00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Будь в курсе
Афганистан, кибератаки и парадокс запретов: политолог Аксенов о новых угрозах для региона
20:05
40 мин
Эхо дня
Почему Дед Мороз празднует день рождения 18 ноября?
20:51
8 мин
Ачык кеп
Эксперт: Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация 2008-жылдан бери болгон эмес
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Өлкөдө жол тармагына быйылкы жылга 69 миллиард сом каралып, анын ичинен 56,4 миллиард сом каржылануу менен 1 883 чакырым жолго асфальт төшөлдү, бул өткөн жылга караганда 1,2 эсеге көп. Бул тууралуу маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы жол тармагына 57 млрд сом жумшалып, 1 миң 545,7 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлгөн. “Ири автожол долбоорлорунун бири — Барскоон–Бедел жолунун курулушу. Учурда бул долбоорго 1 миң 700дөн ашык жумушчу жана 814 атайын техника тартылган. Туннелдерди казуу иштери жүрүп жатат. Негизги курулушту 2029-жылы аяктап, жолду 2030-жылы толук пайдаланууга берүү пландалууда”, — деди Адылбек Касымалиев. Ошондой эле Бишкек шаарынын 33,4 чакырымдык түндүк айланма жолу кеңейтилип, 16 чакырымдык чыгыш айланма жолу курулууда. Долбоорлордун алкагында эстакадалык көпүрөлөр жана жаңы жол түйүндөрү салынып, транзиттик каттамдардагы жол тыгындарын азайтуу каралган.
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын тогуз айында мамлекеттик жеңилдетилген насыялоо программалары аркылуу 10 миң 476 дыйкан-фермерге жалпы 11,9 млрд сом каржылык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен “Айыл чарбасын каржылоо-14” долбоорунун алкагында 5,4 млрд сом, агроөнөр жай комплексин насыялоого 5,3 млрд сом жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, айыл чарба техникаларын жаңылоо багытында 2025-жылы лизингдик долбоорлор аркылуу 9,8 млрд сомго 2 миң 853 техника берилген. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 5,8 млрд сомго дагы 1 миң 975 айыл чарба техникасы тапшырылган. Ошондой эле 1-октябрда Кыргызстанда иштелип чыккан алгачкы спутник космоско учурулганы да маалымдалды. Ал эми айыл чарба жерлерин изилдөө үчүн 12 дрон колдонулган. Спутниктен жана дрондордон алынган маалыматтар жайыттарды калыбына келтирүү иштеринде пайдаланылат.
Россиянын, Кытайдын жана АКШнын лидерлери Владимир Путин, Си Цзиньпин, Дональд Трамп АТЭС саммитинин алкагында Шэньчжэнь шаарында жолукту.Бул Си Цзиньпин уюштурган сый тамак учурунда болду. Алар кол алышып, турган жеринде сүйлөштү. Путин Шэньчжэнге кечээ келип түшкөн. Бүгүн иштиктүү саммитте сүйлөп, Кытай лидери менен диалог курду. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков эки башчы саммиттин жүрүшүндө ар кыл форматта бир нече жолу жолугушу мүмкүндүгүн билдирди. Ушаковдун айтымында, пландалып жаткан үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө дүйнөдөгү ири державалардын өз ара мамилеси жана алардын эл аралык көйгөйлөрдү жөнгө салуудагы ролу өңдүү бир катар маселелер кеңири талкууланат. Ушаков кошумчалагандай, көпчүлүк бул жолугушуудан жакшы жыйынтыктарды күтүп жатат. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков россиялык тарап бул жолугушуудан маңыздуу жана пайдалуу пикир алмашууну күтөрүн баса белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0