https://sputnik.kg/20261127/italiya-ukraina-tushundurmo-talap-1105166573.html
Германия менен Италия Ливиянын портуна чабуул койгон Киевге эскертүү беришти
Германия менен Италия Ливиянын портуна чабуул койгон Киевге эскертүү беришти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Германия менен Италия Ливиядагы Бенгази портуна жасалган чабуулдан кийин украин жаңжалынын Жер ортолук деңизине жайылышына каршы... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T16:15+0600
2026-11-27T16:15+0600
2026-11-27T16:25+0600
дүйнөдө
украина
италия
жоржа мелони
ливия
чабуул
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105165667_0:103:2001:1228_1920x0_80_0_0_e737c878c0e3b8b4771cac8b0d0f17a0.jpg
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Германия менен Италия Ливиядагы Бенгази портуна жасалган чабуулдан кийин украин жаңжалынын Жер ортолук деңизине жайылышына каршы экенин айтып чыгышты. Эки өлкөнүн өкүлдөрү Киевди абалды курчутпоого чакырышкан.Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль тирешүү башка аймактарга жайылбашы керектигин белгиледи. Анын айтымында, Берлин согуштук аракеттерди тизгиндеп, абалдын чыңалышын алдын алып, Балтика деңизиндеги коопсуздукту камсыздоого аракет көрүшү керек. Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Украина Ливиядагы портко сокку ургандан кийин согуш Жер ортолук деңизине жайылбашы керектигин айтып чыкты. Бирок бул окуя Украинаны каржылык жактан колдоого таасир этпей турганын да белгиледи. Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, Бенгази портуна жасалган чабуул италиялык аткаминерлердин нааразычылыгын жараткан.Ливиянын бийлиги чабуулга Киевди жоопкерчиликтүү деп эсептеп, анын кесепетинен Улуттук армиянын деңиз күчтөрүнүн эки аскери каза болгонун билдирген. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Украинадан расмий түшүндүрмө талап кылды. Италиялык Repubblica басылмасы Улуу Британия Киевге чабуул уюштурууга жардам берген чалгын маалыматтарын бериши мүмкүн деген шектенүүлөр бар экенин жазды.
https://sputnik.kg/20261124/liviya-ukrainany-buunun-sotuna-beruugo-kamynuuda-1105082075.html
украина
италия
ливия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1b/1105165667_112:0:1888:1332_1920x0_80_0_0_0a7104a75ed9ae0b1aa838d82b7454e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, италия, жоржа мелони, ливия, чабуул
дүйнөдө, украина, италия, жоржа мелони, ливия, чабуул
Германия менен Италия Ливиянын портуна чабуул койгон Киевге эскертүү беришти
16:15 27.11.2026 (Жаңыртылды: 16:25 27.11.2026) БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Германия менен Италия Ливиядагы Бенгази портуна жасалган чабуулдан кийин украин жаңжалынын Жер ортолук деңизине жайылышына каршы экенин айтып чыгышты. Эки өлкөнүн өкүлдөрү Киевди абалды курчутпоого чакырышкан.
Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль тирешүү башка аймактарга жайылбашы керектигин белгиледи. Анын айтымында, Берлин согуштук аракеттерди тизгиндеп, абалдын чыңалышын алдын алып, Балтика деңизиндеги коопсуздукту камсыздоого аракет көрүшү керек.
Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Украина Ливиядагы портко сокку ургандан кийин согуш Жер ортолук деңизине жайылбашы керектигин айтып чыкты. Бирок бул окуя Украинаны каржылык жактан колдоого таасир этпей турганын да белгиледи.
Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, Бенгази портуна жасалган чабуул италиялык аткаминерлердин нааразычылыгын жараткан.
Ливиянын бийлиги чабуулга Киевди жоопкерчиликтүү деп эсептеп, анын кесепетинен Улуттук армиянын деңиз күчтөрүнүн эки аскери каза болгонун билдирген. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Украинадан расмий түшүндүрмө талап кылды. Италиялык Repubblica басылмасы Улуу Британия Киевге чабуул уюштурууга жардам берген чалгын маалыматтарын бериши мүмкүн деген шектенүүлөр бар экенин жазды.