Бишкекте көчөлөрдү дезинфекциялап жаткан муниципалдык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус Кыргызстанга келген 57-күн. Өлкөдөгү абал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Кечээ өлкө аймагы боюнча жети гана кишинин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Буга карабай бийлик эпидемиологиялык абал дагы деле курч экенин айтып, карантиндик чектөөлөрдү бузбоого чакырып жатат.

Акыркы күндөрү аныкталган учурлардын айрымдары чет өлкөлөрдөн кайткан мекендештерден катталууда. Ушул тапта Кыргызстанга кайтууну каалап жаткан миңдеген жаран бар. Аларды кабыл алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги Белоруссиядан 150 миң даана ПЦР-тест сатып алууну көздөөдө.

Учурда өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билип, сүрөт, видеолорду көрсөңүз болот.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:08 14.05.2020
15:35 14.05.2020

Бишкектеги жугуштуу илдеттер боюнча республикалык клиникасына Соль-Илецктен келген эне баласы менен жаткырылды. Бул туурасында Респубилкалык штабдан кабарлашты.

Алгач, алар 11-майда “Семетей” обсервациясынан Тез жардам менен  шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

“Бала шашылыш көрсөтмө боюнча энеси менен өзүнчө бокско жаткырылып, өзүнчө кирип, чыгуусу каралган. Себеби баланын атасынан COVID-19 чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

 Биринчи алынган ПЦР-анализдери экөөнүкү тең терс жыйынтык көрсөтүп, кийинки кайталанып алынган анализдерде коронавирус инфекциясы чыккан. 13-майда экөө тең жугуштуу илдеттердин республикалык клиникасына которулган. 

15:31 14.05.2020

Нарын шаарында COVID-19 илдетинин 15 учуру аныкталды. Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды, алардын ичинен, медицина кызматкери -1, жаңы төрөгөн аялдар - 8, туугандары менен байланышта болгондор - 6. Бардыгынын абалы канааттандыраарлык.

Нарын облустук бириккен ооруканасынын (НОБО) төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып, персоналдар алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү.

НОБО төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган.

Бул туурасында Республикалык штаб билдирди. 

14:46 14.05.2020

Нарын облусунда түзүлгөн коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, борбор калаадан 14-майда медициналык адистердин эсеп боюнча тогузунчу тобу жөнөп кетти.

"Ыктыярчы дарыгерлер тобуна 3 акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген. Алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт. 2 акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер,  акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

 

Ар бир медкызматкер керектүү өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздалды. Иш сапарга байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле эпидемиологиялык фонддон каржыланат.

Бул туурасында Республикалык штабдан маалымдашты. 

13:42 14.05.2020

“Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда карантин тартиби күчүндө жана 12 пост иштеп жатат. Ооруну жокко чыгаруу үчүн болушунча аталган аймакка адамдардын кирип-чыгуусуна тыюу салып жатабыз. Облус боюнча элдин кыймылын азайтуу максатында патрулдук милиция кызматы күнү-түнү ишин улантууда”, - деп билдирди  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов.

13:25 14.05.2020

Таласка жакын жердеги Чаткал району менен Жамбыл (Казакстан) облусунда вирус чыгып жаткандыгына байланыштуу оору бизге дагы кириши мүмкүн деген кооптонуу бар. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда билдирди.

 

Полномочный представитель правительства в Таласской области Марат Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
Мураталиев: Таласка жакын Чаткал, Жамбылдан вирус чыкты, кооптонуу бар
12:49 14.05.2020
12:45 14.05.2020
12:39 14.05.2020

“Жакында Орозо Айтка карата куран окутуу, жылдык өткөрүү иш-чаралары болушу мүмкүн. Көп адамдардын топтолуусун уюштурбоого жана аймактан-аймакка каттабай турууну, ошондой эле, 2-3 жылкы союп, ыксыз чыгымдарга жол бербөөңүздөрдү суранам. Ашыкча ысырапкерчилике кеткен чыгымдын ордуна өзүңүздөрдүн ден соолукту чыңдап, үй-шартыңыздарды жакшыртып жана балдардын билимине салым кошсоңуздар деп кайрылат элем”,- деди Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

10:49 14.05.2020

Республикалык штабдын маалыматы боюнча алар "Jazeera Airways" авиакомпаниясынын Эль-Кувейт — Доха — Бишкек каттамы боюнча учуп келишти. Биздин жарандар менен кошо Казакстандын 31 жараны дагы учуп келди, аларды казак тарап аэропорттон тосуп алып, мекенине атайын унаа менен алып кетти.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылган.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканы айтылды.

10:44 14.05.2020

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган 15 жашка чейинки балдардын саны 147ге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

147 баланын ичинен 12си бир башка чейинки бөбөктөр.

“Бир жашка чейинки балдар көбүнесе вирустун белгиси жок жүргөн ата-энесинен жуктуруп жатышат”, — деди Каратаев.

Мындан тышкары 16-19 жаштагы улан-кыздардын арасынан 28 учур катталганы айтылды.

 

10:05 14.05.2020

Ушуну менен оору менен алышкан күндөн баштап Кыргызстанда 735 киши сакайып үйүнө чыкты.

10:05 14.05.2020
09:46 14.05.2020

Негизи адам эки айдан ашык обочолонууга чыдабайт экен. Жумушка барып-келип, дайым байланышта, карым-катнашта жүргөн киши үйдө отурууга мажбурланып калса, бара-бара жаман адаттары күчөй турганы айтылды. 

Бул тууралуу "Известия" агенттиги профессор, Россиянын Илимдер академиясынын медициналык-биологиялык көйгөйлөр институтунун орун басары Юрий Бубеевге шилтеме берип жазды.

"Эгерде шарттар катаал болсо, бир жарым ай, өтө эле көп дегенде эки ай чыдаса болот. Андан кийин буга чейин жаап-жашырып, карманып келген кадамдар ачык түрдө жасала баштайт. Бул агрессияны күчөтүп, үй-бүлөлүк зомбулукка, алкоголдук ичимдикти ашкере ичүүгө алып келет. Ансыз деле үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп кетти, ошондуктан алардын саны мындан ары өсүшү мүмкүн", — деген адис.

Ошол эле учурда Бубеев обочолонуу режимин мажбурлап эмес, өздөрү тандап алгандар көп убакыт үйдө боло аларын кошумчалаган.

09:40 14.05.2020

Анын айтымында, Бишкекте милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, бирок тургундар бет кап тагынбаган үчүн айып пул сала албайт.

"Эгер Саламаттык сактоо министрлиги же Республикалык штаб тапшырма берсе, 293-беренеге ылайык айып сала алат”, — деди министр.

Эскерте кетсек, буга чейин шаар мэри Азиз Суракматов бет кап тагынбай жүргүн калаа тургундарына 5000 сомго чейин айып пул салына турганын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0