00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Майып баланы карагандарга 4900 сомдон айлык берилет. Шарт-талабы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМайып бала. Архив
Майып бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул акчаны бардык эле майып балдардын ата-энеси ала бербейт.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Майып балдарды карагандарга айына 4900 сом өлчөмүндө айлык төлөнөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабарлады.

Анын айтымында, айлыкты майып балдарды баккандар 2019-жылдын 1-январынан тарта ала башташат.

"Бул сумманы биз тиричилик минимумуна карап түзгөнбүз. Статистикалык комитеттин берген маалыматы боюнча азыр тиричилик минимуму 4900 сомду түзөт. Бул сумма өзгөрсө, майып балдарды караган ата-эненин дагы айлыгы өзгөрүп турат", — деди министр.

Кочкоров билдиргендей, бул акчаны бардык эле майып балдардын ата-энеси ала албайт.

"Баланын майыптыгы тууралуу документте МСЕКтин (медициналык-социалдык экспертиза комиссиясы) туруктуу кароого муктаж деген корутундусу болот. Мисалы, өз алдынча тамак жей албаган, баспаган, сыртка чыга албаган балдар. Ошондой жазуусу бар балдардын ата-энесине гана айлык төлөнөт. Өлкөдө жалпы 30 миңдей майып бала бар, анын 6 миңинин ата-энесине гана айлык төлөө каралып жатат. Майып балдардын жашы 18ге чейин болушу керек", — деди Кочкоров.

Министр ага мамлекеттик бюджеттен бир жылга 420 миллион сомдун тегерегинде акча каралганын кошумчалады.

Детская соска и национальная валюта. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт
Эске салсак, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Багууга жана көзөмөлгө муктаж майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарты жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон.

Анда майып балага "жеке ассистент" ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (багып алган ата-энеси, камкорчу же чоң ата, чоң энеси, таята, таенеси, бир туугандары жана туугандары) боло алат деп жазылган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, бул кызматты көрсөткүсү келген адам өзү жашаган аймактагы социалдык коргоо башкармалыгына арыз менен кайрылуусу керек. Ал үчүн жарандын паспорту, банктагы эсеби тууралуу маалымат жана психикалык дарты жоктугу жөнүндө медициналык бүтүм талап кылынат.

"Жеке ассистентти" Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмү атайын келишимдин негизинде бир жылга жумушка алат.

Бул кызмат көрсөтүүнүн бир түрү болгондуктан, жаран патент жана камсыздандыруу полисин алуусу шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0