https://sputnik.kg/20261119/putin-uch-taraptuu-zholugushuuda-1105000597.html
Путин Россия, Кытай жана АКШ дүйнөдөгү тынчтыкты сактоого жооптуу экенин айтты
Путин Россия, Кытай жана АКШ дүйнөдөгү тынчтыкты сактоого жооптуу экенин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия, Кытай жана АКШ эл аралык тынчтыкты, дүйнөдөгү коопсуздукту сактоо үчүн биргелешип жоопкерчилик... 19.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-19T15:01+0600
2026-11-19T15:01+0600
2026-11-19T15:16+0600
дүйнөдө
россия
акш
кытай
владимир путин
си цзиньпин
дональд трамп
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1105001189_0:129:3181:1918_1920x0_80_0_0_df1269eaacd9663c675b845e9586fe1d.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия, Кытай жана АКШ эл аралык тынчтыкты, дүйнөдөгү коопсуздукту сактоо үчүн биргелешип жоопкерчилик тартарын билдирди. Бул тууралуу ал Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамп менен үч тараптуу жолугушууда сүйлөп жатып айтты. РФ лидери белгилегендей, үч өлкөнү Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш гана эмес, эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы жоопкерчилик да бириктирет. Россия да, АКШ да, Кытай да Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлүшүнө негиз салган мамлекеттердин катарына кирет. Путин үч өлкө глобалдык жана аймактык экономикалык байланыштарды, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту да талкуулашы керектигин белгиледи. Ошондой эле ал тараптардын аймактык жаңжалдарды жөнгө салууда, анын ичинде Украина чырын чечүүдө да орток кызыкчылыктары бар экенин айтты. Мындан тышкары, эл аралык терроризм жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселелерин атады.
https://sputnik.kg/20261119/putin-menen-tramp-kytayda-zholuktu--1104988181.html
акш
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1105001189_226:0:2955:2047_1920x0_80_0_0_a65c3524a628f42e4a28c1cda9c28aae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, кытай, владимир путин, си цзиньпин, дональд трамп
дүйнөдө, россия, акш, кытай, владимир путин, си цзиньпин, дональд трамп
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия, Кытай жана АКШ эл аралык тынчтыкты, дүйнөдөгү коопсуздукту сактоо үчүн биргелешип жоопкерчилик тартарын билдирди. Бул тууралуу ал Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамп менен үч тараптуу жолугушууда сүйлөп жатып айтты.
РФ лидери белгилегендей, үч өлкөнү Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш гана эмес, эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы жоопкерчилик да бириктирет. Россия да, АКШ да, Кытай да Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлүшүнө негиз салган мамлекеттердин катарына кирет.
Путин үч өлкө глобалдык жана аймактык экономикалык байланыштарды, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту да талкуулашы керектигин белгиледи.
"Россия, Кытай жана АКШ өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоо менен конструктивдүү кызматташса, дүйнөдөгү коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө олуттуу салым кошо алат", — деди РФ лидери.
Ошондой эле ал тараптардын аймактык жаңжалдарды жөнгө салууда, анын ичинде Украина чырын чечүүдө да орток кызыкчылыктары бар экенин айтты. Мындан тышкары, эл аралык терроризм жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселелерин атады.