00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Туяк
Руслан Курманалиев: сахнада жанып, элдин жүрөгүндө калган талант
19:11
57 мин
Об экономике и не только
ИИ упирается в киловатты: сможет ли Кыргызстан войти в гонку вычислений?
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстан аба мейкиндигин кантип көзөмөлдөйт жана учуулардын коопсуздугун кантип камсыздайт?
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Маалымат борбор

Спортчунун ишенимине кантип кирип эксклюзив алса болот? Журналисттен кеңештер

© Sputnik / Жантай Макеновжурналист-блогер Мария Иванова
журналист-блогер Мария Иванова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Спорт журналистикасында кантип эксклюзивдүү материалдарды алуу керектигин журналист-блогер Мария Иванова айтып берди. SputnikPro агартуу долбоорунун алкагындагы иш-чара Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өттү.
Спикердин айтымында, жакшы эксклюзивдик материалдын артында көбүнчө ийгиликке караганда арбын эмгек турат. Бир эле окуяга бирдей техника көтөргөн ондогон журналисттер барышы мүмкүн, бирок алардын бири кадимки жаңылык чыгарса, экинчиси эл талкуулаган материал жаратат. Айырмасы даярдык, ишеним жана адамдар менен мамиле кура билүүдө.
"Журналистикада сыйкырдуу таякча жок. Бирок дароо колдоно баштаса иштеп кетчү куралдар жана принциптер бар", — деди Иванова.
Спортту дайыма карап, көз салып, машыктыруучулар жана спортчулар менен тыгыз байланышта жүргөн журналист ар дайым кызыктуу материалдарды биринчилерден болуп табат. Ал эми жаңы иштеп баштаган, аты тааныла элек журналист каармандын ишенимине ээ болуу үчүн ага эмне үчүн бул маек маанилүү экенин, кандай окуя баяндаларын, материал кайда жарыяланарын жана окурманга кандай пайда алып келерин ачык түшүндүрүп бериши зарыл.
Иванова ишенимге кирүү маселесине да токтолду. Эгер журналист маектешүүгө макулдашса даярданышы керек, ал эми материалга шилтеме жөнөтөм деп убада кылса, анда сөзсүз жибериши кажет. Спортчулар, машыктыруучулар, менеджерлер жана уюштуруучулар бири-бири менен байланышып турушат жана кимге ишенсе болорун жакшы билишет.
"Репутация бир күндө калыптанбайт, бирок аны жоготуп алуу заматта болуп кетчү нерсе", — деди журналист.
Анын айтымында, иш-чарада жалгыз журналист болсоң эле мыкты материал жасайсың деген кепилдик жок. Кээде жабык иш-чарадан эч нерсе табылбайт дагы, күндө болуп жүрчү машыгуудан кызыктуу учурлар чыгып калат. Эксклюзивдин маалыматтык, жеткиликтүү, адамдык, эксперттик жана автордук деп бөлүп жүргөн беш түрү бар. Алардын ичинен акыркы үчөө жеке брендди түзүүдө өзгөчө маанилүү.
"Медианын статусу эшикти ачышы мүмкүн, бирок ишенимге кепилдик бербейт", — деп журналист баса белгиледи.
Иванова тааныш-билиштин маанилүүлүгүн 2018-жылы Хабиб Нурмагомедовдон алган маектин мисалында көрсөттү. Анын айтымында, журналист спортчунун айланасындагы адамдар менен байланышты үзбөй, ал-жай сурашып турушу керек.
Уга билүү дагы маанилүү. Эгер спортчу финалдын алдында машыктыруучусу баарын өзгөртүп салганын айтса дароо токтоп, эмненин өзгөрүп кеткенин такташ керек.
Журналисттин жеке бренди — бул катталуучулардын саны же сулуу сүрөттөр эмес, анын кесипкөйлүгү жана элдин ишеними. Социалдык тармактар күзүгүдөй, тагыраагы, каарман маекке макул болордон мурун баракчаңызды карап чыгып, чечим кабыл алат.
Ошондой эле журналисттин жолу ар дайым бир калыпта өйдө көтөрүлө бербейт. Мисалы, Иванова өзү 2016-жылы штаттан тышкаркы кызматкер болуп баштап, кийинчерээк ар кандай телеканалдарда жана агенттиктерде автордук берүүлөрдү алып барып, продюсер болуп иштеп жүрүп, кийин кайра карьерасын баштаган жерине кайткан.
"Ар бир этап сага жаңы инструмент берет", — деди ал.
Мастер-класстын катышуучулары башка ЖМКларда жок уникалдуу спорттук окуяны табуу боюнча практикалык тапшырма алышты. Ал үчүн алар жаңылыктын себебин, каарманды, аны менен байланышуу жолун, үч негизги суроону жана материалдын формасын аныктоого тийиш.
SputnikPro долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жана медиакаражаттардын кызматкерлерине арналган. Катышуучулар кесибине керектүү заманбап чечимдерди үйрөнүп, тажрыйбалуу адистерден, эксперттерден сабак алышат.
2018-жылдан тарта SputnikPro 24 мамлекетте иштеди. 80 жолу онлайн-тартипте өттү. Баш-аягы бул долбоорго 12 700 адам катышты.
Кыргызстандан барып SputnikPro мастер-классына катышкан Аида Кудайкулова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2026
Иллюзиялык технологиялар кызык болду. Кудайкулова Москвадагы таасири менен бөлүштү
Жаңылыктар түрмөгү
0