап каратса, келишим майып баланы караган адам менен түзүлөт дагы, айлык ошол адамга чегерилет", — деди Кочкоров.

Айлык токтом күчүнө кирери менен чегерилбейт. Алгач майып баланын жана аны карачу адамдын тиешелүү документтери толук даяр болушу зарыл.

Жеке ассистент болуунун жол-жобосу жана керек болчу документтер:

— баласы майып ата-эне же аны карай турган адам алгач өзү жашаган аймактагы социалдык коргоо башкармалыгына арыз менен кайрылуусу керек;

Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле... Көзү азиз жубайлардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле... Көзү азиз жубайлардын баяны
— баланын майыптыгы тууралуу документте МСЕКтин (медициналык-социалдык экспертиза комиссиясы) туруктуу кароого муктаж деген корутундусу болушу зарыл. Баласынын майыптыгы тууралуу документинде МСЕКтин корутундусу барлар дароо эле министрликке бара берсе болот. Андай корутундусу жоктор экспертиза комиссиясына барып жаздыруусу зарыл.

— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

— ата-энесинин же карай турган адамдын (багып алган ата-энеси, камкорчу же чоң ата, чоң энеси, таята, таенеси, бир туугандары жана туугандары) паспорту;

— баланы карай турган адамдын психикалык дарты жоктугу жөнүндө медициналык бүтүм (мындай медициналык бүтүм эгер майып баланы өзүнүн ата-энеси карай турган болсо талап кылынбайт. Бул документ баланы каратууга сырттан адам жалдаган учурда гана талап кылынат);

— жашаган жеринен маалымкат;

— банктагы эсеби тууралуу маалымкат (эгер банктык эсеби бар болсо, кайра ачпайт, акча ошол эсепке эле которулат).

Нурмила Курбанкул кызы - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кыз-келиндердин чүрөктөй сүрөтү менен жүрөк тилген баяны
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен майып баланы караган адамдын ортосунда келишим түзүлөт. Келишим түзүлүп жатканда полис менен патент алуу райондук башкармалыктын адистерине жүктөлгөн. Майып балдарды карагандар ишеним кат жазып беришет. Ошол ишеним каттын негизинде башкармалыктын адистери барып, патент, камсыздандыруу полистерин алып келип берет.

Келишимдин негизинде министрлик майып баларды карагандарды бир жылга жумушка алат.

Айлыкты бардык эле майып балдарды карагандар ала албайт

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө 30 миңдей майып бар болсо, анын 6 миңинин ата-энесине гана айлык төлөө каралып жатат. Алар — туруктуу кароого муктаж, 18 жашка чейинки балдар.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Саида Асанбаева учурда ата-энелер жеке ассистент болуш үчүн документтерди тапшыра баштаганын айтты. 

© Sputnik / Асель АкматалиеваЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Саида Асанбаева
Специалист управления по развитию социальных услуг ЛОВЗ пожилых граждан Минсоцразвития Саида Асанбаева - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Саида Асанбаева

"Учурда майып балдарды карагандар документтерин жер-жерлерде тапшырып, жеке ассистент тууралуу маалымат ала башташты. Толук документин январда тапшырып, министрлик менен келишим түзгөндөн кийин, мисалы, январда тапшырса, февралдан тарта айлык чегериле баштайт", — деди Асанбаева.

Асанбаева келишим бир жылга гана түзүлөрүн кошумчалап кетти.

"Бир жылдан кийин келишимдин мөөнөтү да аяктайт. Ошондуктан кайра жаңы келишим түзүүгө туура келет. Себеби майып баланы караган адам алмашып же башка бир себеп чыгып калышы мүмкүн", — деди Асанбаева.

Каражат даярбы?

Министр Улукбек Кочкоров аталган долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен бир жылга 420 миллион сомдун тегерегинде акча каралганын айткан. Ата-энелер тиешелүү документтерин тапшырган соң аларга стабилдүү түрдө айлык чыга баштайт.

"Учурда райондук башкармалыктар канча киши жеке ассистентке арыз тапшырганын чогултуп жатат. 25-январда санын тактап министрликке жөнөтөт. Аларды карап туруп биз керектүү өлчөмдү жер-жерлерге которобуз. Ошондо январда арыз жазгандар айлыгын февралда ала башташат", — деди Кочкоров.

Каржы министрлигинин маалымат катчысы Гүлмира Түгөлбаева 420 миллион сом даяр экенин жана бул каражат Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетине киргизилгенин айтты. 

Арабадагы майып коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент - Sputnik Кыргызстан
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
Белгилей кетсек, майып балдарды карагандардын айлыгынын суммасы өлкөдөгү тиричилик минимумуна карап түзүлгөн. Статистикалык комитеттин берген маалыматы боюнча азыр тиричилик минимуму болжол менен 4900 сомду түзөт. Бул сумма өзгөрсө, майып балдарды караган кишинин дагы айлыгы өзгөрүп турмакчы.

Ошондой эле майыптарды караган ата-эне кийин пенсияга чыга аларын Кочкоров кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0