https://sputnik.kg/20261127/ajyl-charbanasyya-3-pajyzga-tomondojt-1105163299.html
Жеңилдетилген айыл чарба насыяларынын үстөгү үч пайызга чейин төмөндөйт
Жеңилдетилген айыл чарба насыяларынын үстөгү үч пайызга чейин төмөндөйт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жеңилдетилген айыл чарба насыяларынын үстөк пайызы алты пайыздан үч пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу айыл чарба... 27.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-27T13:24+0600
2026-11-27T13:24+0600
2026-11-27T13:24+0600
кыргызстан
экономика
айыл чарба
насыя
фермер
эрлист акунбеков
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091888551_0:159:3078:1890_1920x0_80_0_0_084c8dc49f0c523a88893c1f268a0db4.jpg
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жеңилдетилген айыл чарба насыяларынын үстөк пайызы алты пайыздан үч пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу айыл чарба министри, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди.Анын айтымында, үч пайыздык насыяларды берүү үчүн каражат 2026-жылдын аягына чейин мамлекеттик банктарга которулат. Министр жыл сайын бөлүнүп жаткан 20 миллиард сом тармактын муктаждыгын толук жабууга жетишсиз экенин белгиледи.Акунбековдун айтымында, эгер насыялык каржылоонун көлөмү жыл сайын 10 миллиард сомго көбөйтүлсө, 2030-жылга чейин айыл чарба тармагынын насыяга болгон муктаждыгын толук камсыздоого болот.Ошондой эле министр насыялар бай фермерлерге гана берилет деген пикирлерге комментарий берди. Ал "Ай Дыйкан" тиркемеси аркылуу фермерлердин кайрылуулары талданып, насыя берүүдөн баш тартуунун себептери, анын ичинде күрөөнүн жетишсиздиги жана башка тоскоолдуктар аныкталарын айтты.
https://sputnik.kg/20261026/kuroo-zholokpul-online-tapshyruu-1104518641.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091888551_174:0:2905:2048_1920x0_80_0_0_38e76bc8c72ec7395f214d9870fae7ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, айыл чарба, насыя, фермер, эрлист акунбеков
кыргызстан, экономика, айыл чарба, насыя, фермер, эрлист акунбеков
Жеңилдетилген айыл чарба насыяларынын үстөгү үч пайызга чейин төмөндөйт
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жеңилдетилген айыл чарба насыяларынын үстөк пайызы алты пайыздан үч пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу айыл чарба министри, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, үч пайыздык насыяларды берүү үчүн каражат 2026-жылдын аягына чейин мамлекеттик банктарга которулат. Министр жыл сайын бөлүнүп жаткан 20 миллиард сом тармактын муктаждыгын толук жабууга жетишсиз экенин белгиледи.
Акунбековдун айтымында, эгер насыялык каржылоонун көлөмү жыл сайын 10 миллиард сомго көбөйтүлсө, 2030-жылга чейин айыл чарба тармагынын насыяга болгон муктаждыгын толук камсыздоого болот.
Ошондой эле министр насыялар бай фермерлерге гана берилет деген пикирлерге комментарий берди. Ал "Ай Дыйкан" тиркемеси аркылуу фермерлердин кайрылуулары талданып, насыя берүүдөн баш тартуунун себептери, анын ичинде күрөөнүн жетишсиздиги жана башка тоскоолдуктар аныкталарын айтты.