https://sputnik.kg/20261118/1104973544.html
Эксперт: Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация 2008-жылдан бери болгон эмес
Эксперт: Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация 2008-жылдан бери болгон эмес
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация кайтып келди. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Курулуш жана курулуш материалдары өнөр жайынын кызматкерлеринин... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T15:04+0600
2026-11-18T15:04+0600
2026-11-18T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104973374_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_33187dbc8cba47989f4884b50794fb93.jpg
Эксперт: Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация 2008-жылдан бери болгон эмес
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация кайтып келди. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Курулуш жана курулуш материалдары өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы, эмгек укуктары боюнча эксперт Элдияр Карачалов билдирди.
Анын айтымында толук кандуу индексация 2008-жылдан бери болгон эмес жана бул механизмдин иштей баштоосу коом үчүн абдан пайдалуу.
“1991-жылы индексация боюнча атайын мыйзам кабыл алынган. Бирок 2008-жылы ал мыйзам күчүн жоготкон. Ал эми Эмгек кодексинде индексация маселесине байланыштуу айрым нормалар каралган. Тактап айтканда, жумуш берүүчү жамааттык келишимге эмгек акыны индексациялоо маселесин киргизе алмак. Бирок бул анын өз эркине байланыштуу болчу. Азыр болсо республика боюнча менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик, жеке жана бюджеттик мекемелерде иштей турган механизм киргизилди. Бул норма аркылуу 18 жылдан бери токтоп турган, бул абдан зарыл чара болчу. Тиешелүү норма Эмгек кодексинин 91-беренесине киргизилди. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы инфляциянын деңгээлине жараша индексацияланат. Бул үчүн Министрлер кабинети токтом кабыл алат. Ал эми жеке сектордо эмгек акыны индексациялоо маселеси локалдык ченемдик актылар аркылуу жөнгө салынат. Башкача айтканда, жеке иш берүүчүлөр индексацияны өздөрү аныктаган тартипте жүргүзө алышат”, — деди Карачалов.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров кызматкерлердин эмгек акысын индексациялоо боюнча №152 мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренеси жаңы 9-бөлүк менен толукталып, мамлекеттик эмес сектордогу иш берүүчүлөргө керектөө бааларынын өсүшүн эске алуу менен айлык акыны индексациялоо тартибин аныктоо милдети жүктөлдү.
Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация кайтып келди. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Курулуш жана курулуш материалдары өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы, эмгек укуктары боюнча эксперт Элдияр Карачалов билдирди.Анын айтымында толук кандуу индексация 2008-жылдан бери болгон эмес жана бул механизмдин иштей баштоосу коом үчүн абдан пайдалуу.“1991-жылы индексация боюнча атайын мыйзам кабыл алынган. Бирок 2008-жылы ал мыйзам күчүн жоготкон. Ал эми Эмгек кодексинде индексация маселесине байланыштуу айрым нормалар каралган. Тактап айтканда, жумуш берүүчү жамааттык келишимге эмгек акыны индексациялоо маселесин киргизе алмак. Бирок бул анын өз эркине байланыштуу болчу. Азыр болсо республика боюнча менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик, жеке жана бюджеттик мекемелерде иштей турган механизм киргизилди. Бул норма аркылуу 18 жылдан бери токтоп турган, бул абдан зарыл чара болчу. Тиешелүү норма Эмгек кодексинин 91-беренесине киргизилди. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы инфляциянын деңгээлине жараша индексацияланат. Бул үчүн Министрлер кабинети токтом кабыл алат. Ал эми жеке сектордо эмгек акыны индексациялоо маселеси локалдык ченемдик актылар аркылуу жөнгө салынат. Башкача айтканда, жеке иш берүүчүлөр индексацияны өздөрү аныктаган тартипте жүргүзө алышат”, — деди Карачалов.Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров кызматкерлердин эмгек акысын индексациялоо боюнча №152 мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренеси жаңы 9-бөлүк менен толукталып, мамлекеттик эмес сектордогу иш берүүчүлөргө керектөө бааларынын өсүшүн эске алуу менен айлык акыны индексациялоо тартибин аныктоо милдети жүктөлдү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104973374_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4af4c205bec7d49f2caa7e8767cf249d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Эксперт: Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация 2008-жылдан бери болгон эмес
15:04 18.11.2026 (Жаңыртылды: 15:16 18.11.2026) Коноктор
Элдияр Карачалов, Курулуш жана курулуш материалдары өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы, эмгек укуктары боюнча эксперт