https://sputnik.kg/20261127/rossiyanyn-deniz-askerlerinin-tarykhy-videodo-1105166493.html
"Биз турган жерде жеңиш бар". Россиянын деңиз аскерлеринин тарыхы видеодо
"Биз турган жерде жеңиш бар". Россиянын деңиз аскерлеринин тарыхы видеодо
Sputnik Кыргызстан
1705-жылы 27-ноябрда Петр I Россияда деңиз аскерлеринен турган полк түзүү боюнча жарлык чыгарган. Бүгүн түбү дал ушул жарлыкка барып такалган учурда "черные... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T20:01+0600
2026-11-27T20:01+0600
2026-11-27T20:01+0600
дүйнөдө
россия империясы
петр i
жарлык
флот
аскер
кармаш
тарых
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105169395_0:45:2732:1582_1920x0_80_0_0_4959c3dc6061fb71f4b9b665a71a7fb0.jpg
Сыналган жылдар. Түндүк согушунун кызып турган учурунда түптөлгөн деңиз аскерлеринин полку дароо кармашка кирген. 1706-жылы алар деңиз кармашындагы тактиканы колдонуп, шведдердин "Эсперн" жеңил кемесин колго түшүргөн. Сегиз жылдан кийин Гангут согушундагы беттештердин бири тагдыр чечүүчү учур болгон. Алар Балтикада артыкчылык кылган. Деңиз аскерлеринин даңкы улам чыгы баштаган. Алар Чесмен согушунда түрк чебин алган, адмирал Ушаковдун эскадрасынын курамында болуп, француздардан Ион аралдары менен Италиянын түштүгүн бошоткон. Бул аскерлерди душмандарына ажал алып келген деп саксынып турушкан. Аларды бир нече ирет таратып, бирок зарылдыгын түшүнүп, кайра эле түзүп турушкан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда баатырдыктын барактарын жазышты. Майтарылбаган эркти Севастополду, Ленинградды коргоодо көрсөтүп, андан улам немецтер аларды "кара ажал" деп аташкан. Согуш — аялзатынын да иши. Совет мезгилинде 150дөн ашуун деңиз аскери Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Алардын арасында бул наамга ээ болгон жалгыз аял, деңиз жөө аскерлеринин командири, гвардиянын полковниги Евдокия Завалий да болгон. Душмандары аны "Карарган ажал Фрау" деп атап алышкан. Ал 1941-жылы, али жаш кыз кезинде эле фронтко аттанып, санитар болуп кызмат өтөгөн. Алгачкы сегиз айга жакын убакыт бою өзүн Евдоким Николаевич деген ат менен эркек катары көрсөтүп жүргөн. Жарадар болуп, дарылангандан кийин деңиз жөө аскерлеринин катарына өткөн. Бүгүнкү күндө россиялык деңиз жөө аскерлери атайын операция жүрүп жаткан аймактын бардык багыттарында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, эрдиктин, туруктуулуктун, кайраттуулуктун жана тайманбастыктын үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Бүгүнкү күндө деңиз аскерлери — Аскер-деңиз флотунун тез арада аракетке келген жээктеги элиталык күчтөрү. "Черные береты" дүйнөнүн каалаган чекитинде плацдармдарды жана материалдык-техникалык камсыздоо базаларын алуу үчүн кеме жана тик учактардан десант түшүрүүгө даяр. Алар Россиянын бардык флотторунун курамына кирет.
россия империясы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105169395_1:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_a70cfdc728fb5261ee3995574d84c08d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия империясы, петр i, жарлык, флот, аскер, кармаш, тарых, видео, видео
дүйнөдө, россия империясы, петр i, жарлык, флот, аскер, кармаш, тарых, видео, видео
"Биз турган жерде жеңиш бар". Россиянын деңиз аскерлеринин тарыхы видеодо
1705-жылы 27-ноябрда Петр I Россияда деңиз аскерлеринен турган полк түзүү боюнча жарлык чыгарган. Бүгүн түбү дал ушул жарлыкка барып такалган учурда "черные береты" деген ат менен таанылган күчтөрдүн тарыхы, баскан жолу тууралуу айтып бермекчибиз.
Сыналган жылдар. Түндүк согушунун кызып турган учурунда түптөлгөн деңиз аскерлеринин полку дароо кармашка кирген. 1706-жылы алар деңиз кармашындагы тактиканы колдонуп, шведдердин "Эсперн" жеңил кемесин колго түшүргөн. Сегиз жылдан кийин Гангут согушундагы беттештердин бири тагдыр чечүүчү учур болгон. Алар Балтикада артыкчылык кылган.
Деңиз аскерлеринин даңкы улам чыгы баштаган. Алар Чесмен согушунда түрк чебин алган, адмирал Ушаковдун эскадрасынын курамында болуп, француздардан Ион аралдары менен Италиянын түштүгүн бошоткон. Бул аскерлерди душмандарына ажал алып келген деп саксынып турушкан. Аларды бир нече ирет таратып, бирок зарылдыгын түшүнүп, кайра эле түзүп турушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда баатырдыктын барактарын жазышты. Майтарылбаган эркти Севастополду, Ленинградды коргоодо көрсөтүп, андан улам немецтер аларды "кара ажал" деп аташкан.
Согуш — аялзатынын да иши. Совет мезгилинде 150дөн ашуун деңиз аскери Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Алардын арасында бул наамга ээ болгон жалгыз аял, деңиз жөө аскерлеринин командири, гвардиянын полковниги Евдокия Завалий да болгон. Душмандары аны "Карарган ажал Фрау" деп атап алышкан.
Ал 1941-жылы, али жаш кыз кезинде эле фронтко аттанып, санитар болуп кызмат өтөгөн. Алгачкы сегиз айга жакын убакыт бою өзүн Евдоким Николаевич деген ат менен эркек катары көрсөтүп жүргөн. Жарадар болуп, дарылангандан кийин деңиз жөө аскерлеринин катарына өткөн.
Бүгүнкү күндө россиялык деңиз жөө аскерлери атайын операция жүрүп жаткан аймактын бардык багыттарында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, эрдиктин, туруктуулуктун, кайраттуулуктун жана тайманбастыктын үлгүсүн көрсөтүп жатышат.
Бүгүнкү күндө деңиз аскерлери — Аскер-деңиз флотунун тез арада аракетке келген жээктеги элиталык күчтөрү. "Черные береты" дүйнөнүн каалаган чекитинде плацдармдарды жана материалдык-техникалык камсыздоо базаларын алуу үчүн кеме жана тик учактардан десант түшүрүүгө даяр. Алар Россиянын бардык флотторунун курамына кирет.