https://sputnik.kg/20261026/kuroo-zholokpul-online-tapshyruu-1104518641.html
Өлкөдө күрөөнү жана жөлөк пулду онлайн-каттоо жөнөкөйлөтүлдү
Өлкөдө күрөөнү жана жөлөк пулду онлайн-каттоо жөнөкөйлөтүлдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстанда насыя төлөнгөндөн кийин күрөөнү онлайн алып салууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 26.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-26T12:14+0600
2026-10-26T12:14+0600
2026-10-26T12:14+0600
кыргызстан
реформа
документ
кредит
маалым кат
https://sputnik.kg/img/104717/82/1047178223_0:214:1600:1114_1920x0_80_0_0_d844ccbccc61c18b21a421fd5bf219c7.jpg
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстанда насыя төлөнгөндөн кийин күрөөнү онлайн алып салууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын толук төлөгөндөн кийин күрөөнү алып салуу үчүн банкка, андан кийин Жер агенттигине барып, кагаз түрүндөгү документтерди тапшырышы керек болчу. Бул процесс бир-эки күнгө чейин созулуп кетчү. Эми мунун баарын "Түндүк" тиркемесинен эле жасоого болот. Күндөп созулган жумушту беш саатта эле бүтүрүү мүмкүн экени кошумчаланды. Мындан тышкары, өкмөт документ ырастоо процедурасын жөнөкөйлөтүүчү дагы бир реформасы тууралуу айтты. Буга чейин студент кезде багуучусунан ажыраган жаштар мамлекет берчү жөлөк пулду узартуу үчүн мурдагыдай жал сайын окуган жеринен маалым кат алып, тапшырууга милдеттүү эле. Эми ал жарандын студент экенин маалымат системалары аркылуу 1-2 мүнөттүн ичинде текшерип алууга шарт түзүлдү.
https://sputnik.kg/20260908/migranttarga-pension-kamsyzdandyruu-aralyktan-tunduk-1103528482.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104717/82/1047178223_58:0:1543:1114_1920x0_80_0_0_0e25b622108e33f5fe6cfad69c7cf7f4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, реформа, документ, кредит, маалым кат
кыргызстан, реформа, документ, кредит, маалым кат
Өлкөдө күрөөнү жана жөлөк пулду онлайн-каттоо жөнөкөйлөтүлдү
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстанда насыя төлөнгөндөн кийин күрөөнү онлайн алып салууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын толук төлөгөндөн кийин күрөөнү алып салуу үчүн банкка, андан кийин Жер агенттигине барып, кагаз түрүндөгү документтерди тапшырышы керек болчу. Бул процесс бир-эки күнгө чейин созулуп кетчү.
Эми мунун баарын "Түндүк" тиркемесинен эле жасоого болот. Күндөп созулган жумушту беш саатта эле бүтүрүү мүмкүн экени кошумчаланды.
Мындан тышкары, өкмөт документ ырастоо процедурасын жөнөкөйлөтүүчү дагы бир реформасы тууралуу айтты. Буга чейин студент кезде багуучусунан ажыраган жаштар мамлекет берчү жөлөк пулду узартуу үчүн мурдагыдай жал сайын окуган жеринен маалым кат алып, тапшырууга милдеттүү эле. Эми ал жарандын студент экенин маалымат системалары аркылуу 1-2 мүнөттүн ичинде текшерип алууга шарт түзүлдү.