https://sputnik.kg/20261119/tramp-zholugushuunu-tarykhiy-okuya-dedi-1105002464.html
Трамп: АКШ, Россия жана Кытай биргелешип өзөктүк куралдын жайылышына жол бербеши керек
Трамп: АКШ, Россия жана Кытай биргелешип өзөктүк куралдын жайылышына жол бербеши керек
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен үч тараптуу жолугушууну тарыхый... 19.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-19T15:23+0600
2026-11-19T15:23+0600
2026-11-19T15:23+0600
дүйнөдө
акш
россия
кытай
дональд трамп
владимир путин
си цзиньпин
тынчтык
сүйлөшүү
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1105000204_0:93:3312:1956_1920x0_80_0_0_aaf6e80f8c5ce82e9028d337c15c52b0.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен үч тараптуу жолугушууну тарыхый окуя деп атады. Ал үч өлкө ортосундагы пикир келишпестиктерге карабастан ымалага келип жана өзөктүк согуш коркунучун азайтуусу маанилүү экенин белгиледи. Трамптын айтымында, дүйнөдөгү өзөктүк куралы эң көп үч мамлекеттин жетекчилери жалпы коопсуздук маселелерин талкуулап, өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө үчүн биргелешип иштеши керек. АКШ президенти өзөктүк куралдын запасын кыскартуу маселесин да талкуулоо зарылдыгын айтты. Анын белгилешинче, миңдеген өзөктүк дүрмөттөрү бар мамлекеттер үчүн куралдан баш тартуу — татаал маселе. Ошол эле учурда үч өлкө өзөктүк куралдын жайылышына бөгөт коюп, анын кооптуу күчтөрдүн колуна түшүшүнө жол бербөө үчүн кызматташа аларына ишенерин билдирди. Трамп Украинадагы согушту да жолугушууда талкуулана турган негизги маселелердин бири катары атады. Анын айтымында, бул теманы Владимир Путин менен буга чейин кеңири сүйлөшкөн жана бардык тараптар жаңжалдын чечилишине кызыкдар. АКШ, Россия жана Кытай лидерлеринин жолугушуусу Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жатат.
https://sputnik.kg/20261119/putin-uch-taraptuu-zholugushuuda-1105000597.html
акш
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1105000204_291:0:3022:2048_1920x0_80_0_0_600784f3b5aff0f4a7e88adc95a5523b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, кытай, дональд трамп, владимир путин, си цзиньпин, тынчтык, сүйлөшүү
дүйнөдө, акш, россия, кытай, дональд трамп, владимир путин, си цзиньпин, тынчтык, сүйлөшүү
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин менен үч тараптуу жолугушууну тарыхый окуя деп атады. Ал үч өлкө ортосундагы пикир келишпестиктерге карабастан ымалага келип жана өзөктүк согуш коркунучун азайтуусу маанилүү экенин белгиледи.
Трамптын айтымында, дүйнөдөгү өзөктүк куралы эң көп үч мамлекеттин жетекчилери жалпы коопсуздук маселелерин талкуулап, өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө үчүн биргелешип иштеши керек.
"Биз дүйнөдөгү эң ири өлкөлөрдүн лидерлерибиз. Мамлекеттерибиздин гана эмес, бүтүндөй планетанын кызыкчылыгы үчүн сый-урматка негизделген диалог жүргүзүүгө милдеттүүбүз. Тынчтыкка сүйлөшүүдөн баш тартуу менен эч ким жетишкен эмес", — деди ал.
АКШ президенти өзөктүк куралдын запасын кыскартуу маселесин да талкуулоо зарылдыгын айтты. Анын белгилешинче, миңдеген өзөктүк дүрмөттөрү бар мамлекеттер үчүн куралдан баш тартуу — татаал маселе. Ошол эле учурда үч өлкө өзөктүк куралдын жайылышына бөгөт коюп, анын кооптуу күчтөрдүн колуна түшүшүнө жол бербөө үчүн кызматташа аларына ишенерин билдирди.
Трамп Украинадагы согушту да жолугушууда талкуулана турган негизги маселелердин бири катары атады. Анын айтымында, бул теманы Владимир Путин менен буга чейин кеңири сүйлөшкөн жана бардык тараптар жаңжалдын чечилишине кызыкдар.
АКШ, Россия жана Кытай лидерлеринин жолугушуусу Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жатат.