https://sputnik.kg/20261126/zhurnalist-auditoriya-kyzyguu-1105136807.html
Журналист аудиторияны кантип кызыктыра алат. Эксперт имидж, стиль тууралуу
Журналист аудиторияны кантип кызыктыра алат. Эксперт имидж, стиль тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Журналист канткенде элди кызыктырып, өз имиджин түзө аларын "Россия сегодня" медиатобунун Маркетинг дирекциясынын башкармалык... 26.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-26T13:00+0600
2026-11-26T13:00+0600
2026-11-26T15:03+0600
кыргызстан
россия
sputnikpro
журналист
имидж
образ
стиль
маалымат борбор
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1f/1052671334_0:74:3072:1802_1920x0_80_0_0_ba0298a07b7a0ef7cc49d561c02f3d8c.jpg.webp
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Журналист канткенде элди кызыктырып, өз имиджин түзө аларын "Россия сегодня" медиатобунун Маркетинг дирекциясынын башкармалык жетекчиси Ирина Гущина айтып берди. Иш-чара SputnikPro долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн. Гущина адамга маектешти жалпы жонунан таанууга 30 секунд жетиштүү экенин, ал эми сен жөнүндө калыптанып калган терс пикирди оңдоого беш жылга жакын убакыт кетерин эске салды. Киши каалайбы-каалабайбы, жарым мүнөттүн ичинде алдында турган адамдын коркунуч жаратар-жаратпасын, пайда-зыянын билип-туя алат. Эксперт психолог Альберт Мехрабяндын коммуникациялык моделине таянды. Ага ылайык, алгач көрүшкөндөгү биринчи айтылган сөздөрдүн көп мааниси боло бербейт, адам тууралуу пикирдин дээрлик 93 пайызына маектештин үнү, тышкы келбети таасир этет, андыктан ал ишеним жаратышы керек. Анча жакшы түзүлбөгөн образ окуянын өзүнө кандай таасир этерин Гущина Жастин Бибер менен Франция президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусунун мисалы менен түшүндүрдү. Ортодо жаштардын көйгөйү кеп болгону менен жолугушуунун сүрөттөрү жарыялангандан кийин көпчүлүк Жастин Бибердин жубайы Хейлинин ачык кийингенин гана талкуулап жатып калган. Дагы бир мисал — түрк мечитинде өткөн жолугушууга келген Дүйнөлүк банктын мурунку жетекчиси Пол Вулфовиц бутун чечкенден кийин байпагы жыртылып калганын элдин баары көргөн. Эксперттин айтымында, журналисттин аброю аудитория менен маектештин ишенимине түз таасир этет, андыктан ал бейтараптыгын сактап, маегинин убакыт-сааты бүтүп баратса да кыжалат болуп жатканын билдирбеши керек. Дагы бир маселе — идентификация, башкача айтканда, сага гана таандык профессионалдык стиль болушу керек. Журналистти адатта жазганынан таанышат, дыкат ойлонулган тышкы образ да буга жакшы жардамчы боло алат. Гущинанын айтымында, имидж вербалдык (кандай ыргак менен сүйлөп жатканыбыз), кинетикалык (кыймыл-аракетибиз, өзүбүздү алып жүргөнүбүз), чөйрөлүк (кесиптештер, достор, ишиң) катмардан жана тышкы келбеттен, колдонгон буюмдарыңдан түзүлөт. Аудиториянын алдына чыгарда катуу толкунданса спикер беш мүнөткө токтоп, тереңирээк дем алып алышы керек, бул үндүн ишенимдүү, токтоо чыгышына жардам берет. Ал эми дикцияны да талапка ылайык келтирип алууга болот, буга диктордун артынан сөзүн кайталаган ыкма жакшы, жыйынтыгы бир нече күндөн кийин эле билинет. Гущина эки жакка көп чыккан журналистке кагаз бет аарчы, тарак. чачтын лагын, гигиеналык помада, ооздун жытын кетирген каражат, антисептик, нымдуу бет аарчы, дезодорант жана колго крем ала жүрүүнү кеңеш кылды. Эксперт образ, имидж жана стиль түшүнүктөрүн айырмалап түшүнүдүрүп берген. Анын айтымында, образ — бул адамдын ошол кырдаалдагы кебете-кешпири, окуяга, иш-чарага карап тандалган кийим-кечеси. Имидж — кесиптик артыкчылыгын баса көрсөткөн образ. Ал эми стиль — бул адамдын жашоо образы, өзүнүн баалуулуктарын баяндаган "тарыхы". Гущина адамдын тышкы келбетин алгач элесинен (силуэт), андан кийин бут кийиминен, андан барып чач жасалгасынан баалай турганын белгиледи. Ирина Гущина — маркетолог, стилист, журналист, буга чейин экономист болуп да иштеген. 20 жылдан ашуун медиадагы маркетинг жаатын башкарган. 2021-жылдан тарта аудитория менен иштөө боюнча бизнес-тренер, стилист-имиджмейкер болуп иштеп келет. SputnikPro долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жана медиакаражаттардын кызматкерлерине арналган. Катышуучулар кесибине керектүү заманбап чечимдерди үйрөнүп, тажрыйбалуу адистерден, эксперттерден сабак алышат. 2018-жылдан тарта SputnikPro 24 мамлекетте иштеди. 80 жолу онлайн-тартипте өттү. Баш-аягы бул долбоорго 12 700 адам катышты.
https://sputnik.kg/20261103/sport-eksklyuziv-zhurnalist-keneshter-1104681148.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1f/1052671334_245:0:2976:2048_1920x0_80_0_0_d9f4f14fa9b0e5e23ba8b92be9c7c582.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, sputnikpro, журналист, имидж, образ, стиль
кыргызстан, россия, sputnikpro, журналист, имидж, образ, стиль
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Журналист канткенде элди кызыктырып, өз имиджин түзө аларын "Россия сегодня" медиатобунун Маркетинг дирекциясынын башкармалык жетекчиси Ирина Гущина айтып берди.
Иш-чара SputnikPro долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн.
Гущина адамга маектешти жалпы жонунан таанууга 30 секунд жетиштүү экенин, ал эми сен жөнүндө калыптанып калган терс пикирди оңдоого беш жылга жакын убакыт кетерин эске салды. Киши каалайбы-каалабайбы, жарым мүнөттүн ичинде алдында турган адамдын коркунуч жаратар-жаратпасын, пайда-зыянын билип-туя алат.
Эксперт психолог Альберт Мехрабяндын коммуникациялык моделине таянды. Ага ылайык, алгач көрүшкөндөгү биринчи айтылган сөздөрдүн көп мааниси боло бербейт, адам тууралуу пикирдин дээрлик 93 пайызына маектештин үнү, тышкы келбети таасир этет, андыктан ал ишеним жаратышы керек.
Анча жакшы түзүлбөгөн образ окуянын өзүнө кандай таасир этерин Гущина Жастин Бибер менен Франция президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусунун мисалы менен түшүндүрдү. Ортодо жаштардын көйгөйү кеп болгону менен жолугушуунун сүрөттөрү жарыялангандан кийин көпчүлүк Жастин Бибердин жубайы Хейлинин ачык кийингенин гана талкуулап жатып калган. Дагы бир мисал — түрк мечитинде өткөн жолугушууга келген Дүйнөлүк банктын мурунку жетекчиси Пол Вулфовиц бутун чечкенден кийин байпагы жыртылып калганын элдин баары көргөн.
Эксперттин айтымында, журналисттин аброю аудитория менен маектештин ишенимине түз таасир этет, андыктан ал бейтараптыгын сактап, маегинин убакыт-сааты бүтүп баратса да кыжалат болуп жатканын билдирбеши керек.
"Эгер аудитория журналисттин чыйпылыктап, болбосо кыжыры келип жатканын сезсе "жабылып", ишенбей калат. Ошондуктан эч нерсени билдирбегенге аракет кылуу зарыл", — деди Гущина.
Дагы бир маселе — идентификация, башкача айтканда, сага гана таандык профессионалдык стиль болушу керек. Журналистти адатта жазганынан таанышат, дыкат ойлонулган тышкы образ да буга жакшы жардамчы боло алат.
Гущинанын айтымында, имидж вербалдык (кандай ыргак менен сүйлөп жатканыбыз), кинетикалык (кыймыл-аракетибиз, өзүбүздү алып жүргөнүбүз), чөйрөлүк (кесиптештер, достор, ишиң) катмардан жана тышкы келбеттен, колдонгон буюмдарыңдан түзүлөт.
Аудиториянын алдына чыгарда катуу толкунданса спикер беш мүнөткө токтоп, тереңирээк дем алып алышы керек, бул үндүн ишенимдүү, токтоо чыгышына жардам берет. Ал эми дикцияны да талапка ылайык келтирип алууга болот, буга диктордун артынан сөзүн кайталаган ыкма жакшы, жыйынтыгы бир нече күндөн кийин эле билинет.
Гущина эки жакка көп чыккан журналистке кагаз бет аарчы, тарак. чачтын лагын, гигиеналык помада, ооздун жытын кетирген каражат, антисептик, нымдуу бет аарчы, дезодорант жана колго крем ала жүрүүнү кеңеш кылды.
Эксперт образ, имидж жана стиль түшүнүктөрүн айырмалап түшүнүдүрүп берген. Анын айтымында, образ — бул адамдын ошол кырдаалдагы кебете-кешпири, окуяга, иш-чарага карап тандалган кийим-кечеси. Имидж — кесиптик артыкчылыгын баса көрсөткөн образ. Ал эми стиль — бул адамдын жашоо образы, өзүнүн баалуулуктарын баяндаган "тарыхы".
Гущина адамдын тышкы келбетин алгач элесинен (силуэт), андан кийин бут кийиминен, андан барып чач жасалгасынан баалай турганын белгиледи.
Ирина Гущина — маркетолог, стилист, журналист, буга чейин экономист болуп да иштеген. 20 жылдан ашуун медиадагы маркетинг жаатын башкарган. 2021-жылдан тарта аудитория менен иштөө боюнча бизнес-тренер, стилист-имиджмейкер болуп иштеп келет.
SputnikPro долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жана медиакаражаттардын кызматкерлерине арналган. Катышуучулар кесибине керектүү заманбап чечимдерди үйрөнүп, тажрыйбалуу адистерден, эксперттерден сабак алышат.
2018-жылдан тарта SputnikPro 24 мамлекетте иштеди. 80 жолу онлайн-тартипте өттү. Баш-аягы бул долбоорго 12 700 адам катышты.