https://sputnik.kg/20261118/1104971233.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министр Нурдан Орунтаев курулушу создугуп кеткен социалдык объектилер качан бүтөрүн айттыРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду былтыр жалпы суммасы 239,4 млн долларлык... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T13:00+0600
2026-11-18T13:00+0600
2026-11-18T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104971067_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4c0f825c8d873489beb4af0714e94274.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министр Нурдан Орунтаев курулушу создугуп кеткен социалдык объектилер качан бүтөрүн айттыРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду былтыр жалпы суммасы 239,4 млн долларлык 76 долбоорду каржыладыБШК иш берүүчү кол алдындагылардын шайлоого келгенин кантип тактаарын түшүндүрдү
БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров иш берүүчү кол алдындагылардын шайлоого келип добуш берген-бербегенин кантип тактай турганын түшүндүрүп берди. Бүгүн БШКда президенттик шайлоого даярдануунун алкагында добуш берүү системасы сыноодон өттү. Шайлоо боюнча жаңы мыйзамдарга ылайык, добуш берүү иш күнүнө коюлат. Мисалы, алдыдагы президенттик шайлоо шаршемби күнгө бекиген. Бул күн дем алыш болгону менен жумушу барлардын айлыгы кадимкидей эсептелет. Иш берүүчү маянаны кесип салбашы үчүн жумушчу добуш бериши керек."Сиз кызматкериңизди текшериш үчүн бизге сурам жөнөтөсүз. Мисалы, кимиси шайлоого катышты же катышкан жок, тактап бергилечи" десеңиз, биз тактап беребиз. Кимдин айлыгын кесет, кимдикин кеспейт, иш берүүчү ошого карап чечет. Муну шайлоодогу активдүүлүктү көтөрүү үчүн киргиздик", — деди Шайназаров.Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Быйылкы жылы республика аймагындагы курулушу создугуп кеткен бардык социалдык объектилердин тагдыры чечилип, аягына чыгат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Ага депутат Улукбек Карыбек уулу курулушу аягына чыкпай жаткан социалдык объектилер боюнча суроо берген."Республиканын аймагында курулушу создугуп кеткен көптөгөн имараттар бар болчу, быйыл аягына чыгабыз, болгону иши сотто каралып жаткан 3-4 гана объект калып калышы мүмкүн. Президенттин тапшырмасы боюнча, мындан ары курулуш создукпай, 1-1,5 жылдын ичинде соңуна чыгышы керек", — деди министр.Орунтаевдин сөзүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев толуктап, азыр негизги көңүл дал ошондон башталып, бирок бүтпөй жаткан объектилерге буруларын, алар бүтмөйүнчө жаңы курулуштар башталбай турганын кошумчалады.Ушул тапта парламетте 2027-жылдын бюджет долбоору каралып жатат.
Онлайн курс саткандар билими жана тажрыйбасы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн ЖК депутаты Улан Примов акы төлөнүүчү онлайн курстарды саткан жана окуткан адамдарга жаңы талап киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбооруна ылайык, алар кардардан акча алардан мурда кайсы окуу жайдан билим алганын, адистигин, кошумча окууларын, сертификаттарын жана иш тажрыйбасын көрсөтүшү керек. Эгер тиешелүү билими же тажрыйбасы жок болсо, бул тууралуу да ачык айтууга милдеттүү. Ошондой эле кыска мөөнөттүү курстардын жана семинарлардын сертификатын жогорку билим тууралуу документ катары көрсөтүүгө жол берилбейт. Долбоордо курсту компания же жеке ишкер уюштурса, сабакты түздөн-түз өтө турган мугалимдин билими жана тажрыйбасы тууралуу маалымат берилиши керектиги да каралган.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду былтыр жалпы суммасы 239,4 млн долларлык 76 долбоорду каржылады Бул тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев парламентте билдирди. “20 долбоор иштеп баштады. Алардын арасында Ысык-Көл облусундагы күн электр станциясы жана Чүйдөгү цемент заводу бар”, — деди ал. Жалпысынан фонд ушул убакка чейин 1,3 млрд долларлык 3 842 долбоорго каражат бөлгөн.
Министр Нурдан Орунтаев курулушу создугуп кеткен социалдык объектилер качан бүтөрүн айттыРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду былтыр жалпы суммасы 239,4 млн долларлык 76 долбоорду каржыладыБШК иш берүүчү кол алдындагылардын шайлоого келгенин кантип тактаарын түшүндүрдүБШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров иш берүүчү кол алдындагылардын шайлоого келип добуш берген-бербегенин кантип тактай турганын түшүндүрүп берди. Бүгүн БШКда президенттик шайлоого даярдануунун алкагында добуш берүү системасы сыноодон өттү. Шайлоо боюнча жаңы мыйзамдарга ылайык, добуш берүү иш күнүнө коюлат. Мисалы, алдыдагы президенттик шайлоо шаршемби күнгө бекиген. Бул күн дем алыш болгону менен жумушу барлардын айлыгы кадимкидей эсептелет. Иш берүүчү маянаны кесип салбашы үчүн жумушчу добуш бериши керек."Сиз кызматкериңизди текшериш үчүн бизге сурам жөнөтөсүз. Мисалы, кимиси шайлоого катышты же катышкан жок, тактап бергилечи" десеңиз, биз тактап беребиз. Кимдин айлыгын кесет, кимдикин кеспейт, иш берүүчү ошого карап чечет. Муну шайлоодогу активдүүлүктү көтөрүү үчүн киргиздик", — деди Шайназаров.Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.Быйылкы жылы республика аймагындагы курулушу создугуп кеткен бардык социалдык объектилердин тагдыры чечилип, аягына чыгат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Ага депутат Улукбек Карыбек уулу курулушу аягына чыкпай жаткан социалдык объектилер боюнча суроо берген."Республиканын аймагында курулушу создугуп кеткен көптөгөн имараттар бар болчу, быйыл аягына чыгабыз, болгону иши сотто каралып жаткан 3-4 гана объект калып калышы мүмкүн. Президенттин тапшырмасы боюнча, мындан ары курулуш создукпай, 1-1,5 жылдын ичинде соңуна чыгышы керек", — деди министр.Орунтаевдин сөзүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев толуктап, азыр негизги көңүл дал ошондон башталып, бирок бүтпөй жаткан объектилерге буруларын, алар бүтмөйүнчө жаңы курулуштар башталбай турганын кошумчалады.Ушул тапта парламетте 2027-жылдын бюджет долбоору каралып жатат.Онлайн курс саткандар билими жана тажрыйбасы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн ЖК депутаты Улан Примов акы төлөнүүчү онлайн курстарды саткан жана окуткан адамдарга жаңы талап киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбооруна ылайык, алар кардардан акча алардан мурда кайсы окуу жайдан билим алганын, адистигин, кошумча окууларын, сертификаттарын жана иш тажрыйбасын көрсөтүшү керек. Эгер тиешелүү билими же тажрыйбасы жок болсо, бул тууралуу да ачык айтууга милдеттүү. Ошондой эле кыска мөөнөттүү курстардын жана семинарлардын сертификатын жогорку билим тууралуу документ катары көрсөтүүгө жол берилбейт. Долбоордо курсту компания же жеке ишкер уюштурса, сабакты түздөн-түз өтө турган мугалимдин билими жана тажрыйбасы тууралуу маалымат берилиши керектиги да каралган.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду былтыр жалпы суммасы 239,4 млн долларлык 76 долбоорду каржылады Бул тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев парламентте билдирди. “20 долбоор иштеп баштады. Алардын арасында Ысык-Көл облусундагы күн электр станциясы жана Чүйдөгү цемент заводу бар”, — деди ал. Жалпысынан фонд ушул убакка чейин 1,3 млрд долларлык 3 842 долбоорго каражат бөлгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104971067_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bc9462d0550b6aa881037e7cdbc32733.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио